Он төртүнчү сан

Журналдын он төртүнчү саны

Мазмуну

Сыйкырчылык

Сыйкырчылык түбү байыркы коомдорго таянган чоң күнөөлөрдөн жана өтө кооптуу иштерден болуп эсептелет. Азирети Пайгамбарыбыз сыйкырчылык кылуу жети чоң күнөөнүн бири болгондугун айткан (Бухари, Васайа, 23).

Алла Таала Ыйык Куранда адам баласына; "Сыйкыр үйрөтүү аркылуу шайтандар куфрга кирди, Сулайман куфрга кирбеди" деп сыйкырды куфр менен сыпаттады. Сыйкыр өзү, жана аны үйрөтүү жараяны менен куфр, харам, тагыраак айтканда чоң күнөөлөрдөн (Алланын тыюу салган нерселери) болуп эсептелет. Анткени, Алла Таала, жин менен адамзаттын ортосунда байланышка тыюу салган.

Куранда сыйкырдын эки түрү жөнүндө маалымат берилет. Анын биринчиси адамдардын көзүн (сыйкыр жолу менен) бойоп, жөн учурда жүзөгө ашпай турган нерселерди жүзөгө ашырып жаткандай көрсөтүү, элес калтыруу. Буга Азирети Муса пайгамбар менен күч сынашкан сыйкырчыларды мисал келтирсек болот. Бул багытта аяттардын биринде төмөнкүчө буюрулат: «Алар ыргыткан кезде адамдардын көздөрүн сыйкырлап, чоң сыйкыр менен келишип адамдарды коркунучка кабылтышты» (Араф, 116). Окуяда сыйкырчылар колдогу нерселерди жерге ыргытканда эл аларды жандуу жылаан шекилдүү көрүшкөн. Чындыгында бул тек гана көз бойомочулук болучу. Ал эми Азирети Муса пайгамбар аса таягын ыргытканда ал кадимки чоң жылаанга айланып, сыйкырчылардын сыйкырын жок кылган. Бул Алла Тааланын мужиза-керемети эле. Сыйкырчылар көргөн көздөрүнө ишенбей, акырында Азирети Мусанын пайгамбарлыгын, ал үндөгөн Жалгыз Аллага ишенип ыйманга келишкен.

Ал эми экинчи түрү төмөнкүчө: ар кандай жазуу жана тажрыйба жолдору аркылуу адамдарды жана жиндерди таасир астына алуу, андан соң аларды каалагандай башкаруу.

Куранда: "Харут менен Марут, биздин үйрөтө турганыбыз фитнага (харам, бузукулук, чоң күнөө, куфр) алып барат, абайлагыла, куфрга кирип кетпегиле деп айтмайынча эч нерсе үйрөтүшпөйт эле" (Бакара 102) деп айтылат.

Вавилонго келген Харут жана Марут першителердин эскертүүлөрүнө карабай жиндер сыйкыр илимин үйрөнүп, кийин адамзат менен байланыш куруп аларга да сыйкыр илимин үйрөтүшкөн, ошентип сыйкыр илими Вавилондон тараган болот. Бирок, бул аят, сыйкыр илими Вавилондон тараган деген мааниси менен, Вавилон окуясынан мурун, же ошол эле учурда башка жерде сыйкырдын бар болгон ыктымалын четке какпайт, жана дүйнөнүн ар тарабындагы болгон сыйкыр илими Вавилондон тараган деген маанини туйундурбайт. Маселен, Африка элдерин же түндүк элдерин алып көрсөк, Америкадагы кызыл терилердин, Афстриянын жергиликтүү калкын, Тибеттин элин же болбосо Ламаизмди тутунгандарды, же жамы түрк элдеринин Исламдан мурунку Шаманизмдеги абалдарын алып көрсөк, баардыгында тең бирдей, сыйкырдын көптөгөн элементтерин эркин көрө алабыз.

Мына ушул сыйкырчылык жосунду колдонуп кээ бир адамдар(чоң күнөөгө канчалык баткандыгынан кабары боолбой) башкалардын муңунан, кайгысынан, акча таап байышат. Канчалаган үй-бүлөөлөр ушу сыйкырчылыктын айынана бузулуп, канчалаган адамдардын изги максаттары жүзөгө ашпай калгандыгы себептүү бөтөлкөнүн түбүнө түшүп кеткенине күн сайын күбө болуп олтурабыз.

Учурда элибизде, улам барган сайын бүбү-бакшылар, көзү ачыктардын көбөйүүсү мындай турсун, коммерцияга айланып баратканы бардыгыбызга маалым.

Сыйкырчылыктын экинчи түрү жөнүндө Фалак сүрөсүндө төмөнкүчө буюрулат: «Ааламдын Жаратуучусуна баш калкалайм, ... түйүндөргө үйлөп сыйкырлагандардын жамандыгынан...» (Фалак, 1, 4).

Куранда да, сүннөттө да сыйкырчылыктын бардык түрүнө тыйуу салынып, чоң күнөө катары эсептелген.

Бүгүнкү күнү сыйкырчылык өзгөчө батыш дүйнөсүндө кайрадан жанданып, көркөм тасмалар, ар түрдүү «шоу» программалар аркылуу калктын калың катмарына кеңири кулач жайгандыгы жалпыга маалым. Бул жагдай адамдардын руханий муктаждыктарына жооп бере албаган батыш маданиятынын береги боштукту (вакумду) толтурууга болгон калпыс аракети десек жаңылышпайбыз.

Көзүм ачык дегендердин дээрлик бардыгы жалганчылар, көздөрүнө эч нерсе көрүнбөгөн жөнөкөй эле адамдар. Бирок, алар практикалык жактан адамдын жалпы психологиясын, өзгөчө физиологиялык психологиясын жакшы үйрөнүп алышкан. Алар көбүнчө базарларда, соода жүрүп жаткан жерлерде өз соодаларын шарлатандык менен өткөзүшөт.

Кудайдан бираз корккон көзү ачыктардын көбү эмдөө, дем салуу иштери менен алек болушат. Бузукулук ишке ниети бузук, дили кара көзү ачыктар барат. Ошондой болсо да жиндер менен байланыш куруу күнөө иш экенин унутпайлы. Эгер ар бир адам анча мынча оору сыркоодун айынан көзү ачыктарга кайрылбай медицинага кайрылышы керек.

Мына ушундай чалкеш заманда биз мусулман катары өз динибиз - акыйкат Ислам дини менен жакындан таанышып, аны өз кан-жаныбыздан бүткөн чүрпөлөрүбүзгө үйрөтүп, өзүбүздү да, балдарыбызды да береги терс көрүнүштөрдөн оолак кармашыбыз кажет. Оолак кармоонун эң биринчи жолу – аларга туура менен жаңылыш, адал менен арамды үйрөтүү. Маңдайыбызда жылдыздай жанган балдарыбызга ыйман азыгын бере албасак, акка кара көө жапкан азгырыктын аңына өз колубуз менен салып берген болобуз.

Башына