Он бешинчи сан

Мазмуну
XIX кылымдын 2-жарымында, XX кылымдын баштарында кыргыз элинин саясий турмушунда негизги орду бар, элинин кызыкчылыгын көздөгөн, уруулардын биримдигин сактоого жана чыңдоого болгон күч-аракетин жумшаган, кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал болгон белгилүү инсандардын бири – бул Шабдан Баатыр Жантай уулу.
Шабдан баатыр 1839-жылы Ысык-Көлдүн түндүгүндөгү Туюк-Булуң деген жерде төрөлгөн. Атасы айтылуу Жантай баатыр, энеси Баалы байбиче болгон.
Шабдан баатыр коомдук-саясий ишмер эле эмес, ал өтө колу ачык, берешен, айкөл, тарбиячы, дасторкону кенен жайылган адам болгон. Анын колу ачыктыгын төмөнкү окуялардан байкоого болот.
Шабдан баатырды эмизип баккан энесининин айтуусуна караганда, ал 3 жашка чейин эмчек ээмп, кээде кошо ойногон жолдошторун да эрчитип келип силер да эмгиле дечү экен.
Солто Бошкойдун ашына Шабдан баатыр барганда, баласы Кененсары аш таркагандан кийин баатырды үйүнө кондуруп, 1000 сомго баасы чыккан жоргосун мингизген. Ошол эле күнү ал жоргону бир дубана мойнуна курун салып жетелеп жүргөнүн көрүшкөн. Көрсө, ал дубана тиленип Жантай баатырга келгенде ал жоргону берип жиберген экен.
Ошондой эле казактын Эшим төрөсү тартуулаган кула жоргону Игнатович деген оруска берген. Ал кула жорго көп чабыштарда байгелерди уткан. Ал кула жоргого кызыккандар кийинчерээк сатып алып Парижге алып кетишкен. Кула жоргонун баасы бир нече миң сомго чыккан, ал убакта бир сомго бир кой берчү. Шабдан баатыр колунда мал болсун, акча болсун муктаж болгондорго берип турган. Ал дубана, бечара, балдар менен бирге отуруп тамактанганы, алардын сөзүн укканы баатырдын кең пейилдүү экендигин далилдейт.
Акыркы мезгилдерде (баатыр өлөр алдында) баатыр үйүндө олтурса сырттан дубананын үнү угулат. Шабдан баатыр Шааке байбичеге айтып, ал дубананы үйгө алып кирип, тамак бергизет. Шабдан баатыр дубананы 60 жаштарда болсо керек деп болжолдойт. Дубананын кийинген кийимин, чокоюн, баш кийимин көрүп терең ойго чөмүлөт. «Олдо шордуу элим-ай» деп өкүнөт. Дубана тамактанып бүтүп бата кылынат. Шабдан куржундагы ардак чепкенин алдырып, анда тагылуу жүргөн эки чоң медалдын бирин чыгарып дубанага берет. Дубана албай тартынчыктайт.
- Алыңыз! Үй-бүлөңүзгө далайга чейин оокат болот. Үйүңүзгө барып жер айдаңыз, мал багыңыз, орустар менен жакшы мамиледе болуңуз, алар менен урушуп, талашпаңыз. Алар күчтүү. Кош эми, жолуңуз ачылсын! деп узатат. Анткени, баатырда дубанага бере турган ылайыктуу эч нерсеси жок эле, ошондуктан эч кимге берилбей турган, эч нерсеге алмашылбай турган нерсесин дубанадан аяган жок.
- Бечара кубанып кетти. Адамдарды канчалык көбүрөөк кубантсам, өзүмдү ошончолук бактылуу сезем, байбиче. Эгер бирөөгө бир нерсе берсең, күлүп, ыкласың менен бергин. Кубанып кетсин» деп кайрадан ойго батат.
Бир жолу Баякенин Седеп деген чулдур күңү жалгыз жаман алачыгы менен журтта калат. Шабдан баш болгон топ Верныйга барып, жыйналышка катышып келе жатышса:
- «Чабдан баатый! Максым ичип кет!» деген үн угулат. Шабдан атынын башын ал жакка бурат. Седеп жуулбаган, улам максым ичкен сайын кебектери жабыша берип, кырбуусу эки эли болуп калган чоң капкара аякка максым куюп сунат. Аякты Баяке алып, кебетесин көрүп: «Ой муну баатыр ичпейт»,-деп кайра Седепке берерде Шабдан баатыр: «Эй Баялы, алып кел, ичем»,- деп аякты алып даамын да татпастан максымды түбүнө чейин тартып жиберет.
- «Бах, максымыңыз максым эмес бекен, чаңкап келе жаттым эле, суусунум канып калбадыбы! Рахмат сизге. Бүгүн кеч болуп калды, бүгүнчө чыдаңыз, эртең сизди көчүрүп кетишет»,-деп ырайымдуу коштошуп жүрүп кетишет.
Шабдан баатыр Седептин кычыган максымын суусагандыгы үчүн ичкен эмес, бечаранын көңүлүн көтөрүп, жашоого үмүтүн шыктандыруу үчүн ичкен дешет.
Шабдан баатыр 1904-жылы 20дай кишини ээрчитип, алардын бардыгынын жол каражаттарын өзү төлөп Ажыга барат. Стамбулга келгенде Аравияга салынып жаткан темир жолго жардам катары 2000 сом берген. Анысы үчүн Түрк Султаны Абдулхамидден алтын медаль алган.
Шабдан баатырдын адилеттүүлүгү, берешендиги, мээримдүүлүгү бүтүндөй түрк элине, ал түгүл орус калкына жаккан. Анын эмгегин, кадыр-баркын баалаган байлар үйүр-үйүр жылкыларын, короо-короо койлорун өз эрки менен айдап жеткирип турушкан. Бул кирешелердин эч нерсесин калтырбай ошол эле күнү алсыздарга, кедей-кембагалдарга тараткан.
Шабдан баатыр элинин илим-билим алуусуна да чоң маани берген. Ал татар, өзбек улутундагы молодолорду алып келип кыргыздын балдарын окуткан. Мечит-медресе салдырып, ал жердеги балдардын тамагын жана молдолордун акысын өз чөнтөгүнөн төлөгөн. Ошондой эле кыргыз балдарын Алматыдагы гимназияга, Фрунзедеги садоводствого берип окуткан. Орус, өзбек усталарын алып келип там салдырып, кыргыз жигиттерин жыгач-устачылыкка үйрөткөн. Шабдан баатыр кыргыз жаштарына дин, илим, кесип жаатында үйрөнүүлөрүнө шарт түзүп берген.
Шабдан баатыр өзүнүн максаттарына жетиш үчүн жанын үрөп, күнү-түнү менен иштеген, керек болсо коркунучтуу абалдарга карабастан эрдик жасаган, өтө аракетчил, эрктүүлүгү менен айрымаланган, мээрими төгүлгөн мырза киши болгон. Азыркы күнгө чейин эл ичинде: «Шабдан айкөл эле», «берешен эле», «жоомарт болчу», «кедейлерге кайрымдуу болчу», «дубаналардан эчнерсе аябайт эле», «эч качан адамдын көнүлүн калтырган эмес» деген сыяктуу сөздөр бекеринен айтылбаса керек.
Кыргыз санжырасында аңыз болуп айтылган дагы бир сөз бул Шабдан баатырдын ашынын өтүшү. Кыргызда аш-тойду ар бир үй-бүлө алына жараша өткөрөт. Ал ата салты.
Шабдандын ашы 1912-жылы 10-октябрда башталып, 5 күнгө созулган. Тойго даярдык 5-октябрда башталып, Кичи-Кеминдин Боролдоюнда 2 миң боз үй тигилип, 40 миң киши чакырылган. Ашка Фергана, Сыр-Дарыя боюнан, казактардан, орустардан кишилер келишкен.
Демек, Шабдан баатырдын ысымы кыргыздар үчүн өлбөс, өчпөс, ыйык ысым. Ал өз элинин кулуну, жигити, коргоочусу, элчиси, жоокери, башкаруучусу болгон.