Он бешинчи сан

Журналдын он бешинчи саны

Мазмуну

Диндер аралык диалог

Христиан дини жана миссионерлик

Иса пайгамбардын Алла Тала тарабынан жиберилген жаңы шариатты жөөттөргө жайылтуу үчүн жүргүзгөн иш-аракеттери мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Анткени анын өзү, таркаткан дини жана шариаты Кудай тарабынан жиберилгендиги ыйык китебибиз Кураны

Каримде да ырасталган1 . Анын максаты Муса пайгамбар алып келген шариатты өзгөртүп жиберген жөөттөрдү туура жолго баштоо болгон. Азирети Иса өзүнүн пайгамбар экендигин, Кудайдын элчиси экендигин жана Кудайдын бир (жалгыз) экендигин жар салган2 .

Куранда Азирети Исанын: «мен менден мурунку келген Тооратты тастыктоого жана менден кийин келе турган Ахмад аттуу пайгамбарды сүйүнчүлөө үчүн жиберилдим» дегени айтылган3 .

Ошондой болсо да ага ишенген адамдардын саны өтө аз болгон. Иса пайгамбар Кудайдын кудурети менен түрдүү кереметтерди көрсөткөнүнө карабастан анын душмандары ар кандай жалаалар менен аны жок кылууга аракет жасашкан4 .

Мына ошондой адамдардын бири жөөттөрдөн Павел (Раul) деген адам болгон. Павел Иса пайгамбарга катуу душмандык кылган. Ал пайгамбарды өлтүрүү үчүн колунан келген бардык аракеттерди жасаган5 .

Кийинчерээк ал Иса пайгамбарды өлтүрүү үчүн Шамга (Сирия) болгон сапарында жолдо Иса пайгамбардын үнүн угуп коркконунан ыйман келтиргенин эскерет6 .

Ошентип Исанын душманы болгон Павел Христиан динин кабыл алып аны жайылтууга аракет жасай баштайт7 .

Бул окуя Исанын көптөгөн жактоочуларын ойго салат. Бирок ошого карабастан Павел динди жаюу ишин уланта берет.

Ал бул динди бутпарасттарга жана жөөттөргө жайылтууну көздөгөн8 .

Павел Христиан динин аларга кабыл кылдыруу үчүн бул диндин кээ бир жоболорун өзгөртүп, айрым беренелерин жок кылып, кээ бирин кайсыл өлкөдө динди жайып жүргөн болсо, ошол жергиликтүү диндин жоболору менен алмаштырып жиберген9

. Анын максаты кандай гана болбосун, Христиан динин башка элдерге жайылтуу болгон.

313-жылы Византия императору Константин Христиандардын эркиндигин тааныгандан кийин Павелдин үгүттөө ишин Христиан азиздери уланткан. Мындай аракеттер акырындап олтуруп Византия империясына кирген Сирия, Египет, Эфиопия, Йемен, Европа жана

Анатолияга чейин жеткен.10 Христиан өкүлдөрүнүн санынын түрдүү улуттардан түзүлүп көбөйүшү, Христиандарды өз ара келишпестиктерге түртүп, карама-каршылыктардын күч алышына алып келген.

Бул келишпестиктерди жок кылуу максатында нечендеген курултайлар өткөрүлсө да, эч кандай оң жыйынтык чыккан эмес. Натыйжада Армян,

Сирия, Эфиопия жана Копти христиандары борбордук чиркөөдөн бөлүнүп кетишкен. Бул бөлүнүү орто кылымдарга чейин уланган. Анын натыйжасында христиандар католиктер, православдар жана протестанттар болуп бөлүнүп кетишкен.11

Христиан дүйнөсүндө ушундай бөлүнүүлөр күчөп жаткан мезгилде Ислам дини түптөлө баштаган. Исламдын пайда болушу Христиан дининин өкүлдөрүнө түрдүү кооптонууларды жараткан. Бул көрүнүштөн кийин бөлүнүп бараткан христиандар Ислам динин жок кылуу үчүн кайрадан биригүүнү самай башташат. Ошентип кылымдарга созулган Кресттүүлөрдүн жортуулу башталат12 .

Тилекке каршы, канчалаган жортуулдар жасалбасын, алар максатына жете алган эмес. Курал көтөрүп, согушуу жолу менен Ислам динин жок кыла албаган христиандар башка жол жоболорду издей башташат. Бул тууралуу ар кандай кеңешмелер өткөрүлөт.

Ар кайсы өлкөлөрдө жашаган кечилдердин, поптордун жана башка дин кызматкерлеринин пикирлери топтолот.

Айтылган пикирлердин жана келишимдердин натыйжасында Ислам динин же жалпы мусулман ааламын бөлүп жаруу үчүн алманы ичинен чириткен курт сыяктуу ичтен иритүүгө бел байлашат.

Биринчи кадам катары, арап тилин билген же жергиликтүү тилди жана каада-салттарды билген кечил миссионерлерди даярдоо үчүн атайын окуу жайлары ачылат. Бул өңдүү окуу жайларды бүтүргөн миссионер кечилдерди азыркы күнгө чейин Ислам өлкөлөрүнө жиберип келишет.

Ислам өлкөлөрүнө ошондой эле эгемендүүлүгүн жаңы гана алган Орто Азия өлкөлөрүндө да миссионерлердин кеңири иш алып барып жаткандыгын даана байкоого болот. Алар элдин улуттук менталитетин, каада-салтын жана улуттук баалуулуктарын көзгө илбестен ар кандай жол менен өздөрүнүн идеологиясын жайылтып жүрүшөт.

Үгүттөөнүн ар кандай жол жобосун мыйзам ченемдүү деп эсептеген христиан миссионерлери жер жүзүндөгү эң акыркы инсан «мен христиан динин кабыл алдым» деп айтмайынча күрөштү уланта берери анык. Анткени алардын идеологиясы боюнча баардык адамдар христиан динин кабыл алгандан кийин гана Иса пайгамбар жер жүзүнө экинчи ирет кайтып келет.

Иса пайгамбардын экинчи жолку кайтып келишин тездетүү максатында христиан дининин мүчөлөрү миссионерлерге саясий жана экономикалык өңүттөн ар түрдүү колдоолорду көрсөтүшөт.

Өздөрүнөн башка эч кандай улутту жана динди тааныбаган христиан дининин үгүттөөчүлөрү башка улуттагы элдерге жана алардын диний ишемдерине терс келген иш аракеттерди материалдык күчтүн негизинде жасап келишет.

Тарых барактары тастыктагандай, миссионерлер миссионерлик жол аркылуу христиан динин жайылтууда ар дайым ийгиликке жете алышкан эмес. Анткени алардын ички жүзүн жана максатын билген элдер аларга каршы өздөрүнүн диний ишенимдерин жана улуттук баалуулуктарын коргой алышкан.

Миссионерликтен диндердин ортосундагы диалогго өтүү Миссионерликтин максатын жана анын артындагы кооптуу саясатты баамдаган элдер аларга каршы өздөрүнүн динин жана улуттук баалуулуктарын коргоп калуу үчүн чараларды көрүшкөн. Ошентип, миссионерлик ыкма менен ийгиликке жете албаганын түшүнгөн христиандар миссионерликтин заманбап жолдорун издей баштаган. Христиан дининин эң негизги агымы катары эсептелген Католиктер мындай заманбап ыкма катары «диндердин ортосундагы диалог» деген проблеманы көтөрүп чыккан. Азыр Католиктер христиан дининен бөлүнүп чыккан агымдардын ортосунда жана башка диндердин ортосунда окшош жактарын алдыга чыгаруу менен биригүүнү жана тил табышууну сунуш кылып жатышат.

Бул сунушту кабыл алган диний агымдар жана диндер «диалог» үчүн керектүү болгон жол-жоболорду аныкташууда. Ал эми кабыл албагандары дале болсо миссионерлик ыкма менен христиан динин жайылтууну улантып жатышат. Мисалы, Кыргызстандагы Протестант агымынан бөлүнүп чыккан Баптисттер, Йегова күбөлөрү, Адвентисттер, Пресвитериандар жана башка ушуга окшогон секталар өздөрүн мажбурлап миссионерлик ыкманы колдонуп жүрүшөт. Бул ыкмада элдердин улуттук баалуулуктары эске алынбайт. Кандай гана болбосун тигил же бул элди христиан динине киргизүү керек.

Ал эми диалогдо улут эске алынганы менен натыйжада аны маданияттуу түрдө христиандаштыруу максаты бар. Жыйынтыкта эки ыкмада тең элдерди христиан динине киргизүү негизги максат бойдон кала берет. Башка диндин өкүлдөрү христиандар менен диалогго кирүү үчүн эң ыңгайлуу шартты тандап алышат.

Мындай учурда диалог эки диндин ортосунда бири-бирин таануу менен гана чектелип калат. Бул көрүнүш христиандардын диалог аркылуу христиан динин жайылтуу түшүнүгүнө дал келбегендиктен ийгиликке жетүүлөрү кыйынга турат13 .


1 Бакара-87; Аали Имран-45- 84; Ниса- 163; Маида-116; Анам-85;

2 Ниса-171; Марям- 130.

3 Сафф-6.

4 Маида- 46, 78, 110; Аали Имран-49.

5 Апостолдордун Иштери IX/ 1-2.

6 Апостолдордун Иштери IX/ 1-7.

7 Апостолдордун Иштери IX-XXVIII Бөлүмдөр.

8 Mehmet Aydın, Hıristiyan Kaynaklara Göre Hırstiyanlık, T.D.V. Yay. Ankara-95, 19.

9 Küçük- Tümer, 417.

10 Küçük- Tümer, 417.

11 Mehmet Çelik, Süryani Tarihi, AyraçYay. Ankara-99, 65-160.

12 Küçük- Tümer, 417.

13 Şinasi Gündüz, “Misyonerlik ve Hıristiyan Misyonerler”, Diyanet, Ankara 2002,38/ 19.

Башына