Он төртүнчү сан

Журналдын он төртүнчү саны

Мазмуну

Ал-Куддус

Ак Башат казынасынан

«Куддус»сөзү «таза, аруу, бардык кемчилик-мүчүлүштүктөрдөн оолак, эч бир тагы-кири жок, изги сыпаттарынан улам алкоого алынган» деген маанилерди билдирет.

Ал эми терминологияда «ал-Куддус - Улуу Алла Тааланын ысымдарынан бири болуп, Затына жарашпаган мүлдө мүчүлүштүктөн такыр оолак, бардык сыпаттарында эң мыкты, сөзгө сыйбаган, даңктоого татыктуу кемел сыпаттарга ээ» деген маанини туюндурат.

Ыйык Куран-ы Каримде «Куддус» сөзү Улуу Алла Тааланын ысмы катары ал-Малик ысмы менен эки жерде өтөт (Хашр, 23; Жума, 1). Ошону менен бирге дагы бир жерде, Алла Таала периштелерге адам урпагын жарата тургандыгын билдиргенде, «...алар: жерде бузукулук кыла турган жана кан төгө турган затты жаратасыңбы? Биз сени мактайбыз, аруулайбыз жана даңңтайбыз - дешти» (Бакара, 30) деген аятта «нукаддису – улуулайбыз, даңктайбыз» деген таризде өтөт.

Ал-Куддус ысмы Алла Тааланын тигил же бул жандуу-жансызга такыр окшошпогонун, адамзатка таандык сыпат-өзгөчөлүктөрдөн алыс болгондугун каңкуулайт.

Жогорудагы Бакара сүрөсүнүн 30-аятында «нусаббиху» жана «нукаддису» деген таризде «тасбих-аруулоо» жана «такдис-улуулоо-даңктоо» сөздөрү бир жерде колдонулган. Бул эки сөздүн ортосунда айырмачылыктар болсо да, алар бири-бирин тастыктап толуктап турат. Себеби «тасбих» сөзү да Алланы ар түрдүү кемчиликтерден оолак тутуу деген маанини билдирет. «Тасбих» жана «такдис» сөздөрүнүн ортосундагы айырма төмөнкүчө: «такдис» сөзү тастыктоо жолу менен, ал эми «тасбих» сөзү оолак тутуу жолу менен далилдөөгө басым жасайт. Муну дагы да тереңирээк мындай чечмелесек болот:

Терс жана алсыз, мүчүлүш сыпаттардын оолак тутулушу, четке кагылышы ошол эле учурда эң жогорку кемел сыпаттардын тастыкталышын талаптайт. Асыресе, Ага «шериги (теңдеши) да, окшошу да жок» деп ишенүү Анын жалгыз Зат болгондугун тастыктоого жатат. Ошондой эле Аны «Ал эч бир нерседе алсыз эмес» деп кабылдоо Анын бардык нерсеге күч-кубаты жетерин, «Ал эч кимге зулумдук (адилетсиздик) кылбайт» дегендик Ал ар бир өкүм-буйругунда Адилеттүү болгондугун айгинелейт. Ырас, алсыздык менен кудуреттүүлүк, зулумдук менен адилеттүүлүк бири-бирине терс маанилерди туюнтат. Андыктан мындай карама-каршы маанилерден биринин тастыкталышы - экинчисинин оолак тутулушун, четке кагылышын талап кылат.

Демек, «тасбих» жана «такдис» сөздөрүнүн айырмасы мына ушул жерде. «Ал ушундай» дегенибизде, башкача айтканда, кандайдыр бир нерсени тастыктаганыбызда «такдис», ал эми «ал мындай эмес» деп, кандайдыр бир нерсенин андай болбогонун тастыктаганыбызда «тасбих» кылган болобуз. Ошону менен бирге жогоруда белгиленгендей, бул эки сөздүн ортосунда өтө чоң айырмачылык жок. Натыйжада экөө бир багытка бет алат. Бири-бирине арка-жөлөк болуп, бири-бирин толуктап турат. Алла Таала бул эки сөздү Ихлас сүрөсүндө бириктирип: «Айткын: Алла – Жалгыз! Алла – Самад б.а. Ал эч бир нерсеге муктаж эмес» деп такдиске, «Ал төрөгөн да, төрөлгөн да эмес. Ага эч ким теңдеш эмес» деп буюруу менен тасбихке далалат кылган. Кыскасы, такдис да, тасбих да Улуу Жараткан Алланын жалгыздыгын, улуулугун, аруулугун даңазалоого, Ага эч ким теңдеше албасын тастыктоого багытталган.

Башына