Он төртүнчү сан

Журналдын он төртүнчү саны

Мазмуну

Улуттук салт - руханий байлык

Дүйнө жүзүндө жашаган ар кандай улут өзүнүн материалдык жана рухий дөөлөттөрүнө ээ. Материалдык маданият элдин өз жашоосуна өз колу менен шарт түзүүсүнөн пайда болот да, мурас катары укумдан-тукумга берилип, улам доор өткөн сайын эскирип, кайра жаңыланып отурат. Эскирген материалдык мурастар өткөн доордун далили катары кызмат кылат. Ошол эле учурда жаңы материалдык дөөлөттүн пайда болушуна кандайдыр бир деңгээлде өбөлгө түзөт.

Ал эми рухий дөөлөт же рухий байлык улуттун, элдин жашоо-турмушун коштоп, ички сезимден, маданияттан, улутка таандык болгон асылдык сапаттардан, ал элдин жандуу жана жансыз жаратылышка болгон мамилесинен, жашоого болгон көз карашынан пайда болот.

Элдин рухий маданияты катары анын динин, уруулук курамын, санжырасын, ономастикасын, кыргыз элинин сөз өнөрүн, тилин, адабиятын, улуттук оюндарын жана турмуштук каада-салттарын түшүнөбүз.

Элибиздин турмуштук каада-салттары миңдеген жылдарды ичине камтып, байыркы ата-бабалардын рухий дөөлөттөрү улам кийинки муундарга берилип, алымча-кошумчалары менен такталып, толукталып ушул күнгө чейин келип жеткен. Элибизде каада-салт, үрп-адат деген терминдер катар колдонулуп, жалпысынан бир эле түшүнүктү берип тургандай туюлат. Бирок, бул терминдерди чечмелегенде, алар мааниси жана аткарган функциясы жагынан ар башка экенине ынанабыз.

«Салт» сөзүн жалпылык, туруктуулук1 мүнөзгө ээ болгон, улуттук психологияны чагылдырган, элибизде кабыл алынып, калыптанып калган жашоонун, жүрүм-турумдун, адамдардын ортосундагы мамиленин чен өлчөмү, көрсөткүчү катары кароого болот. М: Адам жарык дүйнөгө келгенден тартып, аны менен кош айтышканга чейинки турмушун коштоп жүргөн жашоонун ар кандай кырдаалдарында колдонула турган эрежелери: оозантуу, сүйүнчүлөө, азан чакырып ат коюу, жээнтек берүү, бешик той өткөрүү, тушоо кесүү, сүннөткө отургузуу, уул үйлөө, кыз чыгаруу, үй бөлүү, маркумду акыркы сапарга узатуу ж.б. Аталган ар бир салт өзүнчө аткарылуучу жөрөлгөлөрдөн, ырым-жырымдардан турат.

«Каада» термини салтка караганда жекелик мүнөзгө ээ болот да, жогоруда аталган жалпы элдик салттын аткарылышы катары ар бир адамдын ага карата болгон мамилеси менен туюндурулат. Окумуштуу Х. Карасаевдин сөздүгүндө салт, үрп-адат, урмат, атак-даңк, шан-шөкөт, кадыр-барк2 маанилеринде берилип, аталган сөздөрдүн ар бири өзүнчө мааниге ээ болгонуна карабай, синоним сөз катары белгиленген. М: Каада билген карысы, ак сакалдуу баарысы. (Манастан), Ал каадасынча колун бооруна алып саламдашты. Коноктор өз каадасы менен узатылды. Бул сүйлөмдөрдө каада сөзү ар кандай мамиленин, жүрүм-турумдун өзүнүн эреже катары калыптанган этикети маанисинде берилип жатат.

Кыргыздын улуттук каада-салты турмуштук ар кандай кырдаалдарда колдонулуп, кылымдар бою калыптанган, атадан балага, укумдан-тукумга берилип келе жаткан элибиздин өзүнө гана таандык болгон асылдык сапаттары, руханий дөөлөтү. Улутту улут катары тааныткан да, башка улуттардан айрымалаган да, өзгөчөлүгүн көрсөткөн да биз жогоруда атаган анын каада-салты болуп саналат.

Ал эми «үрп-адат» деген сөз каада-салт менен бирге колдонулган учурлар лексиконубузда көп кездешет. Окумуштуу К.К.Юдахин «үрп-адат» деген сөздү «улуттук салттардын жыйындысы»3 катары түшүндүрөт. Эгерде үрп-адат улуттук салттардын жыйындысы болсо, анда каада-салт сөзүнөн мурда келип, кыз берүү үрпү-адаты, тушоо кесүү үрп-адаты деген сөз айкалыштары колдонулмак. Адатта каада-салт сөзү мурда келет да, үрп- адат каада-салттын бир бөлүгү катары кызмат кылат. Үрп-адат жана каада-салт түшүнүгү көпчүлүк убакта бирдей деңгээлде каралып, анык мааниси ачылбай келет. Бул сөздөр экөө тең улуттук руханий маданиятты түшүндүрүп, окшоштук жактары болгону менен, алардын колдонулуш чөйрөсү жагынан айрымачылыктарды байкоого болот. Бул тууралуу Б.Солтонбеков: «Үрп-адаттын каада-салттан айрымасы – анын конкреттүү, тагыраак мүнөзгө ээ болгондугунда»4 дейт. Чындыгында үрп-адат сөзү турмуш-тиричилик, үй-бүлө маселелерин ичине камтып, каада-салттын бөлүгү катары кызмат кылат. Үрп-адат менен коштолуп, турмуш-тиричиликтеги ар кандай жөрөлгөлөрдү өткөрүүдөгү жол-жобо, эреже, тартип катары каада-салтка салыштырганда туруктуу мүнөзгө ээ болгон адатка айланган көрүнүш. Үрп-адатты коштоп жүргөн ырым-жырымдар анын сырткы көрүнүшү, жасалгасы катарында ага далилдүүлүктү, эффективдүүлүктү берип турат.

Турмуштун ар кандай кырдаалдарында колдонулуп жүргөн каада-салттар, үрп-адаттар жасалгасыз, көркөм-кооздуксуз өткөрүлсө, адамга таасир берүүчүлүк күчү болбой, тескерисинче, аларды колдонуунун зарылдыгы жоктой туюлуп калат. Ата-бабадан бери келе жаткан каада-салттардын, үрп-адат, ырым-жырымдардын эл арасында улам колдонулбай бара жаткандыгынын бир себебин ушундан көрүүгө болот. Ал эми элдин руханий маданияты болуп саналган каада-салттардын турмушубуздан солгундап же таптакыр жоголуп кетиши улуттук белгинин, традициянын жоголуп кетүү коркунучун жаратат.

Улуттук каада-салт биздин жашообузду гана кооздобостон, тарбиялык да мааниге ээ болуп, байыркы ата-бабалардан бери келе жаткан улууну урматтоо, ызат көрсөтүү, конок күтүү ж.б. сыяктуу асыл сапаттарга үйрөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Коомдун өнүгүшү жана ага карата элдердин жашоо шарты, дүйнө таанымы да өнүгүүдө боло тургандыгы табигый көрүнүш. Ошол сыяктуу эле эл арасында колдонулуп жүргөн каада-салттар да жаңыланып, коомдун жана аң сезимдин өсүшүнө, учурдун талабына шайкеш келе тургандай өнүгүү жолунда болот. Буга мисал катары бешик той, тушоо той, үйлөнүү үлпөтү, юбилей мурдагыга салыштырганда өзгүрүүгө учурагандыгына, жаңылангандыгына күбө болуп жүрөбүз.

Улуттук каада-салттардын жаңы формага өтүшүнө жогоруда белгиленген факторлордон тышкары коңшулаш жашаган улуттардын каада-салттары жана алардагы өзгөрүүлөр да таасир берет. Натыйжада, айрым каада-салттардын нагыз улуттук сапаты азайып, улуттар аралык жаңы каада-салттын пайда болушуна алып келет. Мисалы, кыз узатуу салты, мааракелер, бешик той ж.б.

Улуттук каада-салттын азыркы мезгилдеги тарнсформацияланышы жана анын пайдалуу, зыяндуу жактары иликтөө жүргүзгөндө төмөндөгүдөй негиздемелер келип чыкты.

Салттын пайдалуу жактары катары:

  1. Ата-бабадан келе жаткан салтты сактоо жана аны сыйлагандык;
  2. Улуттук традицияларды сактоо менен өз элибиздин асыл сапаттарын баалоого үйрөтөт;
  3. Каада-салттар турмушубузду кооздойт;
  4. Жаштардын келечек турмушу тууралуу кам көрүү болуп саналат;
  5. Каада-салтты сактоо ыймандуулуктун, сый-урмат көрсөтүүнүн бир белгиси;
  6. Ата-энелер той өткөрүп, эки жашка элден бата алып берүүсүн шарттайт;
  7. Каада-салттарды бир муундун өзүнөн кийинки муунга үйрөтүүсү ар адамдын парзы болуп саналат;
  8. Ошентип, жогоркуларды эске алып, аша чапкандыкка берилбей каада-салт орду менен, сакталса гана өз баалуулугун жоготпойт.

    Салтты сактоонун зыяндуу жактар катары:

    • Каада-салтты сактоо эски замандан калдыгы, саркындысы болуп саналат;
    • Эскини колдонуу жаңынын өсүүсүнө залалын тийгизет;
    • Учурдун талабына ылайык, үйлөнүү тоюна байланышкан жаңы, ыңгайлуу салттарды колдонуу керек;
    • Той өткөрүү ашыкча чыгымга дуушар кылат;
    • Кийит кийгизүү чыгымды көбөйтөт;
    • Салттардын көпчүлүк жактары азыркы замандын талабына жооп бербейт;

    Элибизде колдонулуп жүргөн улуттук каада-салттардын өз баасын кемитпей алып жүрүүсүнүн дагы бир шарты – аны колдонуунун чеги болуп саналат. Улуттук каада-салтты колдонуудагы аша чапкандык жөнүндө мамлекеттик деңгээлде 1998-жылдын 15-июнунда Жогорку Кеңештин сессиясында маселе көтөрүлүп, аша чапкандыкка тыюу салуу тууралуу элге кайрылуу кабал алынган. Бул тууралуу өз кезегинде депутат Б.Мурзубраимов маселе көтөрүп: «Бүгүнкү жашообузду жеңилдеткенге жардамы тиймек түгүл, кайра аны оорлотуп жаткан элдик айрым каада-салттардын түпкүрүндө адамдарды бири-бирине атаандаштырган сокур намыскөйлүк жаткандыгын көрүү кыйын эмес»5 деп жазган. «Бай байга жетем дейт, бай кудайга жетем дейт» дегендей, айрым учурларда каада-салтты ашкере колдонуп жиберүү, ашыкча чыгымдарды сарптоо да терс пикирлерди жаратуусу мүмкүн. Мына ушунун өзү улуттук каада-салтка болгон мамилени солгундатат да, натыйжада, бара-бара ал колдонуудан чыгып калуусу ыктымал.

    Демек, элибиздин кылымдардан бери келе жаткан рухий мурасы катары саналып, башка улуттардан айрымалап, турмушубузга көрк берип, жаш жеткинчектерди тарбиялоодо өз салымын кошуп келе жаткан улуттук каада-салтыбызды орду менен колдонуу, кийинки муундарга жеткирүү ар бир кыргыздын милдети болууга тийиш.


    1Солтонбеков Б. Кылымдарды карыткан кыргыздардын каада салттары Б.,2000, 4-бет.

    2Карасаев Х. Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү. Ф., Мектеп, -- 1984. 417-б.

    3Юдахин К.К. Кыргызча-орусча сөздүк. М.,- 1985, 325-б.

    4Солтонбеков Б. Кылымдарды карыткан кыргыздардын каада-салттары. Б.,- 2000, 4- бет.

    5Мурзубраимов Б. Өз салтыбыз өнүгүүгө өбөлгө. Ош, -- 1999, 6-б.

    Башына