Он бешинчи сан

Мазмуну
Имам Абул Хусейн Муслим ибн ал-Хаджаж ибн Муслим ибн Вард ибн Кушад ал-Кушейри ан-Найсабури - “Сахих ал-Бухари”ден кийинки ислам дүйнөсүндөгү хадис боюнча экинчи белгилүү китептин автору.
Белгилүү хадисчи Ал-Хакам Абу Абдулланын “Дүйнөнүн белгилүү аалымдары” деген китебиндеги маалыматтарга таянсак, Имам Муслим хижранын 206-жылы Хоросандагы Найсабур деген шаарда жарык дүйнөгө келген. Атасы Хажжаж дагы хадис риваят кылган шейхтерден болгондугу маалым. Хадис илимин үйрөнүү Имам Муслимге жаш кезинде эле насип болуп, атайын жыйындарга катышкан. Имам Муслим кичинесинен баштап эле хадистерге болгон кызыгуусу артып, өмүр бою өз жашоосунун булагы кылуу менен бирге хадистерди терең изилдеп кийинки урпактарга да калтыра алган. Имам Муслим Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) хадистерин топтоочулардын эң белгилүү аалымдардын катарынан орун алган. Өмүрүнүн баарын пайгамбарыбыз Мухаммаддын (саллаллаху алейхи васаллам) бизге насаат кылган сахих хадистерин топтоо үчүн шаардан шаарды кыдырып, илим издөө менен алектенген. Ал ушул максатта Хижаз (Сауд Аравия), Ирак, Сирия, Египет ж.б. мусулман дүйнөсүнүн белгилүү жерлерин кыдырган.
Илим үчүн саякаттап жүргөн мезгилде көптөгөн белгилүү ислам аалымдары менен жолугушуп, алардан көп нерселерди үйрөнгөн. Мисалы: Хоросанда Яхя ибн Яхя жана Исхак ибн Рахавайхтан, Ирандын Рай шаарында Мухаммад ибн Мехран, Абу ал-Гассандан, Иракта Ахмад ибн Ханбал жана Абдулла ибн Масламадан, Хижазда Саид ибн Мансур жана Абу Мусабдан, Египетте Амр ибн Савада жана Хармала ибн Яхядан ж.б. көптөгөн белгилүү мухаддис аалымдар менен жолугушканы белгилүү. Көбүнчө Ирактагы ошол замандын белгилүү аалымдары менен тез-тез жолугушуп турган экен. Өмүрүнүн акыркы жылдарында да (Х. 259-жылы) акыркы жолу Иракка келип кеткендиги белгилүү.
Имам Муслим Имам Бухаринин да замандашы болгон. Имам Бухари Нийсабурга келип отурукташкан мезгилде аны менен көп жолу жолугушуп, кеңешип, үйүнө да тез-тез келип турган экен. Имам Бухарини аябай урматтап, сыйлаган. Андан башка жогору даражадагы мухаддис аалым жок деп эсептеген. Имам Муслим Нийсабурдагы жергиликтүү медреседе сабак берип, алар менен чогуу кызмат кылган. Кийинчерээк шейх Зухали менен болгон ортосундагы келишпестиктердин айынан Имам Бухариге айтып, экөөнү тең таарынтып албайын деген ой менен Нийсабурду таштап көчүп кеткен экен. Имам Муслим өзүнүн чыгармаларында шейх Зухали менен Имам Бухарини устаттары катары эсептесе да, алардын аттарынан атаган эмес.
Имам Бухари менен шейх Зухалиден башка дагы көптөгөн мухаддис аалымдардан өтө жөнөкөйлүгү менен таанылган. Ошол доордун белгилүү аалымдарынан Усмани Абу Бакр, Шайбан ибн Фаррух, Абу Камал Ал-Жаври, Зухейр ибн Харб, Амр ан-Накед, Мухаммад ибн ал-Мусанна, Мухаммад ибн Ясар, Харун ибн Саид ал-Айлий, Кутайба ибн Саид сыяктуу аалымдарды устат катары эсептеген.
Имам Муслим башкалардан өзгөчө эмгекчилдиги жана жоопкерчиликтүүлүгү менен айырмаланган, айткан сөзүнүн өтөөсүнө дайыма чыккан. Ошол доордун белгилүү мухаддис аалымы болуу менен бирге кийинки муундагы замандаштары – Абу Хатем ар-Рази, Муса ибн Харун, Ахмад ибн Салама, Абу Бакр ибн Хузайма, Яхя бин Саид, Абу Авана ал-Исфараини, Абу Иса ат-Тирмизи, Абу Амр Ахмад ибн ал- Мубарак ал-Мустамли, Абул Аббас Мухаммад ибн Исхак ас-Сирож сыяктуу аалымдарга да хадис илимин үйрөтүүчү негизги булак боло алган. Анын окуучуларынын арасынан белгилеп айта кете турган шикирти Ибрагим ибн Мухаммад ибн Суфян болгон.
Имам Бухари бардык мухаддис алымдардын эң алдыңкысы болсо, Имам Муслим андан кийинки орундагы белгилүү мухаддис аалым. Имам Муслим Имам Бухаринин ыкмасындагы окуучусу болгондугу үчүн эмес, өзүнүн билимдүүлүгү жана ошого татыктуу болгондугу үчүн экинчи орунга бааланган аалым. Белгилүү аалым Аль-Хатыб аль-Багдадинин ал тууралуу мындай деген: “Муслим аль-Бухаринин жолун жолдогон, илимде анын ыкмасын карманган”.
Имам Муслим көптөгөн китептердин автору, алардын ичинен эң белгилүүлөрү “Ал Жаами ас-Сахих”, “Ал Муснадул Кабир ала-р-Рижал”, “Китабул-Асмаи вал-Куна”, “Китабул-Илал”, “Китабул-Акран”, “Китаб суалати Ахмад ибн Ханбал”, “Китабул-Интифа биухубис-Сиба”, “Китабул Мухадрамин”, “Китабу ман Лайса лаху илла ровин вохид”, “Китаб авлад ас-сахаба”, “Китаб авхам алмухаддисин” “Китабут Табакат”.
Бул китептеринин ичинен эң белгилүүсү “Ал-Жами ас-Сахих” Имам Бухаринин “Сахих ал-Бухари” китебине өтө жакын. “Мен бул китепти ар түрдүү булактардан, 300 000 дин ичинен тандап, тактап анан хадис жыйнадым” деген экен өзү. 15 жыл ичинде бул эмгекти жыйнап жазуу оңой иш болгон эмес урматтуу окурман. Бул хадистерди топтоо үчүн канчалаган мамлекетти кыдырган, тынымсыз изденүүлөрдүн үстүндө иштеп, тактап, анан кийин гана ишенимдүү хадистерин бул эмгегине киргизген. Ахмад ибн Салама: “Имам Муслим “Сахих Муслим” үчүн он беш жыл бою тынымсыз иштеп, талыкпас эмгектин натыйжасында 12 000 ишенимдүү хадис жыйнаган” деп белгилеген.
Жараткан Алла Тааланын берген ырыскылары менен кийинки муундарга түгөнгүс кенч катары таштап кеткен бул эмгектери бүтүндөй Ислам дүйнөсүнүн көөнөрбөс байлыгы катары кызмат кылып келе жатат. Имам Муслим хижранын 261-жылы 57 жаш курагында о дүйнө салган. Улуу устаттын сөөгү Нийсабурга жакын Наср Абадга коюлган. Имам Муслимдин чыгармаларына да көптөгөн ислам аалымдары түшүндүрмө китептерин, трактаттрды, чыгармаларды жазышкан. Имам Муслим өзү жашаган доордун эң алдынкы, билимдүү хадисчи аалымдарынан болгон.