Он бешинчи сан

Мазмуну
Мен – теги-түбүм боюнча, Гөнендик кишимин. Бирок, 20 жылдан бери аягым баспаган ал шаар качандыр бир көрүп, эстен чыга баштаган түш сыяктуу акылымда улам туманданып барат... Анда атамдын жаш кези, наамы боюнча капитан эле...
Эми, ошол, ар дайым атам экөөбүз өтчү баягы «Жаами базарынын» маңдайындагы кичинекей, урай баштаган коргонду, анын ичиндеги каштан дарагынын дүмүрлөрүн көмүп аккан дарыяны, биз жуунганы барчу ысык суулуу мончонун терең көлмөсүн эстегенге аракет кылып олтурам. Бирок, баары агарган туман ичиндегидей бүдөмүк: иреңдери өчкөн, түс-турпаты күңүрт... Узак-узак сапардан мекенине кайткан адам, көңүлү сүйгөн көрүнүштөрдү - туулган жерин – коюу туман алдынан жолуктуруп, бир саам мурда көрүп калбаганына кандай кайгы чексе, мен да так ошондой оор сезимдерге кабылып турам бу саам. Ар күнү кечинде топ-топ болуп көчөлөрүнөн өткөн буйволдорду, уйларды, ташсыз, топосу бызгыган жолдорду, куйма таштан (черепица) курулган үй чатырларын, жыгыла жаздап араң турган сокмо дубалдарды, жыгач көпүрөлөрдү, уч-кыйырсыз талааларды, жапыс кашаа-тосмолорду – баарын туман ичиндегидей бүдөмүк гана элестейт.
Бир гана үйүбүз менен мектеп көңүлгө бекем түйүлүп калыптыр...
Чоң бакча... Ортосунда сарай кыяпатында кынапталган аппак үй... Оң тарабында, бурчта, биз олтурчу ак перделүү бөлмө. Ушул бөлмөдө таң эртең менен ар күнү, апам мени жаш баладай терезе кырына олтургузуп, сабактарымды кайталаттырып, сүтүмдү ичирчү. Терезеден көрүнгөн короонун наркы тарабындагы топурак түстүү имараттын айнексиз жалгыз терезе-тешиги болоор эле. Ал карарган тешик мени абдан коркутчу. Тамактарыбызды бышырган, кирлерибизди жууган, тактайларыбызды сүрүп, атамдын аттарына жем берип, аңчы күчүктөрдү баккан кызматчыбыз Абил Ананын ар кеч айтчу коркунучтуу аңгемелериндеги аюуну ушул терезеден көрүп тургандай боло берчүмүн. Бул элестер түшүмдөн да кетчү эмес. Коркунучтуу түштөрдү тынчсыздана угуп, жакшылыкка жоорууга аракет кылган бечара апама ар күнү таңда ар кыл түш айтып, алп аюунун мени түшүмдө качырып, анан тутуп алып, тоого алып барып, токой ичиндеги үңкүрүнө камап, колдорумду байлап, мурунумду, эриндеримди жегенин айтып, анан Байрамич жолундагы суу тегирменинин чаркына ыргытканын саймедиреп, көзүнө коркунуч толгон апамды бир нече ирет: - Жок! О Кудай сактай көр... – дедирээр элем.
Ал менин түштөрүмдү ийги иштерге жоромолдоого аракеттенип, келечекте мен чоң адам, мартабалуу мырза, улук падыша болоорумду, эч ким мага эч качан жамандык кыла албастыгын айтканча, мен өзүмдүн жалган айтканымды да унутуп, келечекте чын эле ошондой боло тургандай кубанычтуу кыялдан магдырай түшчүмүн.
Кандай көчөлөрдөн өтүп, ким менен мектепке бараарым да анча эсте калбаптыр. Мектеп бир кабат, дубалдары акталбаган там эле. Дарбазадан кирээр менен үстү жабылган короо. Андан бир аз тереңде майда дарактуу, тар бак боло турган... Бактын аягында чыйыр жол, анан, даарат алуу үчүн жасалган абдан чоң челек бар эле. Эркек балдар менен кыз балдар чогуу олтурушуп, бирге окушуп, бирге ойношчу. «Чоң мугалим» дегенибиз суюк чачына кына чөбүн сүйкөп жүрчү, бүкүрөйгөн, узун бойлуу, бала кыял улгайган аял. Көк көздөрү ар нерсени теше тиктеп, жанып, куш тумшугундай ийри, сары мурундуу ал жүндөрү жыдыган, оорукчан, жүдөмүш кузгунга окшошуп кетчү. «Жаш мугалим» дегенибиз болсо Чоң мугалимдин уулу эле. Андан балдар коркушчу эмес. Кыязы, ал бир аз дөөдүр да болушу мүмкүн. Мен мектепте эң акыркы бийик секичеде, Чоң мугалимдин чыбыгы жетпей турган жерде отурчумун. Балким, чачымдан ак-саргыл болгондугунандыр кыздар мени «Ак мырза» дешчү. Чоңураак балдар болсо атымдан эле аташчу же «капитандын уулу» деп чакырышчу. Сыныптын (класстын) эшигинин ачылбаган бир канатында бозоргон жазуусу бар тактайча кирген-чыккандарды өлүктөй суук «тиктеп», «узатып жана тосуп алып» турчу; калың дубалдардын шыпка жакын тар терезелеринен кирген муздак жарык тынымсыз чурулдашкан, кыйкырып ойношкон наристелердин аарыдай ызылдаганынан ого бетер оорлошуп, ого бетер булганып, бараткандай таасир калтырчу.
Окууда жазанын жалгыз гана түрү боло турган: ал – таяк... Чоң күнөө кылгандар, ал тургай кыздар да таманына таяк жеш үчүн атайын жасалган текчеге чыгарылып жаткырылчу жана ошол жерде жазага кириптер кылынчу. Бул жазадан коркпогон жан жок эле. Ал эми кичинекей күнөөлүүлөр үчүн жазалар түрдүү жана чексиз болчу: Чоң мугалимдин чыбыгы, Кичине мугалимдин шапалагы ж.б.у.с... Жазага туш келген ар кимдин башы шишичү. А мен эстеп көрсөм эч таяк жебептирмин. Бир гана жолу Чоң мугалим жалган сүйлөгөнүм үчүн курушкан сөөктүү колдору менен кулагымды кызарта чойгону эсте. Ушунчалык катуу чойгон экен, эртеси да кулагым от болуп жанып жүрдү. А чындыгында анчалык күнөөм деле жок эле, чындык үчүн жазалангам.
Ал мындай болгон: бакчадагы суу түтүгүнүн чоргосуну бирөө жулуп салган экен. Чоң мугалим күнөөкөрдү издеп жүрдү. Күнөөкөр болсо көк чепкенчен, кызыл белдиктүү, арык, оорукчан бала эле. Мен Чоң мугалимге аны кабарладым. Жаза боюнча чоргону жулган ал таяк жемек. Бирок ал өзүнө суу жугузбай танып туруп алды эле, башка бир бала ортого чыкты да «күнөөкөр – менмин» деди. Жаза колдонулчу тактайга жатты. Кыйкыра – бакыра таманына таяк жеди. Ошондо Чоң мугалим:
- Эмне үчүн жалган сүйлөп, күнөөсүз бечараны жазага жыккың келди?! – деп кулагыма шып жармашты да, кабагы карыш түшүп, каны кайнап чыкты...
...Ошондо ызадан ыйладым. Мындайда ким ыйлабасын. Анткени жалган айткан эмесмин. Тигинин чоргону жулганын өз көзүм менен көргөнмүн.
Кечки дем алышта таяк жеген баланы кармадым да:
– Эмне үчүн менин сөзүмдү жалганга чыгардың, сен чоргону жулган эмес элең го? – дедим.
– Мен жулганмын.
– Сен жулган эмессиң. Мен тигини өз көзүм менен көргөм.
Жүзүмө тигиле карады. Ошентип бир саам мелтиреп турду. Эгер Чоң мугалимге айтпасыма ишендире алсам, ал менден сырын жашырбасын түшүндүм. Дароо түшүндүрө баштадым.
– Чоргону Али жулган болчу. – деди ал. – Бирок, ал оорукчан, алсыз. Көрүп турасың го, ал таякка чыдай алмак эсмес. Балким өлүп да калышы мүмкүн болчу. Төшөктөн жаңы эле турбадыбы.
– Бирок, сен эмне үчүн анын ордуна таяк жешиң керек?
– Эмне үчүн болмок эле. Биз аны менен ант ичишкенбиз. Ал ооруп тургандыктан, мен сак-саламат болгондугумдан аны куткарууга милдеттүүмүн.
Анча түшүнө бербедим. Кайра сурадым:
– Ант дегениң эмне?
– Билбейсиңби?
– Билбейм.
Ал күлдү, анан менден бир аз узай берип, жооп берди:
– Ал мындай: эки дос бири-бирине сөз беришет. Муну ант ичүү дешет. Ант ичкендер кандаш тууган болуп калышат. Бири-бирине өлөр-өлгөнчө жардам беришет, камкордук көрүшөт.
Түрк тилинен түз которгон Садык ГАВАЙ. Кыргызстан Жазуучулар Союзунун мүчөсү