Он бешинчи сан

Журналдын он бешинчи саны

Мазмуну

Кабарлар

Диний уюмдар дагы ВИЧ/СПИД ке каршы

Кыргызстанда 2004-жылдан бери аялдардын «Хадисы» аттуу прогрессивдуу коому иштеп келе жатат. Бул коом 2008-жылдын 25-июнунда борбор калаабыздагы «Ысык-Көл» мейманканасында «Диний коомдор, жаштар жана аялдар арасында ВИЧ/СПИД инфекциясынын профилактикасы» деп аталган проекттин жыйынтыктоочу тегерек столун өткөрдү. Аталган тегерек столдун максаты тууралуу «Хадисы» коомунун жетекчиси Мусуралиева Салтанат бизге буларды айтып берди: «Бүгүнкү тегерек стол жыйынын биз ВИЧ /СПИД, туберкулез жана малерия ооруулары менен күрөшүү максатында өткөрдүк. Биз муну Глобалдык фондунун гранты боюнча уюштурдук.

2005-2006 жылдарда биз Бишкек шаары боюнча изилдөөлөрдү жүргүздүк: Азыр болсо Чүй жана Жалалабад областтарында диний коомдордун ВИЧ/СПИД көйгөйү тууралуу маалыматтары барбы; бул оорууда профилактика чараларын жүргүзүү; ооруунун алдын алуу жолдору жөнүндө маалыматтары барбы; бул маалыматтарды кайдан жана кантип алса болот; кайсы жерлерден текшерилүүдөн өтсө болот жана жалпысынан бул ооруу жөнүндө базалык кандай маалыматтары бар – мына ушул аталган суроолор боюнча изилдөөлөр жүргүзүлдү. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында калктын, диний коомдордун ВИЯ/СПИД оорусу боюнча маалыматы абдан төмөн экендигин билдик. Бул каргашалуу ооруну жугузууда жаштар эң жогорку көрсөткүчкө ээ. Экинчиден, аялдардын бул тууралуу маалыматы өтө аз. Бишкек шаарында аялдардын мечитке барууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Ал эми Жалалабад, Ош облустарында аялдар мечиттерге бара алышпайт. Жаман жолдор, алардын кесепети саналган ВИЧ/СПИД ооруусу тууралуу маалыматты ала турган жерлери жок. Өлкөбүздөгү ВИЧ/СПИД ооруусу менен күрөшүп жаткан көптөгөн уюмдар жана биздин бирикме бул көйгөйдөн шарияттын, диний бирикмелердин жардамы менен арыла алабыз деген ойго келип, учурда диний коомдор менен чогуу-чаран иш алып барып жатабыз. Диний коомдор Исламдын мыйзамдарын, Куранды, хадистерди билишет. Биз алардын жардамы менен жаштарга Алла Таала эмнеге уруксат берет, эмнеге уруксат бербейт, ушуларды түшүндүрүү менен аларды тарбиялоого аракет кылабыз. Чынын айтайын, учурда биз диний жогорку билими бар инсандарыбыз тарабынан чон колдоого арзып, алардын жардамы аркылуу бир топ ийгиликтерди багынта алдык.

Эң кейиштүү экинчи маселе, сойку кана ачылса салык төлөмдөрү артып, каржылык кирешелердин көбөйөрү тууралуу биздин парламентте сөздөр болуп, ал тургай муну мыйзамдаштыруунун жолдорун издеп жатышат. Бул маселе дагы бүгүнкү тегерек столдо козголуп кетип, келген мекендештерибизди бир топ түйшөлтүп салды. Бирок, мен мындай мисал келтирейин, учурда биздин каржы адистер алкоголдук ичимдик өндүрүү тармагынын өнүгүп жаткандыгына кубанып жатышат, кирешени кадимкидей жыргап санап жатышат. Эч кимиси канчалаган жаштардын, ата-энелердин арактын айынан турмушу бузулуп, ал тургай кан төгүлүп, далай кылымыштардын көбөйүп жатканы тууралуу ойлогон жери жок. Эми, жанакындай мыйзамды кабыл алып, сойку кананы ачуу менен көптөгөн жаш кыздардын, алардын ата-энелеринин турмушуна, абийирине балта чабыларын, эл-журтубуз арам кирешеден азыктанарын кимиси ойлоп жатты болду экен?! Мен албетте мындай жолду туура эмес деп эсептейм».

Башына