Он бешинчи сан

Журналдын он бешинчи саны

Мазмуну

Сыздайт жүрөк

Азыркы заманыбыз
Башкача заман болду.
Илгерки жыргалчылык
Азыр жок, тамам болду.

Улуу муундар көрүп калды
Ал заманды.
Азыркы жаш муундарга
Жаман болду.

Кыздарыбыз, жаш жигитер,
Көчө таптап, басып калды.
Жалкоо болуп оор жумуштан,
Качып калды.
Илгерки баба дыйкан нанга жетпей
Бир тыйын жок жатып калды.
Жаштарыбыз айласы жок,
Талаа кезип, свалканы казып калды.
Карап көрсөң көпчүлүктү,
Жетишпеген бары жарды.

Жылуу орундан козголуп,
Элдин көбү көчүп жүрөт.
Кыз-келиндер оокат үчүн,
Соода кылып безип жүрөт.

Бирөөнүн нан алаарга тыйыны жок,
А башкасы акчаны кечип жүрөт.
Дагы бири үй таба албай,
Бала-чака бага албай
Ыйлап жүрөт.
Бирөө минип иномарка,
Кабат үйдө, казинодо жыргап жүрөт.
Мунун баарын көрүп туруп,
Сыздайт жүрөк, сыздайт жүрөк!!!

Башка бирөө киши тоноп качып жүрөт.
Дагы бирөө элди соруп,
Эл көзүнчө элдик болуп,
Көчөлөрдө басып жүрөт.

Бекер ашка семиришип,
Дагы бири тишин чукуп,
Көңүлүн ачып жүрөт.
Баласы ач дагы бири,
Кийими жок азып жүрөт.
Жаш балакай нан таба албай,
Гезит сатып, шашып жүрөт.
Жаш кыздарың, оо кыргызым!
Кандай жерде жатып жүрөт!

Мунун баары болуп турса,
Жан жукарып жоруп турса,
Ким көңүлдүү өмүр сүрөт?!
Анан кантип шаңдуу болуп,
Балдарыбыз кенен басып,
Ойноп күлөт?!
Айткылачы мындай жорук
Качан бүтөт?!
Ошолорду ойлой берип,
Сыздайт жүрөк, сыздайт жүрөк!!!

Бир туугандын үйүнө кире албастан,
Дагы бири эшикте басып жүрөт.
Аялына сөз айта албай,
Күйөө байкуш күнөөлүдөй азып жүрөт.
Аялы соода кылып, күйөөсү бала багып,
Түрдүү товар ташып жүрөт.
Бирөө ооруп, даарысы жок,
Тамак-аш, баарысы жок жүдөп жүрөт.
Айткылачы мындай арман качан бүтөт?!
Ушуларды ойлой берип,
Сыздайт жүрөк, сыздайт жүрөк!!!

Башына