Он төртүнчү сан

Мазмуну
«Биринчи байлык ден-соолук, экинчи байлык ак жоолук» деп элибизде айтылып жүргөндөй, адам баласына эң биринчи ден-соолук керек эмеспи. Ден-соолугуң чың болбогон соң байлыктын да, бийликтин да кереги жок. Ырас, ар бир адам саламаттыкта жашоону каалайт. Учурда ден-соолукка зыянын тийгизген нерселердин түрү көбөйдү. Анын бири – чылым чегүү.
Чылым чегүү бүгүнкү күндүн олуттуу көйгөйлөрүнүн бири десек эч жаңылышпайбыз. Учуруда, тилекке каршы, бул жорук болуп көрбөгөндөй күч алды. Мурун чылым чегүү улуу кишилерде гана сейрек кездешчү эле. Бүгүн күн өткөн сайын аял-эркек, жаш-кары муну адатка айландыргандардын саны арбып барат. Жада калса бешиктен бели чыга элек жаш өспүрүмдөрдүн да чылымдын курмандыгына айланып баратканы зээнди кейитет.
Бул көйгөйдү кандайча, кантип жойсо болот?
Албетте, аталган көйгөй жалпы коомчулукта болуп жаткандан кийин муну жеке бир адам чечип койчу оңой-олтоң иш эмес. Ошондуктан, бул көйгөйдү жалпы коом биргеликте аракет кылып, чогу чечүүсү зарыл.
- Чылым үй-бүлөлүк казынага зыян келтирет. Бир күндө 10 сомдук тамекиден бир куту чеккен адам айына 300сом, ал эми бир жылда 3650 сом зыянга учурайт;
- Балага терс тарбия берүү, ага терс үлгү болуу. Ырас, атасы чылым чеккен соң баласынын муну адатка айлантпашына эч ким кепилдик бере албайт;
- Убакытты туура колдоно албоо. Бир даана тартуу үчүн 3 минута кетсе, бир күндө бир куту тамеки үчүн бир саат, бир айда 30 саат, бир жылда 365 саат убакыт текке кеткен болот;
- Тамеки көз карандылыкты пайда кылат. Тамеки чеккен адам белгилүү убакыттан кийин анын курмандыгына айланышы толук ыктымал;
- Чылым чеккен адам ар качан жагымсыз жыттанып жүрөт.
Тамекинин ден-соолукка тийгизген терс таасирлери:
- Тиштин бузулушуна жол ачат;
- Чач-тырмактарга да олуттуу зыян алып келет;
- Беттин терисин былбыратып, сулуулугун жоготот;
- Жүрөк, өпкө, бөйрөк ооруларына чалдыктырат;
- Ашказандын начарлашына алып келет;
- Рак оорусуна да жол ачат.
Россия федерациясынын саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиргенине таянсак, ал жакта тамекинин айынан ооруп өлгөндөрдүн саны жыл сайын 330миңден 500миңге чейин жетет.
Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиргени боюнча, дүйнө жүзүндө жыл сайын тамекинин айынан көз жумгандардын саны 5 миллионго чейин жетет. Бул көрсөткүч ар бир мүнөт сайын 10 киши тамекинин айынан көз жумууда дегенди түшүндүрөт.
Жогорудагы статистика боюнча тамекиден өлгөндөр менен ВИЧ/СПИД оорусу менен өлгөндөрдү салыштырып келсек, тамекиден өлгөндөрдүн саны СПИД менен өлгөндөрдөн 40пайызга көп.
Андыктан, келгиле боордоштор, бул көйгөйгө каршы жапа тырмак аракет кылалы.