Он төртүнчү сан

Журналдын он төртүнчү саны

Мазмуну

Мээримиңди мендейден аябачы

Жүрөгүм ишенгенден ынайм Сага,
Жүзүңдү көрбөсөм да Кудай Таала.
Жалбарып бир Өзүңө таянамын,
Жанымды жеп турганга ылай санаа.

Өзүмдү кырк миң жолу алдасам да,
Өзгөрбөй сезимдесиң Алла Таала.
Бир жолу таразана тушөөрүм чын,
Миң жолу жакшы көрүп жалгасаң да.

Ыйманым болсо дагы бүтүн менин,
Баары бир корккондордун ичиндемин.
Дооматтуу шум дүйнөдө жашап туруп,
Жетеби түз жүрүүгө күчүм менин.

Айыптуумун күнөөмдү тактай албай,
Азабы көп өмүрдү мактай албай.
Мээримиңди мендейден аябачы,
Милдетим көп жүрбөйүн актай албай.

Башына