Он төртүнчү сан

Журналдын он төртүнчү саны

Мазмуну

Дубага муктажбыз

sabir_kg @mail.ru

Жашоодо бир чындык бар. Ал чындык – адамдын ар дайым Алла Таалага муктаж экендиги. Анткени, пенде өтө алсыз жана күчсүз абалда жаратылган. Алла Таала ага эң жоопкерчиликтүү милдет катары ибадат кылууну буйруган. Эми ошол милдетти аткаруусу үчүн сөзсүз кандайдыр бир жардамга муктаж. Ал жардамды бир гана Алла Таала өзү бере алат. Андыктан, адам өз милдеттерин толук жана татыктуу аткаруусу үчүн Алла Тааладан жардам суроосу керек. Ал жардамды Алла Тааладан кантип сурайбыз? Албетте дуба аркылуу. Дуба – бул инсандын абалын жана ар түрдүү каалоо-тилектерин Жаратканга билдирүүсү. Адам баласы канчалык жегенге, ичкенге муктаж болсо, анын руху да ошончолук дубага муктаж. Пенденин башына мүшкүл иш түшкөндө дуба кылып, ал эми кыйынчылыктан кутулганда Кудайды эстен чыгарып койбоосу зарыл. Анткени, кээбир инсандар кыйналганда дуба кылат, бирок кыйынчылыктан эсен аман кутулса Кудайды, Ага шүгүр кылууну унутуп коёт. Мына ошондуктан, Алла Таала өзүнүн ыйык Китебинде бизге кайрылып мындай дейт: “Муктаждыгыңар болсо да, болбосо да, дайым Ага ( Аллага) жакындагыла”.

Демек, инсан муктаждыгы болгондо гана эмес, муктаждыгы болбогондо да, кыйналганда да, кыйналбаганда да Алла Таалага дуба кылууга тийиш. Ошону менен ал жүрөгүндөгү жаман иштерден калган кара тактарды ушул дуба аркылуу тазалай алат. Айрыкча, дуба – пендени Алла Таалага байланыштырган, Жаратканга жакындаткан эң маанилүү ибадаттардын бири болуп эсептелет. Ошондой эле Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) дуба жөнүндө: “Дуба – момундун куралы” - деп айткан Ырас, дуба аркылуу момун мусулман рухий күч-кубат табат. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) кыйын абалга кириптер болгон учурда дароо

Алла Таалага жалынып мунажат кылып, андан жардам сурап, дубадан кийин өзүн жеңил сезип калчу экен. Ошону менен бирге Куранда момундарга:“Эгер силер дуба кылып жалбарбасаңар, Жараткан силерге көңүл бөлбөйт” деп айтылган. Демек, мусулмандар ар дайым Алла Таалага дуба кылып, өздөрүнүн кандайдыр бир көйгөйүн же башка тилектерин билдирип турса, ошондо гана Жараткан дуба кылган кулуна көңүл бурат. Ушулар менен катар Алла Таала башка бир аятта мусулмандарга: “Мага дуба кылып сурангыла. Мен силердин (суранган тилек-дубаңарды) кабыл кыламын” дейт. Жараткан «менин баланча пендем качан мага дуба кылат экен» деп пенделеринен дуба күтөт.

Анткени, Ал адам баласынын бактылуу болуусун каалайт. Бул анын мээримдүүлүгүнүн, жоомарттыгынын белгиси. Бирок, пенде булардын бардыгын түшүнбөйт жана түшүнгүсү да келбейт. Намаз, Кудай деп айтылса эле дароо ишим көп, убактым жок же шартым жок деп, өзүнүн шылтоолорун тизмектей баштайт. Ал эми пенденин эң негизги максаты шылтоо табуу эмес, Алла Таалага татыктуу кул болуу. Шылтоо табам деген адам жүздөгөн шылтоолорду тапса болот. Ал эми динди шылтоо, жалганчылык менен эмес, чын көңүл менен кабылдап, өкүмдөрүн аткарганыбыз оң.

Алла Таала бизди көрүп турат. Керек болсо биз ойлогон ойду, жүрөктөн өткөргөн нерселердин баарын билет. Алла Тааланын билүүсүндө эч кандай шек-күмөн жок. Бирок, Алла Таала адамдын Өзүнө канчалык жакын экендигин сыноо үчүн кулдарынын дуба кылуусун каалайт. Алла Таала биздин дубабызга, ибадатыбызга муктаж эмес, тескерисинче биз Ага муктажбыз. Ал эми биздин муктаждыгыбызды билген Алла Таала бизди жаратып эле койбостон, биздин ички дүйнөбүздү, руханий жашообузду оңдошубуз үчүн бизге Ислам динин жиберген. Алла Таала өз пенделерине кайрылып мындай дейт:

Дуба кылган киши барбы, мен анын дубасын кабыл кылайын,

Тообо кылган киши барбы, мен анын тообосун кабыл кылайын,

Тилек тилеген киши барбы, мен анын тилеген тилегин берейин.

Бул тууралуу Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген: “Алла Тааланын алдында дубадан кымбат турган эч нерсе жок”, “Дуба -ибадаттын өзөгү”, “ Кимге дуба эшиги ачылса, ага ырайым эшиктери ачылат”.

Демек, кимге ырайым эшиктери ачылса, Алла Таала ага ырайым нурун төгөт, каалаган каалоо-тилектеринин баары кабыл болот. Инсан канчалык көп дуба кылса, ал ошончолук жеңилдейт, ырахат алат жана кубанат. Бирок, буларды кылбаган, билбеген түшүнбөйт жана дуба кылууну ойлоп да койбойт.

Чындыгында дубанын көптөгөн пайдасы бар. Мисалы, Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) доорунда болгон Бадр салгылашуусуна көз чаптырсак, Меккенин бутпарастары бир ууч мусулмандарды жер менен жексен кылып жиберебиз деп Бадр кудугунун жанына келишет.

Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммед Мустафа болсо Алла Таалага кайрылып жардам сурайт: “Оо, жардам сураган кишинин жардамчысы! Оо, улуу Алла Таалам! Сенин диниңди сактоо, коргоо үчүн сенден жардам сурайбыз. Өзүң бизге жардам бере көр”.

Алла Таала сүйүктүү элчисине жардам бербей коймок беле. Албетте, жок. Алла Таала: «колуңа бир ууч топурак алгын да мушриктердин жүзүнө чач» деп Жабирейил периште аркылуу ага буйругун билдирет. Бурук дароо орундалат. Аңгыча жер жайнаган бутпарастын баары көздөрүн ушалап, олтуруп калат. Бутпарастар сокур адамдай жер сыйпалап калган маалда мусулмандар аларды туткунга алышат. Ошентип, согуштун натыйжасы мусулмандардын жеңиши менен аяктайт.

Дуба кылууга чейин мусулман баласы төмөнкү жагдайларга көңүл бурушу керек:

Биринчиден, мусулман дуба кылууга чейин жеген тамагына, кийимине, ой-пикирине, жүрүм-турумуна көңүл буруп, арам нерселерден оолак болушу керек.

Экинчиден, чын ыкластан берилип, жан дилден дуба кылуу керек. Анткени, ооз учунан кылынган дуба кабыл кылынбайт. Анткени, Жараткан Алла биздин журогубуздогу «кылт» эткен сезим учкунун да билип турат.

Инсандар кедей-кембагал, бай-бардар, кары-жашы, ооруганы да, соосу да, айтор, баары текши дуба кылып, Алла Тааладан ден-соолук, бакубат жашоо жана ар түрдүү жакшылыктарды суроого тийиш.

Анда эмесе Жараткан өзү бардыгыбызды тилеген тилегибизге, кылган ниетибизге жеткирип, ар дайым Алла Тааланы эстеп жүрүүбүздү насип кылсын. Дуба кылыңыз, дубаңыз кабыл болсун. Дуба аркылуу Алла Таала барыбыздын жүрөгүбүздү ачып, дилибизди тазартсын. Дайыма бири-бирибизге дуба кылып туралы. Анткени мусулмандын бири-бирине кылган дубасы кабыл болот.

Башына