Он бешинчи сан

Журналдын он бешинчи саны

Мазмуну

Ааламдашуу-адамзат көйгөйү

"Коом болмушунун жашоо жана өнүгүү
стихиясындагы инсандын акыл-эси, нравасы
адам баласын кандайдар бир философиялык,
диний ой толгоого түртпөй койбойт. Эмне үчүн
деген суроонун өзүнө жооп тапсаң, ал кайра
эмне үчүндү жаратат."

Коом биосоциалдык бир бүтүн система катары каралып өзгөчө мыйзам ченемдүүлүккө ээ.

Анын өнүгүшү жөнөкөйдөн татаалга, төмөндөн жогору карай мүнөздө болуп, коомдук кыймылдын механизмдери адам фактору менен байланышкан.

Адам фактору демекчи – бул ар бир коомдук системада түрлүү шарттуулуктар жана процесстердин натыйжалары катары, жаратылышка, коомдун материалдык, руханий абалына оң таасирин тийгизип илгери сүйрөшү мүмкүн, ошол эле учурда терс таасирин тийгизип артка тартышы да мүмкүн. Коомдогу болуп жаткан жана болгон процесстер адам факторунун суммасы катары геометриялык процесске келип такалат. Эң башкысы инсандын биосоциалдык системадагы акылы, кулк-мүнөзү, нравалык мамилелери. Адамзаттын ар бир өнүгүш баскычы проблеманы жаратып туңгуюкка алып келиши да мүмкүн, же болбосо ачык бир жолго салышы да мүмкүн. Өткөн тарыхка кылчайып карасак, нелер гана болбогон. Коомдук жана жаратылыштык катаклизмдерге өтө бай. Өзгөчө жыйырманчы кылымда илим менен техниканын, технологиянын өнүгүшү адамзатка өзгөчө бир мүнөздөгү жалпы трагедияны алып келбеди, коомдун өнүгүшүн, багыттарын тездетпеди.

ХХ кылымдын тарыхтагы ордун дүйнөлүк согуштар менен жана коомдун эки башка системасынын пайда болуп, анын 90-жылдардын башында ыдырашы менен байланыштырып, алардагы окуяларды көз алдыбызга тартып, бираз ой жүгүртсөк, инсан жана инсаният не деген ааламат акыл-эс сыя турбаган трагедияларды башынан өткөрбөгөн.

Коом болмушунун жашоо жана өнүгүү стихиясындагы инсандын акыл-эси, нравасы адам баласын кандайдар бир философиялык, диний ой толгоого түртпөй койбойт. Эмне үчүн деген суроонун өзүнө жооп тапсаң, ал кайра эмне үчүндү жаратат.

Кечээ эле социалисттик система биринин аркасынан бири кыйрап, адам укугун тепсеген административно-тоталитардык бийлик ыдырап, тарыхтын таштандысында калып жаңы доорго умтулуу башталганда «өх» деген кандайдыр бир улутунуу болгон.

Бул сөз өткөнгө карата айтылганбы же болбосо келечектин туруксуздугуна, шектүүлүгүнө багышталганбы туюнтуп айтуу белгисиз.

А бүгүн чырмалып, чиелешкен проблемадан чыга албаган ааламдашуу (глобализация) саясатына келип такалдык. Анын проблемалары чоң жана кичине улуттун келечек тагдырына карабай, ойлогон оюнан жеген тамагына чейин өзүнүн таасирин тийгизүүдө.

Ааламдашуу деген эмне?

Бул саясаттын негизин базар экономикасы түзүп, ал адамзатты кандайдыр бир окшоштукка, бир жактуулукка, жалпылыкка багыттайт.

Бирок бардык мамлекеттер бир мезгилде тең кире алабы, бул башка маселе.

Майда улуттун алдыңкы интеллигенциясын ойлонткон суроо «Биз эмне жана ким болобуз?».

Ааламдашууга кирүү шартпы же шарт эмеспи?

Ааламдашуунун келечеги биз үчүн белгисиз.

Бирок, башталыш этабы адамзатты иренжитүүгө, келечектен түңүлтүүгө, пессимисттик психологияга түрткү берүүдө.

Биздин оюбузча ааламдашуунун эң башкы факторлорунун бирине массалык маалымат информациясы кирсе, экинчи жагына базар экономикасы.

Азырынча бул экөө инсандарга карата деградация функцияларын аткарууда.

ММК жана базар экономикасы коомдун башкы фундаменти саналган адеп-ахлакка терс таасир тийгизип өсүп келе жаткан муундарды жаман жолго түшүрүп бөлүп жаруу кулачын жайууда.

Адеп-ахлактын бузулуусунун натыйжасында, өткөн бир чакта улуттар, империялар жок болгон.

Биздин Кыргызстандагы улуу-кичүүнүн адеп-ахлагынын бузулушу ар бирибизди ойлонтпой койбойт.

Канткенде биз руханий дөөлөтүбүздү, ыйык ишенимибизди, салт-санаабызды, үрп-адаттарыбызды, улуттук белгилерибизди сактап кала алабыз?

Эмне үчүн кээ бир мамлекеттер, улуттар ааламдашууга көңүлкоштук мамиле кылууда?

Коомдогу ар кандай бузукулуктун формаларын, типтерин эмне түзөт? Экономикабы, социалдык абалбы же бийликтин мажестигиби, же адамдын өзүнүн генасында кандайдыр бир четтөө (уклонение) барбы?

Экономиканы, социалдык абалды жакшыртып, динди жайылтуу менен биз кутула алабызбы?

Жогорудагы суроолорго окурмандар жооп айтаар, убакытка жараша мен дагы бир кайрылаармын.

Башына