Он төртүнчү сан

Мазмуну
Өлкөнүн расмий аталышы – Азербайжан Республикасы. Азербайжан Европа менен Азия материктеринин ортосунда жайгашкан Түштүк Кавказдагы өлкө болуп саналат. Азербайжан республикасы түндүктөн Россия жана Грузия, батыштан Армения, түштүктөн Иран, чыгыштан Хазар деңизи менен чектеш.
Азербайжан өлкөсүнүн бүгүнкүсүнөн өтүмүшүнө карай тарыхы:
- Азербайжан Советтик Социалисттик Республикасы (1921-1991)
- Азербайжан Демократиялык жумурияты (1918-1920)
- Азербайжан хандыгы (1747-1813), Афаштар (1736-1802), Качарлар, (1796-1925), Шеки хандыгы, Карабах хандыгы, Талыш хандыгы, Куба хандыгы, Баку хандыгы...
- Савевилердин доору (1501-1736)
- Аккойундуулар доору (1470-1501)
- Каракойундуулар доору (1380-1469)
- Тимурчулардын доору (1407-1460)
- Алтын Ордо (1336-1400)
- Илханлылардын доору (1256-1336)
- Хорезм шахтын доору (1172-1220)
- Илдениздиктердин атабийлиги (1141-1172)
- Улуу Селжук дөөлөтү (1040-1141)
- Реввадилердин доору (981-1040)
- Салаалилердин доору (941-981)
- Сачилер доору (879-941)
- Ширваншах доору (861-1538)
- Араптар доору (705-879)
- Сабирлер доору (638-705)
- Хазарлар доору(630-965)
- Батыш Көктүрктөр доору (603-630)
- Сиберлер (Сабирлер) доору (500-603) (638-705)
Азербайжан деген аталыш жана анын мааниси тууралуу көптөгөн көз караштар айтылып келет. Айрымдар бул аталыш ушул аймактын элин биздин заманга чейин 323-жылдарда башкарган Атропестин атынан калган дешсе, айрымдар «чөп» деген маанини туюнткан «азер» сөзүнөн келип чыккан деген көз карашты жактап келишет. Бирок бул аймактын этимологиясын талдаган көпчүлүк аталган аймакта узак мезгилдер бою өкүм жүргүзгөн Казар (Хазар) түрктөрүнүн ысымын алга сүрөшөт. Азербайжан деген сөз Хазар деген аталыштан алынганын көпчүлүк булактар да тастыкташарын баса белгилеп кетүү абзел.
Селжук түрктөрү 1015-1021-жылдары Азербайжанга өкүм жүргүзүшкөн. Султан Алпарсландын доорунда түркмөндөр аркылуу ажербайжан элин түрктөштүрүү жеңил жүзөгө ашкан. Азербайжан эли андан кийинки мезгилдерде Илханлылардын кол астына өтүп, дагы бир топ убакыттан кийин Алтын Ордо мамлекетин башкаруу бактысына туш болушкан.
Андан кийин кезеги менен Шеки, Генже, Баку, Дербент, Куба, Нахживан, Реван, Тебриз, Урмийе, Ердил хандыктары өкүм жүргүзүшкөн.
Түрк тилдүү азербайжан эли 1918-1920-жылдары Кавказ курултайын чакырып, анын жыйынтыгында 1918-жылдын 28-майында Азербайжан мамлекетинини өз алдынчалыгын жарыялашат. Арадан көп өтпөй эркин жумурияттын тилегин таш каап Советтер Союзунун курамына кирүүгө аргасыз болушат.
Советтер Союзу курулуп, анын карамагына Азербайжан республикасы да кирет. Мына ошондон тарта Азербайжандын жери саналган Ереван менен Карабахка Армяндар жайгаштырыла баштайт.
Советтер Союзу жоюлары менен 1991-жылдын 31-сентябында көз карандысыздыгын жарыялаган. Ушу тапта Кавказ аймагындагы түрктөрдүн басымдуу бөлүгүн азербайжандар түзөт.
Деңиз деңгээлинен 657 метр бийиктиктеги Азербайжан өлкөсүнүн аймагынын % 50'ын тоолор курчап турат. Тоолору негизинен Чоң Кавказ, Кичи Кавказ жана Талыш тоолору деп аталат. Алардын ичинен бйиктиги 4489 метр турган Туфан тоосу өлкөдөгү эң бийик чоку болуп саналат. Туризм үчүн Хинал, Делидаг жана Кедидаг тоолору чоң мааниге ээ. Өлкөдөгү эң чоң түздүк Кура-Арас талаасы болуп эсептелет.
Дүйнөдө 11 түрдүү климат бар. Мына ошонун тогуз түрүнө Азербайжан ээлик кылат. Тактап айтканда Ажербайжандын ар кайсы аймагынын климаттык өзгөчөлүктөрү бар. Күндүн жылышынын жылдык жылуулугу +10 градустан жогору. Хажыкабул көлү 17,5 км² өлкөдөгү эң чоң көл болуп саналат. Ошондой эле Хазар Деңизине куйган жана 1364 км узундуктагы Кура дарыясы дарыялардын эң узуну деген аталышка ээ. Кура дарыясынын бир колу саналган Арас дарыясынын узундугу 1072 километр.
1990-жылдын январ айындагы окуялардан кийин, тактап айтканда Карабахтын орустар жана армяндар тарабынан басылып алынышы себептүү өлкөдөгү армяндардын баары ал жака көчүп кетишкен. Азербайжандын Карабахтан башка эч бир жеринде армян улуту калган эмес.
Калктын өсүү темпи %0,89'ды түзөт.
Аянты: 4.400 чарчы км, калктын саны: 295.000
Азербайжан мамлекетинин жери саналган Карабахты Армяндар басып алгандыктан, бир миллионго жакын азербайжан ал аймактан көчүп кетүүгө мажбур болушкан. Армяндар БУУнун жана ОБСЕнин чыгарган чечимине карабай ушуга чейин басып алган аймакты бошотпой келишет.
Азербайжан калкынын %94'ы мусулман (көпчүлүгү шии). Калктын калган %4'ы христиан (көпчүлүгү Орус Ортодокс чиркөөсү, Грузин Ортодокс чиркөөсү жана молокан). Иудей ишенимин кармангандар өтө аз.
Көз карандысыздыгынын алгачкы жылдарында экономикалык абал өтө кыйын кырдаалды баштан кечирген. Акча биримдиги кризиске кабылып, манатты колдонууга аргасыз болушкан. Бирок түшүмдүү кең жери, табийгый газы, мунай жана темир кендери экономикалык кризистен чыгып кетүүгө өбөлгө түзгөн. 2000-жылы күнүмдүк чийки мунайды өндүрүүнүн өлчөмү 600. 000 барелге жеткен.
1991-жылдары күнүмдүк газ өндүрүүнүн өлчөмү 11 миллион m³ болгон. Ушу тапта табийгый газдын запасы 2 триллион кубметр, мунайдын запасы болсо 8 миллиард барель деген божомол бар. Асыресе өлкөдө петрохимия, азык-түлүк, кийим-кече өндүрүшү сыяктуу жеңил өнөр жайлар өсүп келе жатат.
Азербайжан өлкөсүнүн экономикасында мал чарбачылыгы зор мааниге ээ. Эң акыркы маалыматтарга ылайык Азербайжанда 1,5 миллион уй, 5 миллион кой, 30 миллион үй канаттуусу бар. Айрыкча аары кармоо, бал чарбачылыгы да бир кыйла өнүккөн.
Азербайжанда билим берүү башка түрк тилдүү өлкөлөргө караганда бир топ алдыга кеткен. 1991-жылдагы статистикалык иликтөөлөр көрсөткөндөй өлкөдө 4775 мектепте 1.503.000 окуучу окуган. Бүгүнкү күндө мектептин саны өлкө боюнча 5.000 ге, окуучунун саны болсо 1.600.000 ге жеткен.
Азербайжанда 6.500 маданий комплекс, 4.605 китепкана, 125 музей, 125 музыкалык окуу жай, 42 элдик театр, 3.608 маданият үйү бар. Калктын окуп, жазуу жетишкендиги %97.5'ды түзөт. Баку-Азербайжан мамлекеттик университети жана мунун карамагындагы институттар илим, техника, медицина, маданият жана башка кесиптик тармактарды өзүнө камтыйт. Жогорку окуу жайларында өлкө жарандарынан башка чет элден келген студенттер да билим алышат.
Азербайжан мамлекети БУУ, ОБСЕ, МВФ өңдүү дүйнөлүк ири уюмдарга мүчөлүккө кабыл алынган.
Этникалык топ
Калктын саны
(1990-жылга чнейин)
пайыз
Калктын саны
(2007-жылда)
пайыз
Айзербайжандар 5.805.000 %82,6 8.411.000 %95
Орустар 392.300 %5,5 144.000 %1,6
Армяндар 390.500 %5,5 130.000 %1,5
Лезгиндер 171.000 %2,4 178.000 %2
Аварлар 44.100 %0,6
Башка элдер 80.000 %1 240.436 %2,8