Он төртүнчү сан

Журналдын он төртүнчү саны

Мазмуну

Тарбиялык маанидеги икаялар

Коомдун тынчтыгы, бейпилдиги жана жаркын келечеги үчүн жаш, кары дебей анын бардык өкүлү адеп-ахлактык жоболорго баш ийиши керек. Ахлактык баалуулукту калкка сиңирүү үчүн курулай акыл-насааттарды кайталоо бир буттап басканга тете. Ошол себептен кеменгер ата-бабалар тарабынан тарбиялык маанидеги көптөгөн жомоктор, тамсилдер, икаялар жана баяндар жазуу түрүндө да, ооз эки түрүндө да бизге мурасталган. Икаялар ахлактык темаларды ар кайсы курактагы адамдарга түшүндүрүүнүн эң ыңгайлуу жолу болуп эсептелет. Икая айтылып болгон соң ортого чыккан насыят жана багыт угармандарга көбүнесе оң таасир калтыргандыктан, белгилүү икаялар илгертен бери

Ислам дүйнөсүндө көп окулуп, көптөгөн тилдерге которулуп келет.

Анда эмесе назарыңыздарга тарбиялык маанидеги айрым икаяларды суналы:

  1. Төрт кумурсканын икаясы:

    Төрт кумурска бир нерселерди жазып жаткан калемди көрүп өз ара кобураша кетишет. Биричи кумурска кеп айтат:

    – Бул жазууну береги калем жаздырып жатат.

    Экинчи кумурска акылдуусунат:

    – Койчу айланайын, калем кантип өзү кыймылга келип жазсын. Болбогон кеп.

    Карабайсыңбы калемди бир кол кармап турат. Демек жазуу колдун жардамы менен жазылып жатат.

    Үчүнчү кумурска баш чайкайт:

    – Достор, көзүңөрдү чоңураак ачпайсыңарбы, кесилген кол өзүнөн өзү кантип жазсын?!

    Кол албетте бир адамга таандык болушу керек. Демек, жазууну адам жазып жатат.

    Көптү көрүп, албан тажрыйба топтогон төртүнчү кумурска сөзгө чекит койгусу келип мындай дейт:

    – Жок, баарыңардыкы туура эмес. Жаны жок, акылсыз адам эч качан жаза албайт. Адамда акыл жана жан бар. Калемге да, адамга да ошондой артыкчылыкты, өзгөчөлүктү берген бирөө бар, Ал–Аллах!

    Бул икаядан берегидей таалимди жана баалуулукту чыгарууга болот: Айрым адамдар ийгиликти жана тапкан пайдасын «Өзүм иштеп, өзүм таптым, эч ким мага көмөк көрсөткөн жок...» деп, өзүн опол тоодой кыйын сезишет. Натыйжада текеберленип, зыкымга айланат да, бирөөгө жакшылык кылуу, кайыр-садага өңдүү соопчулукту унутат. Булар кудум биринчи кумурскадай акыл көрөңгөсү да, пейли да тар адамдар болуп эсептелет.

    Айрым пенделер болсо; Мага Алла акыл, ден соолук, күч-кубат жана шык-жөндөм берди. Мунун натыйжасында мен эмгектендим, Алла Таалам болсо береке, ийгилик ыроолоду. Тактап айтканда6 ушунча ийгиликти мага Алла Таалам берди, – деп, текеберликтен, зыкымдыктан сактанат, кирешесинин бир бөлүгүн Алла ыраазылыгы үчүн муктаждарга таратат. Мындай адамдар төртүнчү кумурска сыяктанып терең ойлонуп, арканды узак ташташат.

  2. Ашыккан адамдын икаясы: Бир шашма адам үйлөнүп, жайланат. Көп жылдар бою жубайынын согончогу канабайт. Жаратканга жалбарып, улуулардын батасын алышкан соң бир балалуу болушат. Күндөрдүн биринде жубайы ымыркайды күйөсүнө карматып, өзү жалгыз жашаган коңшу кемпирдин ал-жайын сурап, анын кийим-кечесин жууганы кетет. Көп өтпөй падышанын желдеттери эшик кагат:

    –Паланча уулу паланча, сени падыша дароо сарайга келсин деп жатат. Алдыбызга түш!

    –Мен кичинекей баламды карап олтурдум эле. Мейли падышанын буйругун эки кылбайлы. Үйдө чычканга кебек алдырбас мышыгыбыз бар, ал балага көз салып турат – дейт да, желдеттердин алдына түшүп сарайга бет алат.

    Көп өтпөй үйдө кара чаар жылан пайда болот. Акырын сойлоп ымыркайга жакындай баштайт. Кожоюндун мышыгы жете келип жылан менен көпкө арбашат, акырында «тап» секирип жыланды кекиртектеп муунтуп салат. Оозу, мурду канга бойолгон мышык жыланды өлтүргөнүнө корстон боло босогого жата кетет.

    Падышанын алдынан чыгып, үйүнө ашыккан кожоюн эшиктен кирери менен канга бойолгон мышыкты көрүп, нес болуп туруп калат. Буга ишенип таштап кетсе, баламды жеп койгон тура деген ойго келип, шашмалык адаты кармап колундагы таягы менен мышыкты башка чаап өлтүрөт.

    Шалдайып төркү бөлмөгө кирсе, баласы терең дем алып, мемиреп уктап жатат. Эки кулач кара чаар жыландын канга чыланып жатканын көргөн адам шашмалыгына өкүнүп бармак тиштейт.

    Бул икая кимибизге болбосун алдыдагы иштердин, окуялардын төркүнүн иликтеп көргөн соң анан жыйынтык чыгаруунун зарылдыгын баса белгилейт. Асыресе, бул икаяда шашмалыктын, ашыгуунун ашкере зыян экени таамай чагылдырылган.

  3. Молдонун чоң селдесин уурдаган уурунун икаясы:

    Бир молдо чоң кадыр-баркка ээ болуу үчүн жана эл өзүн чоң аалым деп эсептесин деген ойдо башына чоң селде кийе турган. Бирок селде үчүн сапаттуу бөз алганга акчасы жетпегендиктен селдесинин ичине чүпүрөк-чапырактын кыркынды, калдыктарын толтуруп, сыртына беш карыш ак бөздү каптап койот.

    Муну көргөн ууру күндөрдүн биринде «он кулачтай чыга турган ак бөзүн сатсам да кыйла акчага тунам» деген ойдо жолдо бараткан молдонун башындагы калдайган селдесин жула качат. Ичинен күлкүсү келген молдо уурунун артынан кыйкырган бойдон кала берет:

    -Ээй, ууру! Селденин ичин ачып көр да, кайра алып келип бер!

    Бул икаядан мындайча сабак алууга болот: Көпчүлүк адамдар сыркты көрүнүшкө гана алданып келишет. Нерсенин ич жүзүн баамдай албай зыян тартып келишет. Тактап айтканда, сырткы көрүнүшкө эмес, иштин акыйкат жүзүнө баа берүү абзел.

Башына