Он төртүнчү сан

Журналдын он төртүнчү саны

Мазмуну

Адамдар дүйнөсү

Бул дүйнө түркүн сырларга бай экендигин баарыбыз эле билсек керек. Чынында биздин билгенден биле элегибиз көп. Ал гана эмес ааламга жол салып, космосту багындырган технологияны ойлоп тапкан, өсүмдүк жана жандыктардын клеткаларынын ичине саякат жасап, алардын ар биринин курамын изилдеп чыккан окумуштуулардын дагы эле болсо башын ооруткан суроолор көп. Демек, дүйнө түркүн кызыктарга бай экен. Кызыктар дүйнөсү дегенде оюбузга жаныбарлар менен өсүмдүктөр келет эмеспи. Көрсө, адамдардын ичинен да таң калтырарлык өзгөчөлүктөргө ээ болгондор аз эмес экен. Бул саныбызда мына ошол «Адамдар дүйнөсүнө» бир саякат жасап көрүүнү чечтик.

АКШнын көптөгөн адамдары ашыкча семирип кетүүдөн жапа чегишери белгилүү. Бирок, бул нерсе айрымдардын атагын дүйнөгө таанытып, «эң алдынкылардан» болууга жардам берет. Мисалы, гиннестер китебине кирген эң семиз адам катары 1963-жылы Вашингтондо туулган Джонс Бровер Миннок катталган. 1966-жылы анын салмагы 317 кг. болгон. Жүрөгүнүн ооруусунан улам 1978-жылы ооруканага жатканда анын салмагы 635 кг.га жеткен. 1981-жылы оорудан улам каза болгон Джонс Бровер Минноктун салмагы 362 кг., ал эми бою 1,85м. болгон.

Ал эми бул багытта айымдардын арасындагы рекорд да АКШнын тургуну 1943-жылы туулган Розали Брэдфордго таандык. 1987-жылы анын салмагы 544 кг. эле. Жүрөк ооруусунан улам врачтардын койгон диетасын толук карманган Розали Бредфорд 1994-жылы салмагын 128 кг. га чейин түшүрө алган. Ал эми Улуу Британияда туулган Мюриэл Хопкинс айым 47 жашта, бою 1,80 см. болуп, 278 кг. салмакка ээ эле. 1971-жылы анын салмагы 301 кг. га жеткен.

Мындай салмак үч уктаса түшүнө кирбегендер да жашап өткөн. Андайлардын катарында Англиялык Хопкинс аттуу «мырза» жана Мексикалык Лючия Сарате айым бар. Хопкинс жети жашында 8,6 кг. болсо, 17 жашында (ушул жашта өлгөн) болгону 6 кг. салмакта болгон. Ал эми Лючия Сарате айым эргежээлдердин катарына кирген, б.а. 17 жашында бою 67 см., салмагы 2,13 кг. болгон. Жашы жыйырмага келгенде ал бир топ «семирип» калган эле. Себеби, ошол учурда ал түшкөн тараза 5,9 кг. ды көрсөткөн.

Эркектин көркү сакалда деп коет эмеспи. Мына ошол «сыймыгы» менен сыйлыкка жеткендер да бар экен. Алардын бири Норвегиялык Гангс Лангсет болуп эсептелет. 1927-жылы өлөр алдында анын сакалынын узундугу 5 метр 33 сантиметрге барабар болгон. Эң кызыгы – анын сакалы азыр Вашингтондогу Смитсоновск музейинде сакталуу экен.

Ошондой эле ийгиликке жетишүү үчүн Индиялык Кальян Рамджи Саин көп аракет кылган. Болгону ал сакалын эмес мурутун өстүргөн. 1993-жылдын июлунда анын мурутунун жалпы узундугу 3 метр 39 сантиметрге жеткен, б.а. оң жагы 1 метр 72 сантиметр, сол жагы 1метр 67 сантиметр узундукта болгон. Кальян Рамджи Саин мурутун 1976-жылдан бери өстүрүп келген экен.

Баарынан кызыгы – бул жарышка аялзатынан да катышууга бел байлаганы болуп эсептелет. «Манастан Чубак кем бекен» дегендей, Кентуки штатында (АКШ) жашаган Дженис Девери эркектерден кем калышпай, кадимкидей сакал өстүргөн. 1884-жылы анын сакалынын узундугу 36 сантиметрге жеткен.

Кандай болбосун, адамдар биринчи кезекте сырткы келбетке көп көңүл бурушат эмеспи. Себеби, арык болобу, семиз болобу, сулуулугу менен башкалардан айырмаланып турууну баары эле каалашат. Ал эми сулуулуктун «өзгөчө» түрүнө басым жасаган калк Африкадагы падаунг уруусу болуп эсептелет. Бул уруунун аялдары сулуулукту мойнунун узундугу менен өлчөшөт, б.а. мойнун узартуу үчүн ага чоң шакекчелерди тагышат. Мына ушундай «сулуулардын сулуусу» өзүнүн 40 см. узундуктагы мойну менен Гиннестер китебине кирүүгө жетишкен.

Ошентип, бирөө өз кызыкчылыгы үчүн күрөшүп келсе, башкалар үчүн туяк калтырып тукумун өстүрүү негизги орунда турат. Буга мисал катары 1725-65-жылдар аралыгында 27 жолу төрөгөн орус дыйкандын аялын айтсак болот. Алардын 16 сы эгиз, 7 си үч эм, 4 ү төрт эм болуп төрөлгөн. Ал эми Улуу Британиялык Элизабет Гринхил болсо 39 жолу төрөп, 32 кыз, 7 уулдун энеси болуу бактысына арзыган.

Ал эми полигамияга (көп аял алуу) уруксат берилген өлкөлөрдө бул сан суу кечпей калат. Алсак, Марокконун султаны Мулай Исмаил (1672-1727-жж.) 31 жашында 525 уул, 342 кыздын атасы болгону айтылат. Ал эми 49 жашка чыкканда анын 700-баласы жарык дүйнөгө келген экен.

Ошол эле учурда өзүнөн тараган муундун көптүгү менен өзгөчөлөнгөн адамдар да бар. Мисалы, АКШнын Пенсильвания штатында жашаган Сэмюэл Мает 1992-жылы 96 жаш курагын өзүнүн жалпы саны 824 кө жеткен «туяктары» менен чогуу белгилеген. Ал учурда анын 11 уул-кызы, 97 небереси 634 чөбөрөсү жана 82 кыбырасы болгон.

Ал эми АКШнын Висконсин штатынын тургуну Огаста Бандж 1989-жылы өзүнүн 7-муундагы небереси жарык дүйнөгө келгенде болгону 110 жашта эле.

Ушундай эле бакытка туш болгон аз сандагы ымыркайлардын бири да АКШнын кичинекей тургуну Меган Сью Остин эле. Болгону ал төмөнкү эмес жогорку муундагы «урпактары» менен мындай сыймыкка арзыган. 1982-жылы туулган Остиндин жээнтек тоюн ошол учурда 3-муундагы чоң ата, чоң энелерин жана алардын туугандарын камтыган 19 кишиден турган толук бир «команда» куттуктап келген эле.

Башына