Он бешинчи сан

Мазмуну
<<Зинага жакын жолобогула!
Анткени ал өтө ыплас,жаман жол>>(Исра сүрөсү,32-аят).
Дин Исламда никеден сырткаркы жыныстык катнаш «зина» деп аталып, арам өкүмүндөгү оор күнөө болуп эсептелет.
Ислам дини адамдын табигый муктаждыктарына, анын ичинен жыныстык муктаждыгына карата кайдыгер мамиле жасабайт.
Ал шарияттын негизинде баш кошуп коломто отун тутандырып кетүүнү буйурат.
Бул өңүттөн Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) жыныстык катнаштан такыр оолак болууга тыйуу салган (Бухари, Никах, 8).
Баш кошуу жеке адам өңүтүнөн сүннөт болсо да, жалпы коомчулук өңүтүнөн парз-ы кифая болуп саналат.
Себеби муундун уланышы талашсыз талап.
Ырасында, адам баласы өз жубайы менен бейпилдикке жетет.
Бул адамдын табиятына да, адамдык аруулукка да шайма-шай келет.
Ал жыныстык муктаждыгын адал жол менен, б.а. шарият мыйзамына ылайык нике жолу менен орундашы керек.
Адамдык бийик сапаттарга бай киши баласы делебе-арзуусунун артынан сая кууп, напсинин туткунуна айланбашы кажет.
Куран менен сүннөт ошол себептен адам баласын үй-бүлө курууга чакырат.
Адам жыныстык катнашты же башка напсилик арзууларды жашоонун эң маанилүү жападан-жалгыз түркүгү катары кабылдабашы кажет. Напсилик арзууларга туткун болуу жеке адамга да, жалпы коомчулукка да зыянын тийгизет.
Мусулман баласы табигый муктаждыктарын адал жол менен камсыздап, Жаратканга жакын кулпенде болууга, Алланын алдына жарык жүз менен барууга күчүнүн жетишинче жанүрөй аракет кылышы кажет. Аял болобу, эркек болобу, айтор, ар бир адам өзүнүн намысына бекем туруп, адамдык аруулугун сакташы керек.
Исламда зинанын өзүнө да, зинага жол ача турган жагдайларга да тыйуу салынган.
Ошондуктан мусулман адам эң ириде намысын сактап, адамдардын напсилик арзууларын ойготпой турган таризде кийинип, аял болсун, эркек болсун, көздү арамдан оолак тутуп коргошу зарыл.
Нур сүрөсүндө мындай буюрулат: «(Мухаммед!) Момундарга айткын:
«(Ар кайсыл аялдарды карай берүүдөн) көздөрүн сакташсын, уяттуу жерлерин (жыныстык катнаштан) сактасын!
Бул (күнөөдөн таза жүрүүлөрү үчүн) өздөрүнө эле жакшы. Арийне, Алла Таала ар бир ишиңерден Кабардар!»
Момун аялдарга да айткын: «(Ар кайсыл эркекти карай берүүдөн) көздөрүн сакташсын жана алар да уяттуу жерлерин (жыныстык катнаштан) сактасын!
Сулуулуктарын көрсөтпөсүн, (шариятта уруксат берилген) көрүнүп турган жерлеринен башкасын.
Жоолуктарын көкүрөгүнө чейин жаба салынышсын!...» (Нур сүрөсү, 30-31) Мына ошентип Ислам дини зинанын алдын алуу үчүн ар түрдүү чараларды көргөн.
Зина коомчулукта сойкулуктун жайылышына, коомдун бузулушуна, үй-бүлө коломтосунун өчүшүнө, күнөөсүз балдардын ата-энесиз чоңойушуна, мындай балдардын туура эмес жолдорго түшүүгө ийкемдүү болушуна, тукумдун бузулушуна, тууган-туушкандык байланыштардын үзүлүшүнө, жугуштуу оорулардын көбөйүшүнө, аялзатынын буйум сыяктуу сатылып-кордолушуна, адамдык аруулугун жоготуп ар-намыссыз өмүр кечирүүлөрүнө, «адамдык сапат» дегенди укканда жомок катары кабылдап күлкүсү чыгып калышына ж.б.у.с. толуп жаткан терс көрүнүштөргө жол ачат.
Бул багытта Жараткан Алла адам баласынын түбөлүк бактысы үчүн жөнөткөн Ыйык Куран китебинде: «Абайлагыла! Зинага жакын жолобогула!
Анткени ал өтө ыплас жаман жол» (Исра сүрөсү, 32) деп буюрган.