Он бешинчи сан

Журналдын он бешинчи саны

Мазмуну

Жусуп Хас Ажип жана Кут Даарытар Билим (Кутадгу Билиг)

Орто кылымдагы улуу инсан Жусуп Баласагындын «Кутадгу Билиг» дастаны бүткүл адамзат маданиятына унутулгус тарыхый, руханий дөөлөт экендиги шексиз. Анын насааттары, философиялык ойлору азыр да эртең да актуалдуулугун жоготпойт деген ишеничибиз чоң.

Биз окурмандарыбызга бул санда кытайлык кыргыздар Турганбай Кылычбек жана Ноорус Үсөнали тарабынан 1992-жылы уйгур тилинен кыргыз тилине которулган «Кутадгу Билиг» жөнүндө сөз кылабыз. Бул эмгектин Кыргызстанда басылышында Эларалык Ататүрк Алатоо университетинин 2004-2005-жылдарга карата өткөргөн «Жусуп Баласагын жана анын идеялары азыркы дүйнөдө» аттуу темадагы Эларалык конференция бирден бир себеп болгон. Ошондой эле кыргыз тилине которгон Мусабаева З. М., Эргүн кожо жана редактору филология илимдеринин доктору С.

Ибраимовдун салымдары чоң экендигин унутпоо керек. Бул китеп «АVRASYA BASMASI» басмаканасында басылган.

Улуу ойчул, атактуу даанышман Жусуп Баласагын 1018-жылы азыркы Токмок шаарынын түштүк тарабындагы Баласагын шаарында туулган.

Орто кылым адабий мурастарынан бири болгон «Кут даарытар билим» дастаны

Баласагындык улуу окумуштуу акын Жусуп Хас Ажип тарабынан болжолу менен 1069-1070-жылдары Кашкарда эски түрк тилинде жазылган. Тилеке каршы, бул дастандын түпкү кол жазмасы алиге чейин табыла элек. Вена, Каир жана Фергана нускалары бар экендиги белгилүү. Бир нускасы уйгур арибинде болсо эки нускасы араб арибинде жазылган. Түрк аалымы Рашит Рахмати Арат 1947-жылы жогоруда айтылган үч нусканы салыштырып толуктоо киргизген. Ошол текст боюнча алганда бул дастан 85 тароого бөлүнүп 6645 бейиттен куралган.

Жусуп Баласагындын «Кутадгу Билиг» дастанын изилдөө боюнча Дания, Германия, Венгрия, Россия, Кытай, мурунку Советтер Союзу, Туркия, Италия сыяктуу мамлекеттерде бир топ иштер жүргүзүлгөн.

Бул китептин негизги артыкчылыгы тематикалык көрсөткүчтүн коюлушунда, шилтемелердин, түшүндөрмөлөрдүн берилишинде, мазмун, форма жана котормосу жагынан бир бүтүндүк сакталышында жатат.

Мисалы:

«Наам бердим «Кутадгу Билиг» китебиме,

Окуганды бул жеткирсин тилегине.

Айтаарымды китепке жазып бүттүм,

Эки ааламды тең көздө бирге туттум.»

Аталган дастан адам баласын ыймандуулукка, акылмандыкка, нравалык-руханий тазалыкка, адилеттүүлүккө, мекенчилдикке, үй-бүлөдө жана коомдук жайларда ынтымакка, биримдикке, каада-салтты ардактай билүүгө, улууга урмат, кичүүгө ызат кылууга чакырган тарбиялык мааниси зор чыгарма болуп эсептелет.

Бул китептин элге жеткирилишинде авторлорго, салым кошкондорого кыргыз элимдин атынан ыраазычылыгымды билдирүү менен бирге биз билген жана билбеген ойлор казынасынасынан дале алына турган сабактар бар экендигине ишенебиз.

Башына