Он бешинчи сан

Журналдын он бешинчи саны

Мазмуну

Бир суроо?

-Агай, кыргыздын тарыхында сойкулук
деген нерсе болгонбу, учурда чоң көйгөйлөрдү
жаратып жаткан бул кейиштүү ишти кантип жоюга болот?

иринчиден эми ушул сойкулук темасы жөнүндө айтканда, кыргыз кыргыз болуп жаралгандан бери кыргыздын тарыхында сойкулук деген маселе болгон эмес.

Бул өтө бир татаал, өтө бир кейиштүү жагдай.

Биз бир караганда бүгүнкү күндү цивилизациянын деңгээлинде жашап жатабыз деп атабыз, бирок, ошол эле учурда өтө асыл бир сапаттарыбызды, касиеттерибизди жоготкон кейиштүү бир абалга туш келдик. Кыргыз элинин аты эң байыркылардан болуп, көзү тирүү сакталып келаткан эл катары, айталы, кытай, арап, перс жазма булактарындагы же болбосо кийинки орус империясы басып кирген учурларда орус офицерлеринин күндөлүктөрүн, саякатчыларынын жазгандарын карай турган болсок, ушулардын эч бир жеринде кыргыз жөнүндө анын артта калгандыгы, сабатсыздыгы боюнча айткандыр, бирок ал кыргыздын аялынын сойкулугу жөнүндө эч бир жерде айтылган эмес. Ошондой бир мамлекети жок мезгилдерде кыргыз өзүнүн абийирин, намысын сактап жашап келсе, эмне үчүн бүгүн өзүнчө мамлекет болуп турган учурда ошондой бузукулукка тушугуп жатабыз деген өтө чоң суроо бар.

Бул өтө кейиштүү суроо. Мен кыргызмын деген ар бир адамды чочута турган суроо.

Эгерде сойкулук цивилизациянын бир атрибуту боло турган болсо, анда мындай цивилизацияга баруунун кажети жок. Европанын цивилизациясы адамды тарбиялоодо балким, бизге керек эместир. Биз ушул жөнүндө ойлонгон, ушул жөнүндө жазган жерибиз жок. Айрымдар батыш цивилизациясынын илимий-техникалык жетишкендиктерин бетке кармап, коомдогу бузулуп жаткан көп нерсени бизге таңуулап атат.

А биздин жаштарыбыз болсо, ал нерселерди билбей ошол батыштын эмнесин болсо да туурайбыз деп анын туткунуна айланууда.

Эми жалпылап айтканда, мындай бир кыргыз аялдарынын талаада калганы, же болбосо бузулуп кеткени жөнүндө маалыматтар эч бир чет элдик булактарда дагы, кыргыз элинин ичинде сакталып келе жаткан оозеки булактарда да айтылган эмес.

Кыргыз өзүнүн ушул эркек адамын дагы, аялзатынын дагы ушул эле биологиялык жактан да, социалдык жактан да талаптарын абдан караган.

Биздин жанагы орус көз карашындагы кайбир адамдар көп аялдуулук жөнүндө болгондо бул артта калгандык, аялдын укугун кордогондук деген ар кандай сөздөрдү айтып атышат.

Бирок, тескерисинче биздин ата-бабалар дал ошол аялдардын укугун коргоп, аялдын укугун өйдө көтөрүп, аларды басынтпай, кордобой, аларды тентитип жибербей, балдарын жетим калтырбай, өздөрүн жесир калтырбай караган.

Анан эми бүгүнкү күндөгү кыргыз кыздарынын көчөдө туруп калгандыгы, аңкоо эркектерибиздин кыздарды ошол жолго түрткөндүгү өтө бир кейиштүү иш. Жеке мен өзүм муну чоң трагедия катары кабыл алам. Анан эми жанагындай публичный үйлөрдү ачуу жөнүндөгү маселе болгондо, мен айтаар элем, эгерде биздин ата бабалар салган жол менен кете турган болсок, анда эч кандай публичный үйлөрдүн кереги да, кажети да жок.

Бул жорукка барууну – нечен кылымдардан бери келаткан улутубузду, рухий баалуулуктарыбызды тебелеп-тепсегендик деп эсептейм.

Өзүбүздүн ата-бабалар ушул маселелерди кандай жолдор менен чеччү эле, ошону бүгүнкү күнгө алып чыгыш керек.

Ошондо анан көчөдө турган кыз-келиндер да болбойт, кыз-келиндер маселеси да чечилет.

Эркектер да ошого жараша өз жоопкерчилигин аныктайт.

Биздин ата-бабалардын салты, карманган жолу боюнча, эч бир аял көчөдө эрсиз калбаш керек, ал ар кайсы жактан, социалдык жактан корголушу керек. Ал дал ошол мезгилдер мажбурлаган учурларда өзүнүн генефондун сакташ үчүн, өзүнүн тукумун сакташ үчүн, өзүнүн улутун сактап калуу үчүн кыргыздар дал ошол маселе менен жана көп аялдуулук маселеси аркылуу жеңесин кайнисине кыйдырып алып калуу, же болбосо иниси каза болуп калган учурда келинин кайнагасына кыйдырып алып калуу аркылуу жетим, жесир деген социалдык көйгөйдү ушундай жолдор менен чечишкен. Мындай фактылар биздин санжыраларда толтура. Эгерде керек болсо мен атайын жыйнап туруп, кайсы учурда болсо да айтып берүүгө даярмын. Ошон үчүн биздин жол жөнүндө биздин ата-бабалардын салты жөнүндө бурмалап айткан орустардын совет мезгилиндеги идеологиясынын көбү туура эмес, биздин аялдар, чыгыш аялдары жөнүндө айткан сөздөрдүн көбү туура эмес. Биз өзүбүз ага батыш-чыгыш элдеринин көз карашы менен карап, ошол убакта өзүбүздүн көз карашыбыз менен анын туура же туура эмес экенин аныкташыбыз керек. Ушул күнгө чейин ага анализ бериле элек.

Башына