Он төртүнчү сан

Мазмуну
Сүйүктүү Пайгамбарыбызды (саллаллаху алейхи васаллам) таанытуу, анын кулк-мүнөзү тууралуу жеткиликтүү айтуу оңой иш эмес. Алланын Ардактуу Элчисин (саллаллаху алейхи васаллам) кай жагынан карабайлы адамзааданын мырзасынын дал өзү эле. Арийне, анын сахабасы саналган Абдулла ибн Саламдын береги сөздөрү мени катуу ойго салат: «Анын жүзүн көрөрүм менен жалганчы жүз эмес экенине ынандым. Айткандарын тыңдап, адеп-ахлагын көргөн жан андан шектенбейт».
Жаратылыш Нуру (саллаллаху алейхи васаллам) жаштайынан ишенимдүүлүгү, убадага да, ишке да тактыгы жана, албетте, изги ахлагы менен калктын калың катмарына дейре таанымал адам болгон.
Теманы баштардан мурун «мужиза» сөзүнүн маани-маңызы тууралуу айта кетүүнү туура көрүп турам. Мужиза сөзү «алсыраткан, эрөөлгө чыга албоо, экинчи нускасын жасай албоо, ажайып» деген маанилерге келет. Тактап айтканда, аны теңдеши да, экинчи нускасы да жок, башка китеп анын каршысында тиреше албайт.
Вахий деген сөз бачым белги, жазгычтык, пайгамбарлык, илхам жана жашыруун сөз сыяктуу дагы башка көптөгөн маанилерди да туюнтат. Корутундулап айтканда, вахий - бул Алла Тааланын каалаган нерселерин каалагандай түрдө пайгамбарларына билдириши.
Жараткан Алла Таала кайсы учурда пайгамбар жиберген болсо, ошол учурдагы шартка ылайыкталган мужизаларды кошо берген. Маселен Азирети Мусанын (алейхис салам) учурунда сыйкырчылык эл ичинде кеңири таралган, калктын көңүлүн өзүнө буруп, жадагалса ишенимин ээлеп алуу коркунучу кара тумандай каптап турган. Азирети Исанын (алейхис салам) доорунда табыпчылык өркүндөп, айрым кооптуу жагдайлар жарала баштаган. Ошондуктан, Алла Таала вахий катары Азирети Исага табыпчылыктын эң мыктысын берген.
Арап коомчулугу адабиятка абдан ышкыбоз болгондуктан, адабий жана көркөм сөздөн таасирленип, олуттуу маани берише турган. Жада калса бир төрт сап ыр да маңызынын таасирдүүлүгү менен айрымдарын көккө көтөрсө, айрымдарын жердин түбүнө жексен кылууга жетиштүү эле. Мына ошол себептен Жараткан Алла Азирети Мухаммед Мустафага мужиза катары Куранды берген.
Курандын ашкере көркөмдүгүн, нары ажайып таасирин аңдап, сезген мушриктер адамдардын буга тартылып кетпеши үчүн өзүнчө чара көрүшкөн. Мушриктер Куранды окууга жана тыңдоого катуу тыюу салганы аз келгенсип, кокус Кудай Тааланын сөзүн угуп, андан таасирленип, арбалып кетпесин деген бузук ниет менен окуп жаткан адамдын жанына барып чуру-чуу чыгарганга чейин барышкан.
Ооба, Алла Элчисинин бул улуу мужизасы кыяматка чейин уланат. Ал кыяматка чейин кагаз бетинен өчпөйт жана адамбаласынын тилинен да, дилинен да түшпөйт. Курандын көркөм айтымы гана эмес, анын дагы ачыла элек миңдеген мужизалык жактары бар. Маселен анын эң кыска сүрөсү саналган Кавсар сүрөсүндө көп мужиза бар.
Адам атпай чогулса да, мен деген адабиятчылар жыйналып, бар өнөрүн төксө да бир аятка тең келчү сүйлөмдү жарата алышпайт. Курандын көркөм айтымы, тил казынасы ушунчалык бай болгондуктан, арап урууларынын ак таңдай чечендери далай ирет баш оорутуп, ал даражадагы айтымдарды жарата алышкан эмес. Анткени, Курандын поэзиялык жана акылды алсыраткан ажайып усулу араптардын тилдик усулу жана казынасынан миң эсе мыкты деңгээлде болгон. Курандын бул кашкайган артыкчылыгы кыяматка чейин өз ордунда кала берет.
Анын теңдешсиз көркөм айтымына, маани-маңыздын акылга сыйгыс тереңдигине арбалып далай акын ыр жазууну токтоткон. Анын деңиздин толкунундай таасирине байланган кемечилер Исламды тандашкан. Далай гайрыдиндер анын илимий мужизасын көрүп, таң калгандыктан мусулман болушкан.
Ибн Аббастын баяндамасына караганда, бутпарастардын билермандарынан саналган Валид бин Мугира күндөрдүн биринде Алланын Элчисине келет да Куран окушун талап кылат. Ошондо Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) мына бул аятты окуп берет:
«Алла Таала силерге албетте адилеттүүлүктү, жакшылык кылууну, туугандарга жардам берүүнү буйруп, зынакорлукка, жамандыктарга жана зулумдук кылууга тыюу салат. Угуп тутунарсыңар деп силерге насаат берет» (Нахл, 90).
Валид:
- Ушуну мага да бир жолу оку! – дейт ынтаа койгон таризде.
Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) аятты кайталап окуган соң, Валид:
– Ант болсун, бул сөздөрдө мөмөсү көптүгүнөн шагы ийилген, тамыры суулуу жана жемиштүү даракка окшош көркөмдүк жана жагымдуулук бар. Муну эч бир адам айта албас. Бул сөздөрдүн бүт нерседен улуу экендигинде шек жок. Эч бир нерсе аны ашып өтө албас, каршы чыккандарды сөзсүз түрдө жеңип алат – дейт.
Окулган бир аяттын толкунуна кабылып, Курандын жылуу деминен кату таасирленгенден кийин Абу Бакирге барат. Андан Куран тууралуу көптөгөн суроолорду сурайт. Ынанымдуу жоопту уккан соң, топтошуп турган Курайш уруусунун билермандарына барып буларды айтат:
-Мухаммеддин айтканы чынында эле абдан таң калыштуу! Ант болсун, ал ыр эмес, сыйкыр да эмес, жиндинин айта турган тантырак кеби да эмес! Анын айтып жаткандары Алланын сөзү экендигинде эч бир шектенүү жок.
Ант болсун, араңарда акындыкты, ырчылыкты жана касиданы менден кыйын билген адам жок. Анын айтып жаткандары булардын эч бирине окшобой турат. Анда ажайып жагымдуулук, куюлушкан ыргак бар.
Коомчулуктагы карөзгөйлөрдүн жан какшаткан азаптарына жана заалымдыгына карабастан, Ааламдардын Ардагы (саллаллаху алейхи васаллам) Ислам динин жайып, түбөлүк кутулууга багытталган чакырыкты таштайт. Мушриктер болсо ажылык же башка бир максат менен Меккеге келе жаткан жолоочуларды шаардын сыртынан тосуп алып, Азирети Мухаммедке (саллаллаху алейхи васаллам) жакындабоо, анын айткандарына кулак салбоо тууралуу алардан сөз алып, жадакалса коркутуп үркүтүүгө чейин барышат. Бул эле эмес, Меккеге келгендерге Алланын Ардактуу Элчисин сыйкырчы, жинди, бакшы сыяктуу өзүлөрү да ынана албаган сыпаттар менен көөлөп, каралап, жамандашат. Алардын бар максаты жолоочуларды андан оолактатуу эле.
Туфайл бин Амр акын киши болгон. Ошол кыйын күндөрдүн биринде ал Меккеге келип калат. Аны көргөн Курайштын тың чыкмалары:
– Оо, Туфайл! Сен залкар акынсың! Анын үстүнө коомчулукта зоболоң бийик. Ушу тапта сен биздин жерде турасың, бирок чекеге чыккан чыйкандай болгон ушу адамдан сак бол. Анын баштаган иштери бизге мүшкүл алып келди. Коомчулуктун ыркын кетирип, далай иштин тоз-тополоңун чыгарды. Анын сөзү ушунчалык өткүр, ушунчалык сыйкырдуу болгондуктан, ата менен баланын, эр менен аялдын, тууган менен туугандын ортосуна муздактыкты бүркүп салды. Түндүгүбүздү каптап турган ушундай жаман кырдаал сенин да, коомуңдун да башына келип калышынан коркобуз. Андыктан, аны менен баарлаша көрбө! Айткандарынын бирине да кулак салба! – деп ага акыл үйрөтүшөт.
Өзүнө камкор сезилген ушундай жагымдуу сунушту уккан Туфайл Алла Элчисинин (саллаллаху алейхи васаллам) сөзүнө кулак салбаганга, аны менен баарлашпаганга өзүнө өзү сөз берет. Жада калса Каабага барган кезде Азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) сөзүн угуп калбоо үчүн эки кулагын кебез тыгып алат.
Бирок пенде деген пенде экен. Ушундай күлкүлүү кылык жоруктарын акыл таразасына салып көрүп:
«Мен деген акыл-эстүү, акын адаммын. Сөздүн жакшысы менен жаманын эң сонун айырмалай алам. Анан кантип ушул адамдын сөзүн угуп, зыянга учурап калайын, тооба десе?! Жакшы болсо кабылдайм, жаман болсо баш тартам, ушунун эмнеси кыйын!» деп, ичинен бир чечимге келген соң ыңгайлуу өңүттү күтөт. Алланын Элчиси үйүнө келген кезде артынан акмалап келип:
– Оо, Мухаммед! Коомчулук Сен тууралуу мага ушундай маалымат беришти. Мен ушунча коркутушту дейсиң, сөздөрүңдү угуп зыянга учурап каламбы деп эки кулагыма тең пахта тыгып алдым. Мына азыр болсо Алланын жардамы менен сөздөрүңдү уккум келип жатат. Элдер үркүп жаткан чакырыгыңды мага жакшылап бир түшүндүрүп берчи?– деп, мурунку болуп өткөн окуяларды төкпөй чачпай айтып берет.
Насиби улук Туфайл андан ары сөзүн мындайча улайт:
«Алла Элчиси мага дин Исламды түшүндүрүп, Ихлас, Фалак Жана Нас сүрөлөрүн окуп берди. Кудайга ант болсун, мен Курандан артык сөздү, Исламдан ийги динди эч убакта, эч бир жерден көргөн да, укканда эмес экем! Алладан башка сыйынууга ылайыктуу эч бир кудайдын жок экендигине ыйман келтирдим да, мусулман болдум».
Элдин көңүлүнөн залкар акын катары түнөк тапкан Туфайл бир топ күн Азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) жанында калат. Дин тууралуу кыйла маалыматтарды алган соң уруксат алып, динге чакырууну ниет кылып өз элине кайтат.
Далил катары адамдарга көрсөтүүгө бир кереметтин болушу үчүн бир дуба кылып коюуну Алланын Элчисинен өтүнөт. Ошентип, Ааламдардын Ардагынын Жаратканга мунажат кылышынын берекеси менен оболу эки көзүнүн ортосуна балбылдап жанган бир нур пайда болот. Андан соң бул нур Туфайлдын каалоосу менен маңдайынан таягынын учуна өтөт. Коомуна баргандан кийин шейит кеткенге чейин элди динге чакырып, жихатка катышып өмүр кечирет.