Он төртүнчү сан

Мазмуну
Риваяттарда Идрис пайгамбардын (алейхис салам) Вавилон аймагында туулгандыгы тууралуу маалыматтар бар. Тигр жана Эфрат дарыяларынын ортосундагы Месопотомия чөлкөмүндө орун алган Вавилон абалтан бери эл жашаган аймак болуп саналат.
Шит пайгамбардын уруусунан чыккан Идрис (алейхиссалам) Адам Атанын алтынчы муундагы урпагы деп айтылат булактарда. Аталган пайгамбар тууралуу Курандан төрт аятты кездештирүүгө болот.
Идрис (алейхиссалам) пайгамбар болордон мурда эле чын ыкластан талыкпай ибадат кылып, салих инсандар менен тыгыз байланышта болгон. Асыресе өз маңдай тери, өз колу менен оокатын өткөрчү экен.
Ал Кабыл уруусунан чыккан бир коомддун ичинде жашаган. Шит пайгамбардын жолунан тайган бул коомдун ахлагы, руханияты төмөндөп, ыпластыктын ырыссыз талаасында каңгып калышкан. Алар Жаратканга кулчулук кылууну унутуп, тыю салынган арам, жексур иштерди адал деп санагандыгы менен чектен чыгышкан. Алла Таала отуз барактай жарлык берип, бул коомду туура жолго баштоо үчүн Азирети Идристи пайгамбар кылып жиберген. Жарлыкта Жараткан Алланын буйруктары жана тыюу салган өкүмдөрү маалымдалган.
Идрис пайгамбар өз коомун Алланын ушул өкүмүнө чакырып, туура жолго салуунун камын көрө баштайт.
Натыйжада бузулган коомдун ичинен миң киши аны ээрчип, ыйман жолун тандаган. Периштелер анны зыярат кылып, ал-абалын сурап, аны менен сукбат курушчу экен.
Идрис пайгамбар коомду ак жолго баштаган кезде төмөнкүдөй акыйкаттарды даршан эткен:
“Акылдуу пенденин мартабасы бийиктеген сайын сылыктыгы да, адеби да ошончолук жогорулайт”.
“Акылдуу адам бирөөнүн кемчилигин издебейт, бирөөнүн айыбын чукубайт. Байманасы ташкан сайын текеберликке алдырып, менменсинип кетпейт”.
“Акылы тайкылар напсилерин аруулашпайт”.
“Акыретке болгон сүйүү менен дүйнө кумары эч качан бир жерде (жүрөктө) турбайт”.
“Дуба кылган убакта ниетиңиз пакиза, тилегиңиз аруу болсун!...”
Жараткандын кудурет-керемети менен Идрис пайгамбар (алейхис салам) көккө көтөрүлүп кеткен. Бул жагдай Марям сүрөсүнүн 57- аятында мындайча баяндалат:
Аяттагы жогорку орун же мартаба деген түшүнүккө тафсирчилер «Алла Таалага жакын жер, бейиш же асмандын төртүнчү кабаты» деп түшүндүрмө беришет. Буга кошумча, Бухари менен Муслимдин “туура хадистер жыйнагында” айтылган төмөнкү хадис анын көккө көтөрүлүп кеткендигин дагы бир ирет ырастайт. Азирети
Пайгамбарыбыз мындай деген: “Мен Миражга чыгып, асмандын төртүнчү кабатына барганымда Идрис пайгамбар менен жолуктум. Жабраил мага:
– Бул кишинин ысымы Идрис. Аны менен учураш! деди. Мен ага салам айттым, ал алик алып:
– Кош келипсиз, ыкласман тууганым, ыкласман пайгамбар! деди” (Бухари, Бадул-халк, 6; Муслим, Иман, 259-264).
Идрис пайгамбардын аккөңүл, ыраскөй, чынчыл жана сабырдуу экендиги Кураны Каримде мындайча сыпатталат:
“Ушул китепте Идристи эстегин! Чындыгында ал абдан ыраскөй пайгамбар эле.” (Марям, 56) “(Сүйүктүү Элчим!) Исмаилди, Идристи, Зулкифлди эстегин. Алар сабырдуу инсандар эле. Биз аларды Өз ырайымыбыз менен бейишке киргиздик. Чындыганда алар салих заттардан” (Анбия, 85, 86).
Жараткан Алла Таала аяттарда аты аталган пайгамбарларды мактоо үчүн изги иштерди аткарган “садакат” камкор, сабырдуу жана чыдамкай деген асыл сапаттар менен сыпаттаган.
Адамзат тарыхында пайгамбарлар руханий чокуда болгону сыңары учуру келгенде материалдык өңүттүн да жолбашчылары болушканы белгилүү. Азирети Адам дыйканчылыктын, Азирети Идрис тигүүчүлүк кесиптин үлгүсү болушкан. Алгачкы адам коомундагы жазуу маданияты Азирети Идристин (алейхис салам) жеке күч кайраты менен бир кыйла өнүккөн. Айрыкча ал учурдагы физика жана химия илимдеринин алгачкы пайдубалын түптөп, алгачкы саамалык маалыматтарды изилдеп табуу менен адамзат келечегине пайдалуу иш келтирген.
Жараткандын жарлыктары түшүрүлгөн пайгамбарлардын катарында Азирети Идрис да ыкласмандыгы, камкордугу, чынчылдыгы жана топуктуулугу менен Ыйык Куранда мактоого арзып, даңазасы арткан. Тирүүлүктө эң жогорку мартабаларга жетишип, сабырдуулугу менен өз коомуна жана кийинки муундарга үлгүлүү пайгамбар катары дастанга айланган.