Он төртүнчү сан

Мазмуну
Адам баласынан башка дагы жандыктар бар экендигин билгендер да, билбегендер да бар. Ал эми ал жандыктардын жаратылыш материясын жана алардын арасындагы байланыш мүмкүнчүлүгүн алып көрө турган болсок, ал жүзөгө ашуусу мүмкүн болгон байланыштын коомго тийгизе турган терс таасирлери бар экендигин белгилеп кетишибиз туура.
Негизи, бул көрүнүш, Кыргыз жана жалпы түрк элдеринде Исламдан оболку шаманизмден калган көрүнүштөр катары саналат. Ал динде, түрк элдери Көкө Теңирге ишенишкен, табияттын элементтеринен болгон ташка, сууга, жылдыздарга, айга, күнгө жана арбактарга сыйынышкан. Мына ошол элементтердин бир кыйласы, кээ бири ишеним катары; кээ бири ырым-жырым, үрп адат, салт-санаа катары бүгүнкү кыргыз элинин менталитетине, бүгүнкү күндө туу тутунган Ислам динибизди түшүнүү жана кабыл алуу жараянына кыйла эле терс таасири бар экендигин айкын эле көрүп олтурабыз.
Бул терс таасирдин курамындагы элементи катары көзү ачыктарды, бүбү-бакшыларды алсак, алар эл арасында дарыгер, табып, кудайга ишенген, намаз окуган, орозо туткан дин адамдары сыяктуу көрүнүшөт. Көзү ачыктардын арасында, менин эч кандай Ислам менен тиешем жок деп ачык эле жарыялап элге түшүндүрүп эрдик кылгандар да жок эмес, бирок көбү Исламдын атын жамынып алып өзүнүн ишин жүргүзүшөт. Мындайлардын коомчулука тийгизген залакасы албетте көбүрөөк. Ал эми көзү ачыктардын жүргүзгөн иштерине үңүлө караш үчүн Курандын негизинде ой жүгүртүү саякатына чыгып көрөлү.
Ыйык Курандын "Фатиха" сүрөөсүндө: “Аль-хамду лиллаахи раббил ааламиийн” аятында, "ааламуун" деген сөздүн жекелик түрү “аалам” деп колдонулат араб тилинде. “Аалам” деген жекелик түрдүн эки көптүк түрү бар, алар: "ааламуун жана ауаалимун". Бул экөөнүн Ыйык Куранда "ааламуун" деген сөзү айтылып өттү. Арабчада "ааламуун" менен "ауаалимун" дун айрымасы: биринчиси жандууларга колдонулуп, экинчиси жансыздарга колдонулат. Демек бул аяттан жаратылгандардын бардыгы тирүү жандык экендигин түшүнсөк болот! Бирок, "тирүү" деген сөздүн аныктамасы ар кимдики ар кандай болушу мүмкүн.
Ал эми жанды алсак, бардык эле жандыктардын жаны бар экендигин далилдей албасак керек, башкача айтканда, (биздин түшүнүктөгү) кыймылга ээ болбогон нерсени биз тирүү эмес деп түшүнөбүз. Мына ушул жерде жандыктардын жогоруда айтылып өткөн "жан" түшүнүгү же ошол жандык "эмне материядан" жаралгандыгы тууралуу болгон түшүнүк аркылуу Жараткан Алланын улуулугун, күч кудуретин аңдасак болот.
“Тирүү” жана “жан” түшүнүктөрүн алып көрсөк, бири-бирине окшошушу мүмкүн, бирок, тереңирээк талдап көрсөк алар бири бирине толук окшобойт. Себеби жаратылгандардын бардыгы эле адамзаты сыяктуу топурактан жаралган эмес. Ар кандай материядан жаралгандыгы үчүн, аларды Алланын бизге берген мүмкүнчүлүктөрү менен, б.а. беш туюу органы менен бардыгын толук аңдообуз өтө зор.
Ал эми жаратылыш материяларды алып көрсөк алар: нур, от, карангылык, аба, үн, жыт, сөз, эфир, суйуктуктар, электр күчү жана башкалар болушу мүмкүн. Материя канчалык биздин туюу сезимибизден алыстаган сайын, ошончолук биздин аң-сезимибизден алыстайт. Биздин маалымат алуу каналдарыбыздан же туюу сезимдерибизден алыстаганы, материянын ушунчалык назик, кичине, майда, үлбүрөк, жука болгонун билебиз, тагыраак айтканда биздин (түшүнүктөгү) материалдуулуктан алыстоосун билебиз.
Ошол миңдеген, балким миллиондогон ааламдардын ичинен периштелер, жин, инсан, айбанат ааламдарын алып көрөлү, тагыраак айтканда алардын айырмачылык, өзгөчөлүктөрүнө токтолсок, периштелер нурдан жаралган, акылы бар, напсиси жок, эркек-ургаачы болуп бөлүнбөгөн, Алланын буйруктарын эч кынтыксыз өз убагынан кечиктирбей, үзгүлтүксүз, так аткарган кулдары болгондугу үчүн, алар эч күнөө кылбаган, Алланын жанында өтө жогорку даражага ээ болууда.
Ал эми жин ааламына келсек, алар акылы, напсиси бар, көзгө көрүнбөгөн түтүнсүз таза оттон жаралган жандыктар болуп саналат.
Адам баласы болсо топурак жана суудан жаралган, акыл-эси бар, напсиси бар жандык болуп саналат.
Айбанат болсо акыл-эси жоктугу менен адам баласынан айырмаланып турат, жаратылыш материясы топурак жана суудан болуп, напсиси бар болгондугу жагынан адам затына окшойт.
Эми ушул жандыктардын төрт түрүн жаратылыш материясы жагынан салыштырып көрсөк, периште, жин, адамзаты акыл ээлери катары, бири-бирине дал келет, ал эми напси ээлери катары жин, инсан, айбанат ааламдары бири-бирине дал келет. Бул жандыктарга Жаратуучудан материясына жараша мүмкүнчүлүктөр берилген. Бул мүмкүнчүлүктөрдүн адамзатка тиешелүүсүн алып көрсөк, алар маалымат алуу же болбосо туюу сезимдери менен чектелет, бирок айрым адамдар болот, аларга Алла Таала жалпы адамзаттын мүмкүнчүлүктөрүнөн айрымаланган өзгөчө мүмкүнчүлүк б.а. же сыноо катары, же сүйүктүү кулдары олуяларына керемет катары бериши мүмкүн. Булар сууда басуу, абада учуу сыяктуу табияттан тышкаркы көрүнүштөр.
Ал эми жин ааламынын мүмкүнчүлүктөрү болсо өздөрүнүн жаратылыш материясына ылайык, биздин топурак-суу материябыздан айрымаланган, мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат. Ага мисал катары Куран Каримден бир аят алып көрсөк: Сулайман пайгамбар жиндерге кайрылып: “Оо, калайык, аларды колго түшүрүүдөн алдын кимиңер Балкистын тактын мага алып келсиңер?-деп сураганда, жиндердин арасынан Ифрит туруп: «Сен оордуңан турганча мен алып келем, менин ал ишке кудуретим жете тургандыгына ишенип кой!» дейт”.
Адамдар арасында мүмкүнчүлүктөр өйдө-төмөн болгондой эле, жиндердин арасында да өйдө-төмөндүктөр болгондугун ушул эле аяттын уландысынан түшүнсөк болот; (мусулман жиндердин бирөөсү) “Сен көзүңдү ачып жумганча тактыны алып келип койом деди”. Жиндердин да мусулман-каапыры болобу деген суроо туулушу да мүмкүн бул жерде. Ошондуктан, жаратылгандардын ичинен акыл менен напсиге бирдей ээ болгон гана тигил дүйнөдө суракка тартыла тургандыгы белгилениши зарыл. Пайгамбарлардын бардыгы тең адамзаттын арасынан келип жана Алладан келген диндердин бардыгы тең акыл менен напсиге бирдей ээ болгон кулдарына тиешелүү болот. Ошентип жиндер да, мусулман жана каапыр, христиан, жөөт жана башка диндердин өкүлдөрү болуп бөлүнөт. Палестинада турган Сулайман пайгамбарга Йемен ханышасынын тактысын бир көз ирмемде жиндердин алып келүүсү, алардын жер жүзүндө жашагандыгын жана убакыт менен аралык маселеси адамзаттыкындай экендигин жогорудагы аяттын "ордуңан турганча" жана "көзүндү ачып жумганча" дегенден аңдасак болот.
Ал эми кандайдыр бир аралыкты канча мөөнөттүн ичинде басып өтө тургандыгы, же кайсы бир ишти канча убакытта жасап бүтүрө турган мүмкүнчүлүгү жаратылыш материясына жараша болгондугун, дагы эле жогорудагы аяттардан түшүнсөк болот.
Пайгамбарыбыздын жакын сахабаларынын бири Абдуллах ибн Масуддун жиндерди ыйманга келген түнү көрүп, алардын өз ара сүйлөшкөндөрүн укканынын баяндаган хадистен жиндерди көрүүгө мүмкүн экендигин түшүнүүгө болот.
Жиндердин жашоосу жер жүзүнө байланыштуу экендиги жөнүндө пайгамбарыбыз: "Сөөк, малдын жеми, малдын тезеги менен ажатканада тазаланбагыла себеби алар, жин боордошторуңардын азыгы" деп айткан.
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) жогорку хадисте жиндерди бизге боордош кылды. Себеби, Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) аларга да пайгамбар жана элчи болуп жиберилген. Ыйык Куран аларга да тиешелүү. Анткени, жогоруда айтылып өткөндөй, акыл менен напсиге бирдей ээ болгондор бир гана адам баласы менен жин. Ошондой эле Куранда: "Мен жиндерди жана инсандарды Мага ибадат кылуусу үчүн гана жараттым" деп айтылат. Демек адам баласы болобу, жин болобу кимде ким өз напсисин акылга баш ийдирип Жаратканга ибадат кылган болсо анын даражасы, акылы болгону менен напсиси болбогон периштеден дагы жогору турат экен. Ал эми кимде-ким: акылын напсисине баш ийдирип, Жаратканга ибадат кылбаса, анын даражасы, напсиси бар, бирок, күрөшүүгө акылы болбогон айбанаттан дагы төмөн турат экен.