Он бешинчи сан

Журналдын он бешинчи саны

Мазмуну

Сойкулуктун ден-соолукка тийгизген терс таасири

Жугумсуз калптан, жугуштуу дарттан сактан! Сойкулуктан улам пайда болгон ар кандай коркунучтуу жугуштуу оорулар акыркы жылдары дүйнөлүк көйгөйгө айланып келет. Кайсы кылмыш, кайсы гана жорук жаман, кесепеттүү болбосун, Алла Таала ага «Жакын жолобогула!» деп тыю салган. Анткени Ал бүт нерсени Биүүчү Зат. Бул жерден Жараткан Алланын биз пенделерин ашкере сүйөрүн даана байкоого болот.

Мына ушул аты жаман жоруктун кесепеттерин «ден-соолук» рубиркасынын кезектеги чыгарылышында сиздирге маалымдоону туура көрдүк. Урология боюнча Республикалык илим изилдөө борборунун кызматкери, медицина илимдеринин кандидаты Нурбек Монолов агай аталган тема тууралуу бизге буларды айтып берди:

«Учурда көптөгөн адамдар терс жолго баруунун айынан жугуштуу «гонорея» ооруусун жугузуп алып жүрүшөт. Бул дарттын өтүшүп кетиши абдан коркунучтуу. Бул оору аялга да, эркекке да абдан оңой жана тез жугат. Заара келчү канал ириңге толуп, бүтөлүп, бири-бирине жабышып калат. Мында эркектин жыныстык мүчөсүнөн кадимкидей ириң агып, жадагалса заара кыла албай калат. Ошондуктан дарыгерлер адамдын курсагын тешип, заара келчү каналды кесип трубка туташтырып беришет.

Эркектер бул илдетти көчөдөн жугузуп алганын байкабай келип, өзүнүн жубайына да жугузат. Эгер аялынын боюнда бар болсо, ымыркай сөзсүз ошол оору менен төрөлөт. Тактап айтканда, ымыркай гонорея же сифилис болуп төрөлөт. Ошентип бул оорунун айрым түрлөрү көпкө билинбей ичтен ириши себептүү жаш бүлөлөр тукумсуз болуп калышат. Эгер бул дарт өтүшүп кетсе, эркектерди импотенцияга чейин жеткирет.

Дагы бир коркунучтуу дарт – бул сифилис. Мунун вирустары адамдын организминде көпкө чейин билинбей жүрө берет. Сырттан билинбегени менен кемирчекти жейт, жумшак, назик саналган кулактар түшөт, тамакты былбыратып түшүрөт, жүлүндөр бири-бирине жабышып, өз милдетин аткара албай калышы мүмкүн.

Жыныстык катнашуудан улам жуккан оорулардын эң эле коркунучтуусу ВИЧ/СПИД болуп эсептелет.

Бул коркунучтуу оору менен күрөшүүдө биздин медицина алсыз. Бул дарт такыр айыкпайт. Муну жугузуп алган адамдын коргонуу-иммунитети жоголот. Натыйжада грипп, жөтөл же грибок сыяктуу жеңил ооруулардан көз жумат. СПИДке чалдыккан бир адамды дарылоо үчүн көптөгөн каражат кетет. Чынын айтсак, андай акча азыр оорулууда да, мамлекетте да жок. Эгер муну менен чындап күрөшпөсө улуттук трагедияга айланып кетет. ВИЧ-инфекциясына чалдыгуунун 74 пайызы ийне сайынуу (наркомандык) аркылуу жана 22 пайызы жыныстык катнашуу жолу менен жугаары далилденген.

Жугуштуу ооруларга чалдыккандардын көпчүлүгү азыркы жеке адамдарга таандык клиникаларда дарыланып жүрүшөт. А жеке клиникалардагы дарылоонун жана дарылардын сапатына “жүз пайыз” деп эч ким кепилдик бере албайт. Айрым мекендештерибиз болсо “самолечение” деп койот, өзүн-өзү дарылашат экен. Досунан же башкалардан угуп алып өтө кооптуу дарылоо ыкмасын колдонушат. Мындай жолго баргандык өз өмүрүн өлүмгө түрткөндүккө жатат. Көпчүлүк адамдар ириң токтоп калса эле “айыктым” деп ойлошот, бирок толук кандуу дарылоодон өтпөгөн соң вирус адамдын организминде кала берет да, көп убакыттан кийин айыккыс илдет болуп чыга келет. Маселен, “Микопазин” “Урепазин” деген жана башка коркунучтуу инфекциялар бар. Буларды жаңыча ыкмалар менен гана дарылабаса, айыгышы өтө эле кыйын. Жеке тажрыйба менен дарылоого мүмкүн эмес деп койсок да болот. Союз учурунда мындайларды билип калса, ал адам кимдер менен болгонуна чейин милициянын жардамы менен таап келип, баарын каттоого алып таза айыкканга чейин дарылачу.

Биздин өлкөнүн жарандарынын дээрлик көпчүлүгү мусулман болгондуктан бул көйгөйдү токтотууга жана жоюга жапатырмак киришишибиз керек. Сойкулукту мыйзамдаштыруу акылга сыйбаган нерсе. Анткени биздин ментелитетибиз, улуттук баалуулуктарыбыз бар. Эгер мыйзамдаштырууга барсак, анда, улуттук баалуулуктарыбызды, динибизди, баалуу сапаттарыбызды чанган болуп эсептелебиз”.

Башына