Он төртүнчү сан

Журналдын он төртүнчү саны

Мазмуну

Бир суроо рубиркасы

Каныбек Осмоналиевич, сиздердин агенттик дин боюнча мыйзам долбоорун даярдап жаткан экенсиздер, ошол мыйзам долбоору эмнеден улам жаралды, анын артыкчылыктары эмнеде жана качан кабыл алынганы турат?

Кыргыз өкмөтүнө караштуу дин иштери боюнча агенттиктин директору Осмоналиев

Каныбек Осмоналиевич:

Бул жаңы мыйзам долбоору үстүбүздөгү жылдын дин багыты боюнча эң чон жаңылыктарынын бири болуп саналат. Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин алдында бир жумушчу топ түзүлгөн. Бүгүнкү күнү бул жумушчу топтун аткарган иштери жыйынтыкталып олтурат. «Дин ишеними жана диний уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоору» тиешелүү министр жана ведомстволорго берилген. Учурда алар менен макулдашуу процесси жүрүүдө. Себеби 31-мартта биз агенттик жаңы мыйзамдын долбоорун бардык министрликтерге жөнөткөнбүз. Бүгүнкү күндө биз алардын он экисинен жооп алдык. Анча-мынча талкуулоо жана толуктоолор менен бул долбоордун үстүндө иштеп жатабыз. Жаңы мыйзам долбоорунун өзгөчөлүктөрү тууралуу айта кете турган болсок, бүгүнкү күндө иштеп жаткан мыйзам 1991-жылы 16-декабрда кабыл алынган. Эми ошол учурдагы көйгөйлөрдү эске ала турган болсок, чынында эле иштеп жаткан мыйзам бүгүнкү күндүн талаптарына жооп бере албай калгандыгы көрүнүп турат. Ошондон берки 17 жылдын ичинде коомубуз өзгөрдү, ага кошулуп диний чөйрө өзгөрдү. Маселен: жаңы мыйзам долбоору «дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар» жөнүндө деп аталат. Ага ылайык кээ бир көйгөйлүү маселелер мурунку мыйзамга кирбей калган. Мисалга айта турган болсок, чет элден келген миссионерлердин укуктары жана милдеттери, диний окуу жайлардын укуктары жана милдеттери, мамлекет менен диний уюмдардын ортосундагы укуктук карым-катнаш, диний конфессиялардын ортосундагы мамилелер, эң башкысы болуп ошол диний уюмдарды каттоого алуу болуп эсептелет. Диний уюмдар бүгүнкү күндө убактылуу жобо менен гана каттоого алынып келет. Ал жобого ылайык Кыргызстандын аймагына келген, жаңыдан ачылган диний уюмдар каттоодон өтүшү керек. Ансыз иш жүргүзгөнгө болбойт. Себеби, мамлекеттин, өкмөттүн жана элдин алар тууралуу мааматы болушу керек. Бул мыйзамдын эң негизги артыкчылыгына токтоло кетейин, мурдагы мыйзамдык база боюнча 10 адам чогулуп бир диний уюмду ача алса, бул мыйзамда уюмдун инициаторлорун (түзүүчү өкүлдөрүн) 200гө чыгардык. Андан тышкары диний уюмдарды каттоо боюнча айыл өкмөттөрүнүн, кварталдык комитеттин жана жергиликтүү бийлик органдарынын сунушу талап кылынат. Мен дагы баса белгилеп кетейин, азыркы жазылган мыйзам өлкөбүздүн башмыйзамына жана биз мүчө болгон эл аралык уюмдардын койгон шарт-талаптарына карама-каршы келбейт. Бүгүнкү күндө өлкөбүздө дүйнө жүзүндө белгилүү болгон диний уюмдардын дээрлик көпчүлүгүнүн өкүлчүлүктөрү ачылган. Тактап айтканда 2163 диний уюм иш алып барып жатат. Анын ичинен 1660 мечит катталган. Бирок, биздин республика боюнча ушуга чейин дагы көп сандагы мечиттер каттала элек. Чиркөөлөр, диний окуу жайлар, элүүгө жакын медресе катталган. Кыргызстандын шартында бул абдан эле көп. Мисалы үчүн СССРдин учурунда Кыргызстанда бир дагы медресе жок болчу. Бир эле Ноокат районунда 8 медресенин ачылганы, бул ишти өз алдынча таштап койгондой көрүнүш. Бул үчүн ошончолук күчтүү деңгээлдеги мугалимдер, кадрлык база, мыкты даярдалган окуу программасы талап кылынат. Мындан башка бизде дагы бир Ислам Университети, бир нече теологиялык институттар ачылган. Мына ушулардын баары жаңы мыйзамды сунуш кылууга түрткү болду.

Бул мыйзам өкмөттүн демилгеси менен жаралып олтурат. Ошондуктан, муну өкмөттүн бир структурасы катары биздин агенттик иштеп чыкты. Бул мыйзам долбоорун иштөөдө эл аралык институттар, өлкөбүздөгү дин багытында иштеген окумуштуулар жана бардык диний уюмдардын өкүлдөрү катышкан. Эми жанагы 15 министрликте кол коюлуп, аны биз жалпылап кабыл алгандан кийин, өкмөттүн атайын токтому менен жогорку кеңешке беребиз. Жогорку Кеңеш эреже боюнча өзүнүн профилдик комитеттеринде карайт. Профилдик комитеттин сунушу боюнча Жогорку Кеңеш пленардык жыйынына алып чыгат. Буйруса, иш жараяны биз ойлогондой кетсе, жаңы мыйзам ушул жылдын аягына чейин кабыл алынып калышы керек.

Урматтуу муфтий мырза, борбор калаага түшө турган жаңы мечиттин курулушу качан башталганы турат?

Кыргызстан мусулмандарынын азирети муйтифи Мураталы ажы Жуманов:

Мээримдүү жана Ырайымдуу Алланын аты менен баштайм.

Урматтуу мусулмандар! Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, мындан үч-төрт жыл мурда муфтияттан бийлик тарапка кайрылуу болгон. Айрыкча, мына жаңы бийлик келгенде, Бакиев Курманбек Салиевичке Бишкек шаарынан борбордук мечитти курууга жер ажыратып берүү суранычы менен кайрылганбыз. Анын натыйжасында өлкөбүздүн президентинин демилгеси менен Махатмаганди көчөсү менен Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинен 10 га. жер мечит куруу, Ислам борборун ачуу үчүн мындан эки жарым жыл мурда берилген. Максат - ошол жерге өтө чоң, заманбап мечит куруу. Себеби азыркы борбордук мечитте 6000 дей киши жума намаз окуйт. Ошонун алтымыш пайызы мечитке батпай сыртта калат. Эл жолго чейин чыгып, ал тургай авто унаалар батпай калды. Ушу тапта шаарыбыздагы бардык мечиттерде ушундай абалда намаз окулуп жатат. Айрыкча, айт күнү борбордук аянтта жүз миңдеген киши намаз окуйт. Ошол эле учурда Бишкектеги 27 мечиттин бардыгында эл мечитке батпай сыртка чыгып калып жатат. Ушундан улам замандын талабына ылайык чоң мечит курууга белсенип турабыз. «Кудайга шүгүр» дешибиз керек, жогоруда айтылган даректеги жайга мечит куруу иши бүгүнкү күндө башталды. Ал жер бак-дарактуу болгондуктан аларды кесүү, казуу-түздөө иштери жүргүзүлүп, атайын аппараттар менен жердин кыртышы изилденип жатат.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын тышкы иштер бөлүмүн жетектеген Муса Магомедов агабыз «Ихсан хойрия» аттуу фонд ачкан. Бүгүнкү күндө жерге, жерди түздөтүүгө, анын кыртышын талдап тактоого жана документтерди даярдоого кеткен чыгымдардын баары ошол фонд аркылуу каржыланып келе жатат.

Биз жакында «Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы» деген кайрымдуулук уюму менен келишим түздүк. Алар мечитти баштан-аяк толук куруп берүүнү моюнга алышты. Кудай буйруса, жакын арада ошол мечиттин долбоору даярдалып бүтүп, курулуш толук кандуу башталат деген чоң үмүттө турабыз. Тиешелүү архитектуралык адистердин айтуусуна караганда, мечиттин көлөмүн, чоңдугун эске алсак, эгерде, бул иш быйыл башталып кызуу жүрүп кетсе, орто эсеп менен үч жылдын ичинде толук бүтүп, пайдаланууга берилет деген ишенич бар.

Бул ишти уюштуруу, көзөмөлдөө муфтияттын негизги милдети деп эсептейм. Биз демөөрчүлөрдөн да, архитекторлордон орто эсеп менен алганда 10.000 киши бата тургандай чоң мечит салып берүүнү суранып жатабыз. Мынчалык чоң көлөмдөгү мечитти салуу үчүн чоң каражат талап кылынары айдан ачык. Андыктан, мекендештерибиздин баары ушул ишти сабырдуулук менен күтүп, колдоп турушса деген тилектебиз. Жараткан Алла жар болуп, бул мечит курулуп калса, өлкөбүз үчүн, дегеле жалпы мусулман мекендештерибиз үчүн чоң жетишкендик болор эле.

каба

Кыргызстан мусулмандарынын арасында шарият илимин жайылтуучулардын бир чырагы өчтү

2008-жылдын 16-апрель күнү Кыргызстан мусулмандары, дин илимин окуган адамдар үчүн чоң жоготуу болду. Бир учурда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгын жетектеген, муфтийлик кызматты татыктуу аркалаган, көптөгөн дин кызматкерлеринин устазы болгон молдо Абдисаттар Мажит уулу жетимиш үч жашында ааламдан өттү.

Улуу устаттын жаназасына кошуна мамлекеттерден, айрыкча Өзбекстан жана Тажикстандан белгилүү дин аалымдары келип катышышты. Акыркы сапарга узатуу расми жогорку деңгээлде өттү. Себеби, ал киши көп жылдар бою Душанбе шаарында жашап, шарият илимин Орто Азияга жайылткан инсан катары таанымал эле. 1996-жылдан 2000-жылга чейин Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи болуп иштеген.

Молдо Абдисаттар аксакал тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Мураталы ажы Жуманов буларды айтты: «Насип кошулган экен Кадамжайга мен өзүм барып, жаназасын окуп, акыркы сапарга узатуу расмына катыштым. Ал киши өзү абдан жөнөкөй, кичи пейил, мыкты адеп-ахлагы менен чыныгы Исламдын жүзүн чагылдырган, жүзүнөн нур тамган адам эле. Абдисаттар аксакалыбыздын көз жумушу менен Ислам багытында, Кыргызстан мусулмандарынын арасында шарият илиминин жайылтуучулардын бир чырагы өчтү. Себеби, Кыргызстанда бир аалым киши бар дей турган болсок, мына ошол жалгыз адам молдо Абдисаттар аксакал эле. Ал кишинин көзүн көргөн, ошол кишинин тарбиясын алган жарандар үчүн бул киши чоң үлгү, залкар өрнөк эле. Азирети Пайгамбарыбыздын: «Менин үммөтүмдүн эң кайырлуусу, Курандан таалим алып, аны башкаларга үйрөткөндөр» деген хадисине ылайык иш жасаган, ушул хадиске төп келген инсан эле.

Бул кишилер кыйын кезеңдерде, дин басмырланып турган учурларда илим алышкан. Алган илимин өмүрүнүн акырына чейин жайылтып, шарият илимин жетик билген, түшүнгөн шакирттерди таштап кетти. Алла Таалам ал кишинин ак кызматын, жакшы амалдарын, ыйманын, илимин өзүнө жолдош кылып бейишинен орун берсин демекчибиз! Биз жалпы мусулмандардын атынан молдо Абдисаттар аксакалыбыздын үй-бүлөсүнө, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз! Сабырдуулукка, кайраттуулукка чакырабыз!».

Башына