Он төртүнчү сан

Мазмуну
Урматтуу окурмандар!
Ислам дининин негизги булагы, таянычы Ыйык Куран. Куранда айтылган ахлактык үлгү Батыштын мээсине кадалган кейиптен такыр башкача. Куран сүйүүгө, биримдикке, ынтымакка, мээримдүүлүккө, кичипейилдикке, толеранттуулукка, кайрымдуулукка, адилеттүүлүккө жана албетте, тынчтыкка чакырат. Ушу аталган жана аталбаган изгиликти жандүйнөсүнө сиңирип, жүзөгө ашырган мусулман ашкере сылык-сыпаа, кыраакы, ишенимдүү, ийкемдүү жана жоопкерчиликтүү адамга айланат. Айлана-чөйрөсүндөгүлөрдүн сый-урматына, сүйүүсүнө арзыйт. Дүйнөдө Исламчалык мыкты адеп-ахлакка маани берген бир да дин, бир да система жок экендиги кашкайган чындык. Буга Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам): «Ислам – бул изги ахлак» деген накыл сөзү далил. «Ахлагы мыкты пенде момун мусулмандардын эң ыймандуусу жана жакшысы», «Ахлагы мыктылар мен үчүн абдан сүйкүмдүү жана булар кыяматта мага эң жакын турушат» деген хадистер, ахлактуулуктун эки дүйнөлүк маанисин даана чагылдырып турат. Адилеттүүлүк, убадага бектик, кечиримдүүлүк, кичипейилдик, ата-энеге сый-урмат кылуу, моюн сунуу, сүйүү, биртуугандык, тынчтык, ишенимдүүлүк, тактык, биримдик, жакшылык, кайрымдуулук, ар-намыс, ариет, жоомарттык, берешендик, ынтымак, жылмайыңкы жүз, жагымдуу сөз, таза жүрөк өңдүү изги ахлакка чакырган жана заалымдык, адилетсиздик, текеберлик, кызганчаактык, бирирөөнүн артынан сөз агытуу, бузукулук, зыкымдык, өзүмчүлдүк, кекчилдик, кара ниеттик, ысрапкорчулук, кутумдук сыяктуу жаман жоруктарга тыю салган көптөгөн аяттын бар экендиги Курандын адеп-ахлакка канчалык деңгээлде маани бергендигин айгинелеп турат.
Кадырлуу окурмандар!
Куран эң алгач «Оку!» деген аят менен келе баштаган. Андыктан, бул сандагы экинчи негизги теманы илимге багыштадык. Ислам дининин илимге көз карашы, илимге чакырыгы тууралуу макалаларды окуй аласыздар. Ырым-жырымга жык толгон жашоо таризи бизди эч качан туура дарекке «сыратал мустакиймге» алып барбайт. Ошондуктан, дүйнөлүк илим-билимди да, диний билимди да күчтүн жетишинче алуу зарыл.
Урматуу мекендештер!
Үстүбүздөгү май айы майрамдарга бай. Атап айтсак, 1-май эмгекчилердин эл аралык майрамы, 5-май конституциянын кабыл алынган күнү, 9-май Улуу жеңиш майрамы. Андыктан, баарыңыздарды аталган майрамдар менен чын дилден куттуктайбыз! Ылайым оорубаңыздар, жалаң гана жакшылыктын, биримдиктин кучагында Алланын алдындагы милдеттерибизди өтөп жүрө берели!
Терең урматтоо менен ....