Он бешинчи сан

Мазмуну
Талха тирүү кезинде бейиш менен сүйүнчүлөнгөн он кишинин жана Ислам динине кирген алгачкы сегиз кишинин бири болгон.
Ошондой эле ал халифаны шайлоо үчүн түзүлгөн комиссиянын (асхабу шуураа) мүчөсү болгон сахаба.
Абу Мухаммад деген каймана аты менен да таанылган Талханын толук аты Талха бин Убайдуллах бин Усман бин Амр бин Саад бин Тайм.
Талха соодагер болуп, бир топ мал-мүлккө ээ болгондугуна карабастан өзүн жөнөкөй алып жүргөн. Кайрымдуулук иштерге берилген жана эр жүрөк адам болгон. Бадр согушунан башка бардык согуштарда Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (саллаллааху алейхи ва саллам) жанында болгон. Бадр согушу маалында Пайгамбарыбыз (саллаллааху алейхи ва саллам) аны Курайштардын кербени тууралуу кабар алуу үчүн Шам тарапка жибергендиги үчүн ал согушка катыша албай калган.
Талха бин Убайдуллах Бусрада жүргөн кезинде бир поптун элге кайрылып: «Оо, калайык! Араңарда ахлу Харамдан (Мекке тараптан) келген адам барбы?» - деп бакырганын угат. Анан: «Ооба, бар. Мен меккеликмин», - деп жооп берет. Мындай жоопту күтүп турган поп дароо: «Ахмад чыктыбы?» - деп сурайт. Талха поптун суроосунун төркүнүн түшүнө албай: «Ахмад дегениң ким?» - дейт. Анда поп: «Ал деген – Абдуллах бин Абдулмутталибдин уулу. Бул ай анын чыга турган айы. Ал пайгамбарлардын эң акыркысы болот. Меккеден куулуп, таштак жана курмалуу жерге журт которот (хижрат кылат). Эсиң болсо, ага жетиш, андан куру калба» - дейт.
Поптун айткандары Талханын жүрөгүнө биротоло орношуп калат. Ал дароо Меккеге кайтып келип, жакын арада кандай окуялар болгондугун сураштыра баштайт. Анан Абдуллахтын уулу Мухаммад ал-Амин пайгамбар болгондугун жана Азирети Абу Бакирдин аны ээрчигендигин угат. Бир да мүнөттү текке кетиргиси келбеген Талха дароо Абу Бакирге барып, ага поптун айткандарынын баарын баштан-аяк айтып берет. Андан соң экөө чогуу Алланын Элчисине (саллаллааху алейхи ва саллам) барышат. Талха ошол жерде мусулман болуп, алгачкы мусулмандардын сабынан орун алат.
Башка көптөгөн мусулмандар сыяктуу эле Талха да Ислам динине киргенден кийин бир топ кыйынчылыктарга туш болгондугуна карабастан, мусулманчылыктан баш тарткан эмес. Ислам душмандарынын бири болгон Навфал бин Хувайлид анын мусулман болгондугун угаары менен Талханы Азирети Абу Бакир менен бирге чогуу бир жипке байлап коюп, көпкө чейин чечпей койгон.
Ухуд согушунда Сүйүктүү Пайгамбарыбызды (саллаллааху алейхи ва саллам) баатырларча коргогон. Ал жаракат албасын деп атылган жебелер менен шилтенген кылычтарга каршы денесин калкан кылган. Ошентип денесинен бир топ жаракат алган.
Талханын согушта жасаган эрдиктери тууралуу сахабалардан Саад бин Абу Ваккас мындай дейт:
«Талха Ухуд согушунда биздин арабыздан Алланын Элчиси (саллаллааху алейхи ва саллам) үчүн өз жанын аябай, баатырларча кармашты. Биз душмандар менен кармашкан кезде Пайгамбардын алдынан тигил-бул жакка кеткенибизде да, ал Пайгамбардын жанынан жылган жок.
Пайгамбардын алдына кайра келген кезибизде Талханын Пайгамбар үчүн өз денесин калкан кылгандыгына күбө болчубуз.
Бутпарастардын арасынан көзгө атар мерген Малик бин Зухайр Алланын Элчисин мээлеп жаасын тартып калды. Талха жебенин Алланын Элчисине (саллаллааху алейхи ва саллам) сайылаарына көзү жеткендиктен, аны коргоо үчүн жебеге каршы колун суна койду. Жебе Талханын колуна кадалып калды» (Ибн Саад, Табакат).
Талха тууралуу Пайгамбарыбыз (саллаллааху алейхи ва саллам): «Кимде-ким жер жүзүндө жүргөн, бейишке кире турган адамды көргүсү келсе, анда Талха бин Убайдуллахты карасын» (Тирмизи).
Азирети Талха Жамал окуясында Марван бин Хакам тарабынан өлтүрүлгөн. Айтууларда ал өлгөн кезинде 60-64 жаштарында болгон деп айтылат. (Ибн Хишам, ас-Сироту ан-Набавиййа).
Азирети Пайгамбар (саллаллааху алейхи ва саллам) Талханы аябай баалаган жана аны «Хаййир» («көп изги иштерди жасаган адам») деп атаган. Ошондой эле аябай жоомарт болгондугу себептүү ал «ал-Файйад» («пайдалуу иштерди көп жасаган») деген лакапка да ээ болгон.
Талха бин Убайдуллахтын он бир уул, эки кызы болгон. Уулдарынын дээрлик баарына пайгамбарлардын аттарын койгон. Уулдарынын аттары Мухаммад, Имран, Муса, Йакуб, Исмаил, Исхак, Закариййа, Йусуф, Иса, Йахйа, Салих, ал эми кыздарынын аттары Аиша жана Марйам болгон. Алла ага ыраазы болсун!