Он төртүнчү сан

Журналдын он төртүнчү саны

Мазмуну

Халифа Харун Рашид

Суу агат, мезгил өтөт, дүйнө өзгөрөт, ай жаңырат, тарых калат. А биз адамдар убакыт өткөн сайын көп нерсени унутабыз. Бирок, баары тарыхта калат. Тарыхта кимдин кандай экендиги өзүнө жараша бааланып, өз баасын алат. Карт тарыхтын мына ошондой акыйкат баалоосуна татып, сыйлуу да, сыймыктуу да жактары менен Ислам тарыхында калган улуу инсандар аз эмес. Алардын бири айтылуу араб халифаларынын бири Харун Рашид болуп эсептелет.

Аббасилер мамлекетинин бешинчи халифасы болгон Харун Рашид 763-жылы (х. 145-ж.) (айрым булактар боюнча 765-766-жылдары, Хижра боюнча 148-ж.) Рейде жарык дүйнөгө келген. Ал Аббасилердин үчүнчү халифасы ал-Махдинин үчүнчү уулу. Харундун толук аты Абу Жафар Харун ар-Рашид бин Мухаммад ал-Махди-биЛлах бин Абдуллах ал-Мансур болгон.

Харундун балалыгы халифанын сарайында өткөн. Аны жаш кезинен баштап тарбиялоо халифанын ирандык кеңешчиси Йахйа бин Халидге табышталган. Ошентип Харундун алгачкы устазы да, тарбиячысы да Йахйа бин Халид болгон. Ал жаштайынан тартып эле ошол доордогу эң күчтүү аалымдардан илим алган. Мисалы, Хамза бин Хабиб аз-Зайаттан Курани Карим, Али бин Хамза ал-Кисаиден нахив жана фыкх, Муфаддал ад-Даббиден адабият, Имам Маликтен хадис жана фыкх илимдерин үйрөнгөн. Ошондой эле Басрадагы Халил бин Ахмад ал-Фарахидинин сабактарына катышкан. Илимге өзгөчө маани берип, ага көңүл койгон. Харун өмүр бою илимден алыстаган эмес.

Гуманитардык жана диний илим алуу менен гана чектелип калбастан башкаруучулук жана аскердик да таалим алган. Өзүнүн мына ошондой өжөрдүгү, көк жалдыгы жана эрктүүлүгү менен атасынын ишенимине ээ болгон.

Тайманбас жана эрктүү Харун жаш кезинде эле Византияга каршы аттанган эки аскердик колду башкарган. Биринчи жортуул 779-780-жылдары (х. 163-ж.) болуп, анда арабдар тарабынан Самалу шаар-чеби каратылган. Ал баштаган казат ийгиликтүү аяктаган жана анын артынан Харундун кадыр-баркы жогорулаган. Өзүн татыктуу башкаруучу катары көрсөтө алган Харун 781-жылы (х. 164-ж.) халифалыктын батыш аймактарынын башкаруучусу болуп дайындалган. Ошентип, Харун Ифрикия (азыркы Тунис), Сирия, Армения жана Азербайжан аймактарынын (вилаяттарынын) башкаруучусу болуп калат. Византияга каршы ал башчылык кылган экинчи жортуулда (781-782-ж.ж., х. 165-ж.) араптар алгачкы жолу Босфорго чейинки аралыкты толук каратып алууга жетишкен. Жогоруда айтылып өткөндөй, жортуулдарда жакшы ийгиликтерге жетише алган Харунга 782-жылы (х. 166-ж.) атасы тарабынан «ар-Рашид» («адилеттүү, жеткилең») деген лакап берилген.

Аббасилер мамлекетинин төртүнчү халифасы Хадинин өлүмүнүнөн кийин Харун Рашид 786-жылы (х. 170-ж.) халифалык такка отурган. Ал халифа болуп турган учурда (786-809-ж.ж., х. 170-193-ж.ж.) жалпы эле Аббасилер мамлекети айрыкча экономика жана маданият жаатында аябай гүлдөп, өнүккөн.

Харун Рашид өз доорунда өтө чоң абройго, зор кадыр-баркка ээ болгон. Анткени, ал диний таалим-тарбия менен жетилген маданияттуу адам эле. Ошол учурдагы франктардын королу Улуу Карл Харун Рашид менен достук мамиледе болгон. Алар дайыма бири-бирине белек-бечкек берип турушкан.

Ошондой белектеринин биринде Харун Рашид корол Карлга суу менен иштей турган саатты да белекке берет. Европалыктар анын эмне экендигин биле алышпай баштары каткан. Европалыктар сааттын иштеп жаткан үнүнөн коркуп: «Мунун ичинде шайтан бар го?! Болбосо, бул мындай дабыш чыгарбайт болчу», - деп, сааттан окчунураак жерде турууга аракеттенишкен. Акыры сааттын эмне экендигине акылы жетпей, аны баамдай албаган европалыктар ал саатты талкалап, бузуп ташташкан. Бул окуя азыркы учурда өздөрүн цивилизациялуу жана маданияттуу деп эсептеген батыштын маданият жагынан орто кылымдарда мусулмандардан канчалык деңгээлде артта калгандыгын айгинелеп турат.

Харун Рашид Багдад шаарын халифалыктын борборуна гана айландырбастан, илим-билим менен маданияттын да борбору кылууга жан үрөгөн. Ал Индия жана Иран элдеринин, ошондой эле грек тилдериндеги эмгектердин араб тилине которулуусуна каршы чыкпастан, кайра андай иш-аракеттерди чын дилден колдогон. Ошол учурдагы илимдер академиясынын функциясын аткарып турган Байтул-хикманын (Байту ал-хикма) бутуна туруусу үчүн чоң жардам берген. Адабиятты жактырган Харун өзүнө жаккан ырлар менен поэмалар үчүн көп-көп сыйлыктарды берген жана акындар менен аалымдардын таламдарын коргогон. Куран окууга жана хадистерди угууга да зор көңүл бурган. Өзгөчө «Каари-у амиирил-муминиин» деген каймана аттуу Саид ал-Аллаафтын кыраатын көп уккан.

Анын мөөрүндө «Ал-азамату ва ал-кудрату лиЛлаах» - «Чыныгы улуулук менен кудуреттүүлүк Аллага гана таандык!» (башка риваяттар боюнча «кун ма-аЛлоохи алаа хазар» - «Алла менен чогуу экениңди жадыңдан чыгарба!») деген жазуу болгондугу айтылат.

Харун Рашид халифа болуп турган учур башка убакыттардан айрыкча соода-сатык иштеринин активдүүлүгүнүн артуусу менен өзгөчөлөнүп турган. Мусулман соодагерлер Кытайдан тартып Чыгыш Африкага чейинки чоң аралыкта соода иштерин жүргүзө алышкан.

Тигр дарыясынын эки жак өйүзүнөн орун алган Багдад шаары Харундун убагында соода жолунун тоомуна айланган. Багдад шаары болсо халифа менен бармакилерге таандык болгон чоң-чоң сарайлар менен дүйнөнүн кооз шаарына айланган. Ал жердеги бакчалардын ичиндеги сарайларга негизинен Куранда бейиш тууралуу айтылган ысымдар берилген. Сөз менен сүрөттөп бере алгыс мына ушундай сулуу жер менен улуу кишинин айланасында өнүккөн окуялар калк тарабынан көркөмдөлүп, ар кандай эпизоддор менен коштолуп отуруп дүйнөнүн төрт бурчуна таанылган «Миң бир түн» аттуу шедевр чыгарма жаралган. Харун Рашид «Миң бир түндө» ар кандай пикир келишпестиктерди жөнгө салган, бей-бечараларга өз жардамын аябаган, ашыктарды табыштырган, таарынгандарды элдештирген, жаман иштерди жасагандардын сазайын берген жана жакшы амалды аткаргандарды сыйлап, сыйлык берген каарман катары берилген.

Тарыхый булактарда анын 9 жолу ажылыкка баргандыгы тууралуу да айтылат. Көзү өтсө да элдер тарабынан дайыма жакшы жактары, асыл сыпаттары айтылып, эскерилген халифа Харун Рашид 809-жылы (х. 193-ж.) көз жумган.

Башына