Он бешинчи сан

Мазмуну
Өлкөнүн расмий аты - Казакстан республикасы. Казакстан Орто Азия менен чыгыш Европанын ортосунда жайгашкан. 2.727.300 км 2 аянт жерге ээ болуп, дүйнө жүзүндө аянтынын чоңдугу боюнча тогузунчу орунда турат. Түндүгүнөн Россия, түштүгүнөн Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кыргызстан, чыгышынан Кытай эле республикасы менен чектеш. Көз карандысыздыгына чейинки, тагыраак айтканда, 1989-жылкы каттоодо элинин саны 16.464.000 адам болсо, 2006-жылкы каттоодо бул көрсөткүч 1.164.000ге кыскарып, 15.300.000 адамды түзгөн. Бүгүнкү күнү Казакстан дүйнөдө калкынын саны боюнча 62-орунда турат.
Казак улутунун пайда болушу: Алтын Ордо мамлекети кулагандан кийин Дешт-и кыпчак жергесиндеги түрк уруулары Ногой Хандын хандыгына баш калкалап, Ногой кагандыгын түзүшкөн. Убакыттын өтүшү бул кагандык Казак хандыгы деген аталыш менен 1465-жылдан 1847-жылга чейин Кыргыз жериндеги уруулардын атына айланган. Казак хандыгы бүгүнкү Казакстандын чөлкөмүндө «улуу жүз» «орто жүз» жана «кичи жүз» деген үч бөлүктөн турган. Бул жүздөр хандын балдары тарабынан башкарылган. 1771-жылдан баштап береги жүздөр бири-биринен көз карандысыз аракет кыла башташкан.
1770-жылдын акырында казак жүздөрү күчтүү орус империясы менен кытайдын ортосундагы тирешүүнүн ортосунда калган. 1847-жылы казак ханы Кененсарынын учурунда орустар казак жүздөрүнө толугу менен үстөмдүгүн тургуза алышкан. 1863-жылы Орто Азияда «Орус башкармалыгы» курулуп, өлкөнү майда-майда бөлүктөргө бөлүшкөн.
Бул учурда орустар бүгүнкү казактардын чөлкөмүн «казак кыргыздары хандыгы» (б.а. кыргыздын казагы хандыгы) деп аташкан. 1900-жылдары орус көчмөндөрүнүн агымы көбөйүп Кыргыз жерлерине отурукташкан. 1906-жылы Орто Азия менен Орусияны бириктирген темир жолу курулган.
1912-1917-жылдары саясий себептер менен ачарчылык күч алып, орус өкмөтүнө каршы Орто Азияда көтөрүлүш башталган. 1917-жылы Орусияда төңкөрүш болуп, Орто Азияда белгилүү деңгээлде эркиндик орногон.
1917-1920-жылдардын аралыгында илгерки казак жүздөрү биригип эркин «Алаш Ордо мамлекетин» курушкан. Өкмөттүн башына Аликхан Бокейханов келип, борбору Семей шаары болгон. Бул өкмөт үч жыл гана жашаган. 1920-жылдан баштап СССР доору башталган.
1920-жылы Орто Азияда орустар советтер союзун түзүшкөн. Орус өкмөтү бүгүнкү Казакстанда курулган мамлекетти «Кыргыз АССРи» деп аташкан. 1925-жылы орус өкмөтү кайра береги Кыргыз АССРин «Казакстан АССРи» деп өзгөрткөн.
Алгачкы жылдары Оренбург шаары Казакстандын карамагында болсо да, кийин Орусиянын карамагына кирип калган. Өлкө 1936-жылы «автономдуу» сөзү алынып салып «Казакстан ССРи» деп аталган. 1924-жылдан 1934-жылга чейин жер иштетүү маселесине байланыштуу бир катар көйгөйлөр жараян этип, көптөгөн казактар уйгурлардын жерине журт которушкан.
Экинчи дүйнөлүк согушта чоң жоготууга учурап, оор машакаттарды башынан өткөргөн Казакстан ССРи СССР доорунда жер иштетүү саясатынын борборуна айланган. 1990-жылы жараян эткен экономикалык жана саясий кыйчалыштардын (кризистердин) жыйынтыгында СССРдин кулашынан кийин 1991-жылы көз карандысыздыгын алып, дүйнөлүк аренада өз ордун тапты.
Казакстан 2,7 миллион км² жери менен дүйнө жүзү боюнча тогузунчу орунду ээлейт. Казакстан учурда бул жери менен бүтүндөй Батыш Европа мамлекеттери ээлеген жерден да чоң. Борбор калаасы Астана шаары. Чоң шаарларынан Алматы, Караганда,
Чымкент, Семей, Акмоло, Шевченко, Байконур жана Түркстан шаарларын эскерүүгө болот. Калктын %80 мусулман, %10 буддист, %9 атеист жана %1 башка ишенимдерди карманышат.
Өлкөдө жайгашкан көлдөр: Балхаш көлү, Арал көлү. Маанилүү дарыялары: Иле дарыясы, Иртыш дарыясы, Ишим дарыясы жана Урал дарыясы.
1926-жылы Казакстанда 3,713,000 адам катталса, 1959-жылкы каттоодо бул көрсөткүч 1 миллион адамга кыскарган. 1989-жылкы каттоодон (16,464,000 адам) кийин 10 жыл аралыгында жылдык орточо 1 пайыздык кыскаруу байкалып, 1999-жылкы каттоодо 14,953,000 адам катталган. 2000-2001-жылдары да кыскаруу жараяны уланса да, 2003-2004-жылдары бул жараян басаңдап, кайра % 0.7 өлчөмүндө жогорулап, калктын саны 14,951,000ге жеткен. Ал эми эң акыркы 2006-жылкы каттоодо 15.300.000 адам каттоодон өткөн.
Эгемендүүлүк менен саясий-экономикалык эркиндикке жеткен Казакстанда мунайзат, уран, темир, алтын жана коргошун сыяктуу кен байлыктары бар.
Казакстан кен байлыктары жагынан өзгөчө маанилүү өлкө. Өлчөмү жана түрдүүлүгү өңүтүнөн минералдык жана чийки зат кендери менен дүйнөнүн саналуу өлкөлөрүнүн катарына кирет. Казакстанда 1225 түрдүү минералдык затты камтыган 493 кенбайлыгы бар. Уран, хром, коргошун жана цинк кен байлыктары боюнча дүйнөдө экинчи, марганец боюнча үчүнчү, ал эми жез кенбайлыгы боюнча бешинчи орунда турат. Көмүр, темир жана алтын резервдери боюнча Казакстан дүйнөнүн алгачкы он өлкөнүн, табигый газ, мунайзат жана алюминий резервдери боюнча кезеги менен алгачкы он эки, он үч жана алгачкы он жети өлкөнүн катарынан орун алат. Казакстанда 1996-жылы дүйнөнүн эң чоң үчүнчү алтын кенбайлыгы табылган.
Өлкөнүн минералдык жана чийки зат өндүрүшү өз муктаждыгынан алда канча жогору турат. Ошондуктан бизмут, титан, жез, марганец концентрациялары өндүрүшүнүн 90 пайызы, мунайзат, коргошун жана цинк өндүрүшүнүн 80 пайызы, ал эми көмүр, темир жана хром өндүрүштөрүнүн 50 пайызынан ашыкчасы импортко чыгарылат. Казакстандагы кен байлыктар 2 триллион АКШ долларынан ашыкча сумманы түзөт.
Түркия мамлекети 1991-жылы Казакстан көз карандысыздыгын жарыялаган соң 15 мүнөттөн кийин анын көз карандысыздыгын тааныган. Казакстан республикасында 1994-жылдан бүгүнкү күнгө чейин 3000 чет өлкөлүк уюмдар иш-аракеттерин жүргүзүп, Казакстанда жараян эткен чет өлкөлүк инвестиция 8 миллиард АКШ долларына жеткен. Бул көрсөткүч 16 жылдык эгемендүүлүгү бар өлкө үчүн өтө зор мааниге ээ.