Он төртүнчү сан

Журналдын он төртүнчү саны

Мазмуну

Ислам дининин илимге берген мааниси

canbey@mail.ru

«Дин жана илим» деген түшүнүктөр жөнүндө айрымдарыбыз адегенде эле «экөө таптакыр эки башка нерсе» деп экөөнү бири-бирине кийгилиштирбестен ажыратып карайбыз. Мындай көзкараштагы адамдар тилекке каршы, илим десе эле адамзат үчүн түбөлүк бакыт тартуулай койчу нерсе сыяктуу көрүнгөн (пайдалуу жана зыяндуу) технологияны, ал эми дин десе эле мечит менен селде оронгон молдону түшүнөт. Муну менен дүйнө илиминен бир аз үйрөнүп алган мындай адамдар өздөрүн аалымзаада сезип «деги эле дин деген эмне, ал кайдан келди, дин десе эле бардыгы дин боло бериши мүмкүнбү, болсо чыныгы акыйкат дин кайсы, эгер акыйкат дин болсо ал кандай өзгөчөлүк-мүнөздөргө ээ болушу керек, булардан кабардар болгон күндө да, динди карманган адамга карап аны баалоо туурабы?» деген сыяктуу суроолорго эч бир диний маалымат-билими болбостон туруп жооп айткан болот. Ал эми илимден да, чыныгы динден да кабары бар айрым адамдар илим менен дин, тагыраак айтканда акыл менен чыныгы дин ар дайым бири-бирин толуктап келгендигин, экөө (акыл менен чыныгы дин) эч качан бири-бирине карама-каршы келбестигин айтышат. Ал гана эмес, чыныгы дин илим үчүн ар дайым жол баштаган шам чырак болуп келгенин жана экөө эриш-аркак ажырагыс бир бүтүн күч катары адамзат бактысы үчүн кызмат кылып келе жатканын белгилешет. Албетте, бул экөөнүн ажырагыс бир бүтүндүгүн айтып жаткан бул көз караш чыныгы дин болгон исламга таандык. Анткени дин жана илимдер тарыхында айрым диндердин (Христиан дини сыяктуу) окумуштууларга куугунтук жасап, аларды дарга асуу сыяктуу илимге бут тосуп келген каршылыктары жана экөөнүн ортосунда болуп өткөн ачуу күрөш баарыбызга маалым. Ал эми ушул эле учурда Ислам дининин илим-билимге берген зор маанисин эч ким жокко чыгара албайт. Себеби Ислам акылга эң көп негизделген жана илимди тастыктаган дин. Мына ушундай киришүүдөн байкалгандай, сөз кезеги илим жана анын Ислам дининдеги орду туурасында болмокчу.

«Билүү» маанисин туюнткан «илим» сөзү «маалымат», «билим» сөздөрү менен да маанилеш. Классикалык сөздүктөрдө «илим» сөзүнө «Кандайдыр бир нерсенин чыныгы жүзүн аңдоо, чындык менен айкалышкан бекем ишеним, билимсиздиктин (караңгылык) карама-каршысы» деп түшүндүрмө берилет. Ал эми терминологияда «белгилүү бир тармакка таандык системалуу билим жыйындысы» деген маанини туюнтат. Алсак, тафсир илими, астрономия илими сыяктуу.

Ислам дини илим-билимге, окууга өзгөчө маани берген. Азирети Мухаммед Пайгамбарыбызга түшкөн эң алгачкы вахийде (Алланын кабарында) окуу, калем жана билүү сөздөрү жөнүндө кеп козголгон. Анда төмөнкүчө буюрулган: «Оку! Жараткан Эгеңдин аты менен. Ал инсанды уюган кандан жараткан. Оку! Сенин Эгең абдан Айкөл-Жоомарт. Ал инсанга калем менен жазууну үйрөткөн. Ал инсанга анын билбеген нерселерин билдирген» (Алак, 96/1-5). Алгачкы эле буйрукта көрүнүп тургандай, Алла Таала адам баласына кандайдыр бир нерсени, кайсыл бир багытты же болбосо, тигини же муну «оку» деп илимди белгилүү бир тармак же багыт менен чектеген эмес. Тагыраак айтканда, динди жана акырет илимдерин гана «оку!» дебестен дүйнөнү, ааламды, табиятты, инсанды, Алланы, акырет жашоосун, дегеле акыл-эсиңе эмне келсе жана сенин эки дүйнөдөгү бактылуулугуң үчүн эмне зарыл болсо, ошонун баарын «оку!» деген.

Ислам дини адам баласынын табиятына ылайык дин болгондуктан, бүтүн мусулмандарга илим алууну парз кылган. Ар бир мусулман өзүнө тиешелүү диний милдеттерин аткара турганчалык илим алуусу, адал менен арамды, чындык менен жалганды бир-биринен ажырата ала турганчалык билимге ээ болуусу зарыл. Бул зарылдыкты Пайгамбрыбыз Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) өзүнүн куттуу хадистеринин биринде: «Илим алуу - ар бир мусулман эркекке да, аялга да парз»деп белгилеген. Медицина, экономика жана технология сыяктуу коом үчүн керектүү болгон ар кандай илимдерди алуу «парзы кифая» болуп эсептелет. «Парзы кифая» – бул кайсыдыр бир коомдук муктаждыктын коомчулук тарабынан орундалышы зарыл болгон иш. Бул ишти жалпы коом же коомчулуктан айрым адамдар да орундабаса, ага бүтүндөй ошол коомчулук жооп берет. Демек, мына ошондой зарыл илимдер коомчулуктагы муктаждыктарды камсыздай ала турганчалык деңгээлде айрым жарандар тарабынан алына турган болсо, бул парз орундалган болуп эсептелет. Бирок, коомчулукка зарыл болгон ошол илимдерди эч ким албаган болсо, анда ал коомдун ар бир жараны Кудай алдында жоопко тартылат.

Бул жерде белгилей кетчү жагдай мактануу, өзүн башкалардан жогору көрсөтүү, жеке кызыкчылык үчүн, моралдык-материалдык жактан бирөөгө зыян берүү максатында илим алуунун адам катары түк кажети жок.

Ыйык Куранда «илим» сөзү туундулары менен кошо 750 жерде орун алган. Айрыкча анда илимге байланышкан «акыл, пикир жана зикир» сыяктуу сөздөр байма-бай эскерилет. Мына ушунун баары, албетте, Ислам дининин илим-билимге карата өтө олуттуу мамиле жасагандыгын айгинелеп турат. Айрым хадистердин сүрөттөсү боюнча, «илим» жана «хикмат» мусулмандын жоготуп жиберген мал-жандыгына окшош. Мусулман аны дарегин айтып берген кишиге жана табылган жерине карабастан, кай жерден тапса, ошол жерден алуусу керек. Ар кандай жамандыктын, ал гана эмес, «куфр» менен «ширктин» да башы билимсиздик жана караңгылык. Куфрдун эмне экенин билген киши каапыр болмок эмес. Ширктин да эмне экенин билген киши, жаратылган нерселерди Аллага теңеп, Андан башкага табынып, сыйынмак эмес. Мына ошондуктан Ыйык Куранда Алла Таала Муса пайгамбардын (алейхис салам):

«...Караңгы-наадандардан болуудан Сага баш калкалайм» (Бакара, 2/67) деп жардам сураганын бизге кабарлайт.

Ошондой эле Алла Таала Нух пайгамбарга(алейхис салам): «...Караңгы-наадандардан болбоону насаат кылам!» (Худ, 11/46) деп буйруп, билимсиздиктин канчалык зыяндуу экенин белгилейт. Ислам дининде илимдин бардык түрүнө өзүнчө маани берилген.

Ислам дини билимдүүлөр менен билимсиздердин бирдей эмес экенин: «Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?» (Зумар, 39/9) деп экөөнүн ортосундагы айырманы ажыратып көрсөткөн. Аалымдардын жана илим жолуна түшкөн кишилердин кадыр-баркын жогору койгон. Аалымдар жер жүзүнүн шам чырагы, пайгамбарлардын орун басары, мураскору болуп саналат. «Бир аалымдын өлүмү - бир ааламдын өлүмү» деп бекеринен айтылбаса керек. Асыресе, Исламда илим Алланын ыраазылыгына ээ болуу жана алган илим менен жашап, ага амал кылуу үчүн алынарын унутпашыбыз кажет.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам): «Оо, Жараткан Алла! Мага насип кылып үйрөткөн илимиңден пайдаланта көр. Мага пайда бере турган илим үйрөтүп, илимимди арттыра көр...» деп жалгыз Аллага жалбарып, береги жагдайга ишарат жасаган.

Бул дүйнө акыретке азык камдоочу эгин талаасы сыңары. Дүйнө гармониясын сактап туруу үчүн Кудай Таала тарабынан атайын билдирилген жол-эрежелер бар. Ошондуктан, бул дүйнөдө инсандардын экономикалык, социалдык, диний жана дүйнөлүк абалдарын ирет-тартипке салып туруучу жана бүтүндөй адамзаттын башын бириктирүүчү күч – бул Ислам дининин илим жолу. Анткени чыныгы илим инсанды адамдык сапаттан чыгарып салчу адеп-ахлаксыздыктардан арылтат. Ал адамдын көзүн ачып, пендезаадага болгон сүйүү сезимин ойготот. Жакшы адеп-ахлакка, маданиятка ээ болууга себеп болот. Дүйнө жана акырет жашоосунун жарык болушуна да жол ачат. Пайгамбарлардын жана периштелердин жогорку даражага ээ болушунун себеби да илимге негизделет.

Маалым болгондой, илим – иш-амалдын эң изгиси болуп саналат. Бир сөз менен айтканда, илим шарапаттуулуктун жана байлык-дөөлөттүн дал өзү. Жогоруда илим туурасында айтылып өткөн айрым аят-хадистердин жыйынтыгында Ислам менен илимди бири-биринен ажыратып кароо мүмкүн эмес экендигин айтууга болот.

Башына