Он төртүнчү сан

Имам аль Бухаринин өз атынын толук аталышы Абу Абдуллах Мухаммад ибн Исмаил ибн Ибрахим ибн аль Мугира ибн аль Бардизбах аль Жуъфи хижра жыл эсеби боюнча 194-жылы шаввал айынын 13дө жума күнү, григорян жыл эсеби боюнча 810-жылы 21-июлда Бухара шаарында туулган. Атасы Исмаил ошол доордун илимдүү адамдары Хаммад ибн Зейд жана Имам Маликтен илим алган белгилүү аалымдардан болгон. Исмаил уулу жаш кезинде эле каза болгон. Анын кийинки тарбиясына апасы бүт өмүрүн сарптаган. Күйөөсүнөн калган байлыктын баарын уулунун татыктуу илим алуусуна каржылаган. Имам Бухари жаш кезинде кокусунан эле көзү көрбөй калгандыктан апасы аябай кыйналып, күнү-түнү улуу Аллага жалынып дуба кылган экен. Гунжар аттуу тарыхчынын “Бухара тарыхы” деген китебинде апасынын түшүнө Ибрахим (а.с.) пайгамбар кирип: “Алла сенин чын ыкласыңдан кылган тилегиңди кабыл алды, уулуңа карегин кайтарып берди” дейт. Энесинин кубанычы койнуна батпай эрте менен уулуна чуркап барса чын эле көзү көрүп калган болот. Бул улуу Жараткан Алланын акыркы пайгамбарына берилген өз динине кызмат кылуучу келечектеги улуу аалымга арналган мээрими эле. Имам Бухари кичинекей кезинен эле акылы зирек зээндүү болуп чоңойгон. Ал учурда Бухара Ислам дүйнөсүнүн эң чоң борборлорунан болгондуктан ал жердин белгилүү аалымдарынан 10 жашында эле дарс алууга даяр болгон. Ал билим алууга, илим үйрөнүүгө аябай кызыккандыктан 16 жашында белгилүү хадис аалымдарынан болгон Абдулла ибн аль Мубарак жана Вакиа ибн Жаррахтын хадис китептерин жатка билген. Ислам укугунун негиздерин да өтө жакшы билген.
Хижранын 210-жылында апасы жана агасы Ахмад менен хаж сапарына барып, илимин дагы тереңдетүү максатында куттуу Меккеде калат. Апасы менен агасы үйлөрүнө кайтышат. Ал Меккеге келген учурда билим алуу менен бирге өзү да илим окута баштаган. Айланасына бир топ билим алуучулар топтолгон. Тез-тез пайгамбарыбыздын (с.а.в) шаары болгон Мадинаны зыярат кылып турган. Бул куттуу шаарларда өзүнүн алгачкы китептерин жаза баштаган жана негизги эң чоң эмгеги болгон “Аль Жами ас-Сахих” китебин түптөгөн. Ислам дүйнөсүнүн белгилүү борборлорун кыдырып, белгилүү аалымдардан фикх, хадис илимин үйрөнгөн. Өзүнүн айтуусунда эки жолу Сирияга, Египетке, Жазирага, бир канча жолу Басра, Куфа, Багдадда болгон. Мекке, Мадинада алты жыл жашаган. Багдад ошол учурда халифаттын борбору болгондуктан белгилүү аалым Ахмад ибн Ханбал менен бир канча жолу жолугушкан. Ахмад ибн Ханбал Бухаринин Багдадга көчүп келүүсүн да суранган экен учурунда. Бухари ошол учурдун белгилүү хадисчилери Али ибн аль Мадъяни, Яхъя ибн Муин, Мухамад ибн Юсуф аль Фаръяби, Мекки ибн Ибрагим аль Балхи, Мухамад ибн Юсуф аль Пайкенди, Исхак ибн Рахавейх жана башка белгилүү аалымдар менен жүз көрүшүп жолугушкан. Имам Бухаринин устаздарынын эң улуулары: Басралык Абу Асым ан Набийл, Балхтык Макки ибн Ибрахим, Багдадтык Ахмад ибн Ханбал жана Мухаммад ибн Иса ат Табба, Куфалык Убайдулла ибн Муса, Бухаралык Мухаммад ибн Саламал Пайканди, Нишапурлук Бишр ибн Хакам, Мадиналык Абдулазиз ибн аль Увайс, Райлык Ибрахим ибн Иса аль Хафиз жана Меккелик Абдурахман аль Мукрийлер болгон. Өзүнүн “Аль Жами ас-Сахих” китебинде 289 белгилүү хадисчи шейхтердин ысымын атаган. Өз эмгектеринин баарын өз колу менен жазып, башкаларга жаздырган эмес экен. Эмгектеринин көбүн түнкү убактарда жазып, уйкуну да аз уктаган. Ойуна жакшы нерсе келе калса дароо тура калып шамды жагып, жазууну уланткан дейт. Түнкүсүн 20 жолу болсо да туруп кайра жазуудан эринген эмес экен улуу аалым.
Хижранын 250-жылы белгилүү аалым Зухали жана башка аалымдар жашаган Нишапурга келет. Мусулмандар урмат-сый менен күтүп, тосуп алышат белгилүү аалымды. Ал жерде бир канча жыл калгандан кийин өзүнүн туулган жери Бухарага кайра кайтып келет. Бухара элинин баары өз уулун өтө чоң урмат сый менен тосуп алууга чыгышат. Көп жылдар бойу топтоп келген илимин кайрадан Бухарада бере баштайт. Бирок аалымдын кайтып келгендигин уккан Бухара шаарынын эмири Халид ибн Ахмад Зухали жигиттери аркылуу аалымды чакыртып, алдына келип алган илимдерин, жазган тарых, хадис китептери менен бирге ачык окуп, түшүндүрүп берүүсүн буйрук кылат. Имам Бухари жини келип ага баруудан баш тартат жана жигиттерине айтат: “Ким илим алууну кааласа өзү барып үйрөнсүн, мен өзүмдүн илимимди эмирлердин сарайында кор кылбайм, менин жообум жакпаса өзү билсин мени эмне кылышты, сурак күнү Алланын алдында бул мага далил болот, мен эч кимге илимимди берүүнү аяган жокмун” деп жооп берет. Эмир аалымдын бул жообуна жини келип, ал тууралуу ар түрдүү ушактарды жайылтып, аалымды шаардан кууп, бул жерден кетүүсүн талап кылат. Арадан көп убакыт өтпөй Бухарада төңкөрүш болуп эмир өзү да шаардан куулгандыгы айтылат. Бухарадан куулган аалымды Самаркандыктар чакырышты. Алардын чакыруусун Имам Бухари туура кабыл алып, Самаркандга жолго чыкты. Самаркандга 18 км. жакын жерде Хартанг деген айылда туугандарын зыярат кылып, бир канча убакыт туруп калат. Ушул жерде белгилүү аалым кокустан ооруга чалдыгып, 13 күнү кем 62 жаш курагында хижранын 256-жылы Курбан майрамынын түнү бул жалган дүйнө менен кош айтышат. Алла Таала жайын жаннаттык кылсын. Аалымдын кызматында жүргөндөрдүн айтымында имам Бухари бир жолу куптан намазынан кийин: “Оо Жараткан Эгем, жер шаары канчалык кең болсо дагы мага тардык кылып калды, эми аманатыңды ал” деп жалбарганын угушкандыгын айтышкан экен.
Белгилүү аалымдын артында миңдеген окуучулары, анын алтынга баалангыс жазган эмгектери калды. Анын окуучуларынын арасында Имам Абу аль Хусейн Муслим ибн аль Хажжаж, Имам Абу Иса ат Термези, Имам Абу Бакр Мухаммад ибн Хузайма, Имам Абу аль Фазл Ахмад ибн Салама ан Нисабури, Имам Мухаммад ибн Назр аль Марвази, Аль Хафиз Абу Бакр ибн Абу Дауд Сулайман ибн аль Ашъас, Мухаммад ибн Юсуф аль Фарбари, Ибрахим ибн Музаккал ан Насафи, Хаммад ибн Шакер ан Насави, Мансур ибн Мухаммад аль Баздани, Абдуллах ибн Мухаммад ибн Абдул Азиз аль Багави сыяктуу белгилүү хадисчи аалымдар жетишип Ислам ааламында белгилүү имам Бухаринин талабалары болушкан. Аалымдын 15тен ашык кол эмгектери ааламга белгилүү болгон. Алардын ичинен эң чоңу “Аль Жами ас-Сахих”, “Аль Адаб аль Муфрад”, “ Ат Тафоир Аль Кабир”, “Аль Муснад аль Кабир”, “Китаб аль Илал”, “Китаб аль Ашриба”, “Кичине тарых”, “Орточо тарых”, “Чоң тарых” жана башка эмгектери мусулмандардын эле эмес дүйнө элдеринин кызыгып окуган сүйүктүү китебине айланган. Имам Бухари келечек муун үчүн түгөнбөс кенч кылып таштап кеткен эмгеги “Аль Жами ас-Сахих” улуу Алланын китеби Курандан кийинки орунда бааланып, сүйүктүү пайгамбарыбыз (с.а.в)дын чыныгы сүннөтүн изилдеп так жеткиргендигинде. Аалымдын өзүнүн айтуусунда бул эмгекти баштоосунун максаты устазы Исхак ибн Рахавейх бир күнү минтип айткан экен: “Сен пайгамбарыбыз (с.а.в)дын чыныгы хадистерин кыскача топтосоң өтө жакшы болмок” деп. Ушул сүйлөшүүдөн кийин мен чын дилден бул эмгекти жазууга кириштим деп эскерет имам Бухари. Ислам илиминин өркүндөгөн учурунда да мындай чоң эмгекти эч ким жарата алган эмес. Тарыхтын ар кайсы учурунда бул эмгекке ар түрдүү изилдөөлөр, коментарийлер, трактаттар жазылган. Мындан 400 жыл мурун аль Хадж Мустафа ибн Абдулло (1000-1067) “Касиф аз Зунун ан Асами аль Кутубу вал Фунун” деген китептин автору Имам Бухаринин “Аль Жами ас-Сахих” китебине 82 ден ашык чоң көлөмдүү коментарийлер жазылганын белгилеген.