Он төртүнчү сан

Мазмуну
Жакшысыңбы апаке, мен кайра келдим. Сабагы эмне болду деп сар-санаа болуп жаткандырсың, ойго чөмүлбө сабактан тарадык. Чынын айтсам, апалар деле сар-санаа болобу билбейм, бирок, Мурат:
– Сабакка барбай калсам апам урушат, сар-санаа болот – деген... Ошону эстедим.
Өткөн жумада мугалим эже:
– Оң колумда калем, сол колумда карандаш, – деп кайталатып жатып оңумду, солумду үйрөттү. Мен эми оңум каяк, солум каяк экенин билип алдым апа. Кайсы жагым сыздаарын эми билип калдым апаке. Баягычы, баягыда келгенимде:
– Ушул жагым эле сыздайт, ушул жагым,- деп эле каягым экенин түшүндүрө албай койбодум беле. Мына эми түшүндүрө алам апа. Сол жагым сыздайт апа... Тим эле күн өткөн сайын сыздачу болду...
Кечээ эртең менен Гүлайдын апасы чачын сонун кылып өрүп бериптир. Жетелешип келди мектепке. Бантиги да сонун болчу. Коңгуроо болгондо өөп туруп:
–Сабагыңа бара гой кызым,- деп узатты. Мен болсо көз жашымды токтото албай карап турдум ааларды. Эч кимден уялбай эле ыйлап жаттым. Алардын бактылуулугуна суктандым.
Мугалим эже:
–Эмне болду, – деп сурады.
–Жыгылып кеттим, тизем ооруп атат, – деп койдум. Калп айттым апаке... Тизем эмес, сол жагым сыздап жаткан болчу. Бүгүн мен дагы чачымды өрдүргүм келди. Атам өрдү бирок Гүлайдыкындай болбой калды. Бантик байлап бер десем, байлашты билбейт экен. Экинчи өтүнүчүмдү айттым:
– Анда жок дегенде сабакка жетелеп барчы!
– Кызым жумушчу?...
– Жумушуңду билбейм! - деп ыйлап жибердим.
– Кызым ай, нанды ким табат, мен силердин артыңардан жүрө берсем...
Унчуккан жокмун, бирок жолдо баратып дагы ыйладым апа. Ии, ошондо сол жагым аябай сыздаган апаке!
Мектепте баарынын жакасы аппак, меники бозомтук сыяктуу...
– Апам ак кийимге түстүү кийимди кошпой жууйт, – деди Нурай.
– Атам болсо баарын чогуу эле жууйт. Эмне ал кир жууганды билбейби, апа? Эхх, атам ай. Күнүгө эле нан салып берет түштө жегениме. Башкалар болсо, пирожный, булочка же дагы бир нерселерди алып келишет. Атам булочка жасаганды билбейт да ээ апаке!
Күн бүркөлүп келатат, мен кетейин апа! Сага келип атканымды атам билбейт... Билсе урушпайт деле, бирок аябай кейийт...
Апаке, топурагыңды ким тебелеп атат, гүлдөрүңдү ким үзгөн. Тебелетпечи апа, үздүрбөчү... Үйгө барганда элестетип алып эле ыйлай берем, анан...
Карачы, бүгүн да кичине чакамды ала келгем. Топурагыңдан бир ууч дагы алайын... Билесиңби апа, дайыма келгенимде алган топурагыңды ушул чакага чогулткам. Анан сыртына сүрөтүңдү чаптап баш жагыма коюп жатам. Эртең менен тураарым менен ушунун өөп, ушуну жыттап алам...Эч кимге айтпа апаке, кээде ушуну менен да сүйлөшө берем. Кантейин анан, сени аябай сагындым апаке!... Ии баса, мугалим эже бүгүн:
– Эртеңкиге апаңар жөнүндө жазып келгиле, - деди.
– Мен атама жаздырам. Эже билип калса урушат ко. Мейли, урушса уруша берсин. Мен сени көрбөсөм кантип жазам. Сени эстесем эле сол жагым сыздайт, апаке. Эч нерсе жаза албай калам. Көбүнчө ыйлайм. Анан ушуларды кантип жазайын, апаке!..
Мен кетейин апа. Топруагыңдан өбөйүн, сен да түшүмө кирип мени өп. Сөзсүз кир апаке... Сен түшүмө кирбей калсаң эле ойгонгондо сол жагым сыздай берет. Мына так ушул жерим сыздайт апаке, так ушул жерим!... Сол жагым сыздайт апаке, сол жагым. Сени абдан сагындым апа!...