Он бешинчи сан

Мазмуну
Ар-намыс адамзааданы ар кандай арзуу, кумар жана ышкы азгырыгына жетеленип кетүүдөн сактайт. Ар-намыс жана абийир инсанга гана таандык өзгөчөлүк. Башкача айтканда, инсанды башка макулуктардан айырмалап турган артыкчылык. Ар-намыстын жоголушу – инсандык касиеттин зыян тартышына жана айбандын деңгээлге түшүшүнө апкелет.
Ар-намыс менен абийир жаамы изги ахлактын күрөө тамыры десек жаңылышпайбыз.
Ар-намыс жана абийирдүүлүк жаатынан эң бийик даражага жеткен эки инсанды Жараткан Өзү мактоого алып, момун мусулмандарга өрнөк кылып тааныткан. Алар «икаялардын эң мыктысында» баяны айтылган Жусуп пайгамбар менен көп жерлерде мактоо менен эскерилген Азирети Марям.
«Ал (Марям) өз абийирин намыстуулук менен сактаган эле, Биз ага Өз рухубуздан үйлөдүк, аны жана уулун бүткүл аалам үчүн ибарат кылдык» (Анбия, 91).
Абийирдүү пенделерин Алла Таала минтип мактайт:
« Алар (ийгилик табышкан момундар) жубайлары менен күңдөрүнөн башкалардан уяттуу жерлерин сакташат. (Булар менен болгон мамилеси себептүү) аларга кинээ коюлбайт. Ким мындан артыкты издесе, алар чектен чыккандар» (Муминуун, 5-7).
Жаратылыш Нуру (саллаллаху алейхи васаллам) бул маселеге катуу басым жасагандыктан, жалпы момун мусулмандарга:
«Кимде ким мага эки жаагынын ортосундагы (тили) менен абийирин жана ар-намысын сактаганга сөз берсе, мен ага бейишти убада кылам!» (Бухари, Рикак, 23) деп кайрылган.
Башка өңүттөн караганда эркек менен аялдын ортосундагы абийирдүүлүк, адептүүлүк жана ийменүү олуттуу жадай. Анткени дин Ислам бардык жаман иштерди, уят-сыйытсыздыкты, абийирсиздикти арам деп санайт.
Эркек менен аялдын ортосундагы алака жана сүйүү «тиктешүүдөн» башталат. Ошо себептен мусулман эркек менен мусулман аялдын бири бирине кумарлуу караш менен карабоо, баарлашуу учурунда беймарал тиктешпей башты жерге салган абала сүйлөшүү буйрулган:
«(Оо, Мухаммад!) Момундарга айткын: Көздөрүн арамдан сакташсын жана намысын коргосун. Анткени бул өздөрү үчүн дагы да таза жосун. Чындыгында Алла алардын жалпы иш-аркетинен кабардар!
Момун аялдарга айт: Көздөрүн (эркектерге кумарлуу карагандан, арамдан) сакташсын, ар-намыс жана абийирлерин коргошсун. Көрүнүп тургандан башка сулуулуктарын көрсөтпөсүн. Жоолуктарын көкүрөккө чейин жаба салынышсын. Өз күйөөсүнөн, аталарынан, кайын аталарынан, өз уулдарынан, өгөй балдарынан, (бир тууган)ага-инилеринен, алардын уулдарынан, эже-сиңдилеринин уулдарынан, мусулман аялдардан, кол астындагы күңдөрдөн, аялга муктаждыгы (кумарлануусу) жок кызматкелерден же болбосо аялдардын уяттуу жерлерин билбеген наристелерден башкаларга сулуулугун көрсөтпөсүн. Анан да, көмүскө сулуулуктарын башкаларга көрсөтүү үчүн бутту жергке катуу уруп (тыкылдатып) басышпасын. Момундар! Баарыңар Аллага гана тооба кылгыла! Балким (азаптан) кутуларсыңар»
Кудай Таала пенделеринин абийирдүү болушуна абдан маани берип, бул жагдайга көптөгөн аяттар аркылуу басым жасаган. Ошол себептен күнөөсүз адамдын абийирине шек келтирип, жалаа жабуу өтө оор күнөө деп эсептелип, жалаа жапкан адамга балак урулган.
«Акыйкатта, абийирдүү, ак ниеттүү момун аялдарга жалаа жапкандар – бул дүйнөдө да, акыретте да каргышка калышат. Албетте алар үчүн чоң азап бар!» (Нур, 23).
«... Абийирдүү аялга жалаа жаппагыла!» деген Азирети Пайгамбарыбыз (Тирмизи, Истизан, 33/2733).
Ар-намыс, абийир аял кишинин да, эркек кишинин да аялуу касиети. Жогорудагы жоболор абийирге шек келтирүү, жалаа жабуу чоң күнөө экенин тастыктап турат. Андыктан жалган күбөлүккө өтүү, бирөөнү куру дооматка калтыруу жана инсандын ар-намысына сокку боло турган жалган жалаалар, чындыгы жок ушак-айыңдар оор күнөөлөрдөн болуп эсептелет.
Эми Азирети Пайгамбарыбыздын хадисине көз чаптыралы:
«Бейишке барчулар үч түр: Адилеттүү, кайырымдуу адам жана ийгиликтүү өлкө башчысы, жакындарына жана мусулмандарга мээр төгүп, жүрөктөн жанган адам, көп балалуу болгонуна карабай арам пайдадан сактанып, бирөөдөн бир нерсе сурабаган абийирдүү мусулман» (Муслим, Жаннат, 63).
«Уят бул – ыймандан!» (Бухари, Иман, 3).
«Уят менен ыйман ар дайым чогуу. Бир кетсе, экинчиси дагы кетет!» (Суюти, I, 53).
«Орой сөз айыптан башка нерсе алып келбейт! Уят менен адеп жайгашкан жерине көрк берет» (Муслим, Бирр, 78).
Адеп-ахлакка терс келген ар кандай жамандыктардан жана азгырык ойдон адамзааданы уяттуулук жана намыс гана сактай алат. Адеп менен уяттуулуктун таарисири жүздөгөн мыйзам жана тартип жоболорунан дагы кубаттуу. Мындай инсандарга «Уялбайсыңбы?» деп айтуу жетиштүү.
Абийирсиздик, уятсыздыктын коомчулукка жайылышын каалагандар өз өлкөсүнө, өз улутуна каршы чыккынчылыкты каалаган болуп эсептелет. Мындайлардын өзү дагы чоң балээге кабылары айдан ачык. Анткени абийирсиздик Алла Элчисинин билдиргенине караганда жок болуунун башкы себеби:
«Улуу Алла бир пендесин жок кылууну көздөсө оболу андан абийирди алат. Абийирди алган соң, ал азапка калгандардын бирине айланат. Азапка кириптер болду дегиче андан ишеним кетет. Ишеним кетти дегиче ал кыянатчы болуп калат. Кыянатчы болгон соң андан ырайым кетет. Ырайым алынган соң наалатка калат жана жек көрүмчүгө айланат. Каргышка калып, жек көрүмчү болгон соң Ислам менен болгон байланышы үзүлөт!» (Ибн-и Мажа, Фитан, 27).
Абу Саид ал-Худри (Алла ага ыраазы болсун) мындайча эскерет:
«Кутман Элчи бойго жеткен жаш кыздан дагы уяттуу эле. Жагымсыз нерсе көрдү дегиче нурдуу жүзүнөн дароо байкалчу» (Бухари, Манакыб, 23; Абу Давуд, Хараж, 34-36).
Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) бир хадисинде мындай дейт:
«Ыйбаа кылуу – ыймандан. Уяттуу адам бейиште болот! Ыйбаасыздык – жүрөктүн катуулугунан. Жүрөгү катып калган адам тозоку!..» (Бухари, Иман, 16).
Бахз бин Хакимдин чоң атасынын уяттуу жерди жабуу тууралуу соболуна:
«Уяттуу жериңди аялыңдан жана өзүңдүн күңдөрүңдөн башка эч кимге көсөтпө!» деп жооп узатат. Ошол эле адамдын эч ким жок ээн жерде же бөлмөдө кийим кийбей жүрсө кандай болот маанисиндеги суроосуна:
«Адамдарга караганда Алла уялууга чындап татыктуу!» деп жооп берген (Абу Давуд, Хаммам, 2/4017).
Башка бир хадисте минтип айтылат:
«Жылаңачтануудан сактангыла! Жаныңарда силерден бөлүнбөгөн периштелер бар. Булар даарат ушатуу жана жубайына жакындоо учурунда гана кишиден бөлүнөт. Алардан ийменгиле жана аларга жакшы мамиле кылгыла» (Тирмизи, Адаб, 42/2800).
Азирети Аишага (Алла ага ыраазы болсун) Дамасктан бир топ аял келет. Андан аялдарга тиешелүү маселелерди сурайт.
«-Бирок, мен Алла Элчисинин: «Үйүнөн сырт кайсыдыр бир жерде кийимин чечкен аялзаты Алла менен өзүнүн ортосундагы көшөгөнү жырткан болуп эсептелет» дегенин уккам» (Абу Давуд, Хаммам, 1/4010; Тирмизи, Адаб, 43/2804) дейт даанышман эне.
Демек мындай абалдагы аял адеп-ахлак жана абийир кийимин дагы чечет дегенден башка эч нерсе айта албайбыз. Анткени Жараткан Алла такыбаалык кийим менен коргонууну жалпы адампендеге буйруган эмеспи.
Амавилер (Умаяттар) доорунун үч белгилүү сатирик акынынын бири Фараздактын кемпири көз жумат. Жерге жашыруу ырасмына Хасан Басри дагы катышат. Ырлары мене айрым адамдардын ар намысына шек келирип, кара көө шыбаган бул акынга мүрзөнү нускаган Хасан Басри мындай суроо узатат:
«-Акырет үчүн эмне даярдадың?»
«-Жетимиш жылдан бери шахадат келмесин даярдап жүрөм».
«-Кандай сонун даярдык. Бирок Шахадат келмесинин шарттары бар. Ошондуктан ар-намысы таза аялдарга жалаа жаппа!» Чогуу тургандардын бири дин көсөмүнөн таңыркап сурайт:
«-Лаа илааха иллаллах - келмеси бейиштин ачкычы эмеспи мырзам?»
«-Ооба ал келме, бейиштин ачкычы. Бирок тишсиз ачкыч болушу мүмкүнбү? Кулпу тиштери бар өзүнүн гана ачкычына ачылат, болбосо жок» дейт Хасан Басри.
Демек анык диндин ачкычынын тиштери-жакшылык, кайрымдуулук, ар-намыстуулук, уяттуулук жана жаамы жарамдуу амалдар.
Жыйынтыктап айта турган болсок, момун мусулман ар-намыстуу, абийирдүү болушу керек. Напсилик кумарлануу, куштарлануу сезимдер кол салууга даяр турган душмандай тооруп ар дайым даяр тургандыктан, ариетти, абийирди, намысты сактоо жана напсини чүлүктөп, жүрөктү изги сезимдер менен, акыл-эсти нары бийик, нары аруу ой-кыялдар менен алек кылуу кажет. Айрыкча бул нарктуулукту сактоо үчүн жүрүм туруму начар, сүйлөгөн сөзү калпыс жоро-жолдоштон оолак болуу зор мааниге ээ.
-жосундан, балээ, кырсыктан сактай турган руханий калкан. Бул изги сапаттар Алланын алдындагы жана башка көптөгөн милдет, озуйпаларыбызды так орундатуубузду камсыз кылат.