Он төртүнчү сан

Журналдын он төртүнчү саны

Мазмуну

Жарака

7 миллиард адам, 7 миллиард түшүнүк, 7 миллиард кызыкчылык... Дүйнө кымкуут... Трайбализм... Ишенимдер арасындагы карама-каршылыктар... Алла жана Анын Элчисинен сырт, жалаң кызыкчылык үчүн курулган достуктар... Империализмдин оюндары...

Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү эң чоң көйгөй катары бөлүүчүлүктү жана бөлүнүүчүлүктү айтууга болот. Курулган үлкөн биримдиктер да бөлүүчүлүк оюнуна кызмат кылууда. Бөлүүчүлүк жана бөлүнүүчүлүк көйгөйү болгондо да кыяматты чакырган түргө өттү алкынып. Бул каргаша адамзатты түбөлүк элдешкис кылып, бири бирине касташтырып, кызыл кыргынга жеткирүүдө.

Буга мисал катары Чеченстандагы, Ооганстандагы, Ирак, Судан, Палестина жана башка мусулман өлкөлөрдөгү массалык кыргынды айтууга болот. Кыруучулардын кимдер экенин, алардын максатын билгендер да, билбегендер да бар. Суук кабар катары айта кетейин, демократтар тарабынан түзүлгөн Экономикалык Эсептөөлөр Конгресси (JEC) тарабынан иликтенип, даярдалган рапорт тастыктагандай Ирак менен Ооганстандагы согуштар үчүн Америка 2008-жылдын эсебин кошкондо 1триллион 600 миллиард $ сарптаптыр. Нобел сыйлыгынын ээси, Америкалык экономист Жозеф Е. Стиглитз менен Гарвард университетинин финансылык башкы адиси Линда Ж. Билместин эсептөөлөрү боюнча Ирактагы бир күндүк согушка 720 миллион $ сарпталат экен. Бул деген, ал жердеги согуштун минутасына 500.000 $ кетет дегенди түшүндүрөт.

Бул драмалык көрүнүш дүйнөнүн дөө-шаа өлкөлөрүнүн бөлүүчүлүк, күнкорлоштуруу саясатынын жемиши. Ошол эле учурда дүйнөнүн мен кыйын деген өлкөлөрүнүн айрымдары өз ичинен ирип, дарты оорлошуп кеткенин жашырганы менен, анысы ачыкка чыгып, алапайын таппай калгандары бар. Эми муну жаза берсе кагаз түтпөс, андан көрө темабызга кайталы.

Козголо турган негизги маселе диндеш биртуугандыктын зарылдыгы...

Бөлүүчүлөр башкалар экен. А өз ара бөлүнүп, бөрүлөргө жем болгондор кимдер? Же диндеш биртуугандыктын зарылдыгы жокпу? Биз диндеш биртуугандыгыбызды кантип тастыктайбыз?

Бир үйбүлөдөгү аталаш, энелештердин бир туугандыгын ата-энеси, алар жок болсо, элкаттоо мекемеси өздөрүнүн китебинен карап, тастыктап беришет. Ал эми Америкадагы же Кытайдагы мусулман кантип мага биртууган боло алат? Биз биртууганбыз десек, балким дөө-шаалар соту тастыктоону талап кылар. Албетте, мындай абалда китебин ачкан элкаттоочулар өңдөнүп мен да Алла Тааламдын Китебинен Хужурат сүрөсүн ачып көрсөтөм. Анда «Момун мусулмандар биртууган!» деп бадырайып жазылып турат.

Негизинен мүлдө адамзат бир ата, бир энеден тараган. Баарыбыз Адам Ата менен Обо Эненин урпагыбыз. Миңдеген кылымдардын өтүшү менен биртуугандарыбыздын өң-түсү, кебете-кешпири, тили, дини өзгөрсө да Адам Атанын урпагы болуудан кутула алышкан эмес, кутула да алышпайт.

Азыр жер бетинде 7 миллиард адам жашайт. Бул көрсөткүч 7 миллиард түр түшүнүк, 7 миллиард кызыкчылыктын жашап жатканын каңкуулайт. Ушу кезге чейин 7 миллирад жашоо ыңгай менен 7 миллиард кызыкчылыкты бир нукка сала турган идеологияны эч ким ойлоп таба албай койду. «Таптым!» дегендердин айрымдарынын ой-кыялы китепканалардын текчелериндеги чаң баскан китептерде калып кетти. А айрымдарынын канында баягы эле жеке кызыкчылык ойноп, ойлоп тапкан «измдери» менен түрдүү системалары ишке жарап, бөлүүчүлүккө, бөлүнүүчүлүккө жеткирди. Натыйжада кызыкчылык аттуу жаман вирус мусулмандарга да жугуп, «өгүзүм өлбөсүн, арабам сынбасын» түшүнгүнө тушалган бойдон жер карап туруп бердик.

Жанагы 7 миллиард түр түшүнүктү бириктирүүнүн жол-жобосу жазылган Куран колубузга эчак берилгенине карабастан, акылга келе албадык. Билимдин тайыздыгынанбы? Болушу толук ыктымал, бирок ыйманыбыздын алсыздыгынын кесепети экени кашкайган чындык.

Диндеш биртуугандыктын мыкты үлгүсүн Азирети Пайгамбарыбыз Мухаммед Мустафа (саллаллаху алейхи васаллам) көрсөтүп кеткен. Алла Элчисинин жанынан карыш жылбаган Билал ким болгон? Түсү кара болгону менен ич ааламы нурга, ыйманга толгон ыкластуу мусулман болгон.

Сахабадан бирөө уймүйүз тартып олтурган мусулмандарга суу тарата баштайт. Биринчи кесе албетте, төрдө олтурган Кутман Пайгамбарга (саллаллаху алейхи васаллам) узатылат. Андан кийинки кесе анын сол жагында олтурган Азирети Абу Бакирге узатылганы калганда Азирети Пайгамбарыбыз оң жактан узатууга буйруйт. Оң жагында ким бар? Эфиопиялык Билал. Каапырлардын каардуу азабына моюн сунбай, дин Исламды туу туткан Азирети Билал ар дайым дасторкондо Алла Элчисинин (саллаллаху алейхи васаллам) оң жагынан орун алчу экен.

Азирети Пайгамбарыбыз кембагал, алсыз, оорулуу мусулмандардын үйүнө чейин барып, кабар алып, саламаттык тилеп, алар менен бир дасторкондон даам сызган нары жупуну, нары адамгерчиликтүү инсан болгон. Ал ошол эле маалда жаңы түптөлгөн Ислам мамлекетинин жолбашчысы болгон.

Дүңгүрөтүп дүйнөнү бийлеп, адам укугу, теңчилик деп жар салган азыркы атаман өлкөлөрдүн абада каалгыган ажолору өлүп кетсе да шоопуру менен бир дасторкондо тамактанбайт.

Дүйнөдө будуң-чаң чыккан жерлерге калыстык деген абийир дүрбүсү менен карай турган болсок, ташталканы чыгып, азап тарткандын дээрлик көпчүлүгү мусулмандар. Системаны оңдойбуз, адам укуктарын коргойбуз дегендин баары ыймансыздар экени көзгө урунат. Аргасыздан, аттиң.... дейсиң.

Саламаттыгы мыкты, күчтүү дене сырттан келген микропторду өзүнө жуутпайт. Денеге кайдыгер каралып, тазалык сакталбаса, чара көрүлбөсө микропко жеңилип, оор илдетке чалдыгат. Бул турмуштан алынган акылга төп чындык.

Алла Таала «Бириккиле, бөлүнбөгүлө, бекем жабышкыла!» деп Ислам аттуу бир учугу Өз Кудуретине байланган жипти (мыкты түзүлүш, изги системаны) таштаган. А биз болсо, турмуш чындыгынан сабак албай, Куранга да, сүннөткө да салкын мамиле жасап, убактылуу көйгөйлөрдүн жообун башка жактан издемейге өтүп, дөө-шаалар оюнунун курмандыгына айландык.

Ислам ааламынын улуу ойчулу, белгилүү укукчу аалым Юсуф ал-Кардавинин пикирине назар буралы: «Күчтүү түбөлүк күчтүү бойдон, алсыз түбөлүк алсыз бойдон калбайт. Алла Таала Куранда: «Биз жеңиш ооматын бирде бул жакка, бирде тигил жакка берип турабыз» маанисинде үмүт отун тутанта турган кабар айткан. Бүгүн алсыз болсок, эртең тажрыйбага байып, күчкө толобуз. Маңыроо тартып, кол көтөрүп бербешибиз керек. Талыкпай эмгектенүү зарыл. Анткени жаркын келечек тууралуу Куран менен сүннөттө айтылган бир топ сүйүнчү кабарыбыз бар».

Американын Иракта 140.000 аскери бар. Америкада 20.000.000 мусулман бар. Жыл сайын Иракта миңдеген америкалык аскерлер өлүп жатат. Ошол эле учурда Амеркада көп адам Ислам динин кабылдап мусуман болуп жатат. Акыр аягында эмне болот? Мунун жыйынтыгын Анбия сүрөсүнүн 44-аяты чагылдырып жатканын кайда жашырабыз.

Тарыхка кылчая турган болсок, дүйнөдө өкүм жүргүзүп келген канча система, кандай гана түзүлүш болбосун эч бири Исламчалык узун өмүрдү жашай алган эмес. Атап айта турган болсок, кутман халифалар бир кылымга жакын, Аббаси дөөлөтү 500 жыл, Бабур шах 400 жыл, көп улуттарды, көп элдерди калыс кучагына алган Осмон дөөлөтү 600 жыл бою ынтымакта өмүр сүрүгөн. Мунун сыры диндештик сезимдин жандуулугунда жатат.

Акырында айтайын дегеним Исламдын камкордугу, калыстыгы, адилет укугу, асыресе кылымдар көөнөрсө да көөнөрбөгөн руханий баалуулугу ыйманга келүүнү каалаган жалпы адамбаласына бирдей. Кеп кылынган маселеге айрыкча өз өлкөбүздөгү диндеш биртуугандарым көңүл бурса деген тилек. Келгиле анда, ойлонолу.... Тынчтыкка, биримдикке, ынтымакка умтулалы...

Башына