Он төртүнчү сан

Мазмуну
Көптөн күткөн жаз да кирип келди. Ал эми жай айлары жакындаган сайын көпчүлүк ата-энелер учурунда бир нерсеге катуу даярдык көрө башташат. Ал нерсе – перзенттерди сүннөткө отургузуу.
Сүннөткө отургузуу – бул эркек баланын чочосунун уч жагындагы «сүннөт» терисин кесип, алып салуу.
Сүннөткө отургузуу боюнча мусулмандар эң чоң жамаат десек жаңылышпайбыз. Эмне үчүн мусулмандар баласынын чочосун кесишет?
Сүннөткө отургузуу ал адамдын мусулман экендигинин белгиси. Анткени, сүннөт мусулман менен мусулман эместерди айырмалап турат. Мына ошондуктан, кандайдыр бир адам Ислам динин кабыл алаарда жүрөктөгү жана жандүйнөдөгү кирлерди «лаа илааха иллалаах» келимесин айтып тазалаган сыяктуу, денедеги микроб топтоочу жерди кестирип тазалашы керек.
Бул пайдалуу иш чара б.з.ч. 6000 миң жылдан бери кылынып келе жатат деген уламыштар бар. Учурда жеке эле мусулмандар эмес АКШ жана бүтүндөй Европа калкы сүннөткө отургузуу расмын кызуу колдоп жатышат.
Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) сүннөткө отургузуу боюнча мындай дейт: «Пайгамбарлардын беш сүннөтү бар. Алар адамдын табиятынын талабы болуп эсептелет: Сүннөткө олтуруу, чурайды тазалоо, мурутту кыскартып туруу, тырмак алуу жана колтукту тазалоо» (Бухари, Либас 51, 62, 64). Чочонун кесилиши адамдын ден-соолугуна абдан пайдалуу экенин медицина илими какшап келет. Көптөгөн өлкөлөрдө бул иш чара медициналык талаптан улам аткарылып жатат.
Медицина илими өркүндөгөн сайын Ислам дини койгон өкүмдөрдүн пайдалуу сырлары ачылууда:
- Сүннөттүн эң негизги жана эң маанилүү пайдасы – бул тазалык. Анткени микроптор ным, жабык жана кир жерге көп жыйылат. - Туура кесилсе, «эрте түшүп калууга» тоскоол болот. Кесилген чочо сезимталдыгын жоготот. Ошондуктан төшөк кумары көпкө узап, эркек да, аял да кумарга батат. - Пенис рагы сүннөткө отургузулган эркектерде кездешпейт. - Сүннөттөлгөн эркектердин жубайларында жатын рагына чалдыгуу ыктымалы 6 эсе аз кездешет.
- Жыныстык жугуштуу оорулар аз кездешет. Мисалы, Кения менен Замбияда 10-30% кесилет. СПИД менен бул өлкөлөрдүн калкынын 4/1 бөлүгү ооруйт. Ошол эле Африка өлкөлөрү болуп саналган жана балдар толугу менен кесилген Бенин менен Камерунда ВИЧ инфекциясы 6% дан жогору катталган эмес.
- Гигиеналык жактан өтө пайдалуу. Кесилбеген теринин алдына смегма толуп калат. Смегма – бардык биологиялык суюктуктар сыяктуу эле бактерияларды, инфекциялык дарттарды көбөйтүүчү болуп саналат. Кесилген чочо ар дайым кургак жана таза жүрөт.
- Эгер бала өз убагында сүннөткө отургузулса, фимоз, парафимоз, баланит, баланопостит сыяктуу коркунучтуу дарттардын алдын алынган болуп саналат.
- Сексопатологтордун айтуусуна таянсак, кесилген чочок, кесилбеген чочоктон чырайлуу көрүнөт экен.
Дарыгерлер 5-7 жаш аралыгында сүннөткө отургузууну сунуш кылышат. Бирок балагатка жеткенге чейин сүннөткө отургуза берсе болот. Балагаттан алда канча өтүп кеткен адамдар да эч коркпостон кестирүүсү зарыл. Эскерте кетүүчү нерсе, дарыгерлердин каттоосуна Кыргызстандын айрым жерлеринде, өзгөчө түндүк райондорунда, айылдагы абышкалардын же сүннөткө отургузуп жүргөн адамдардын туура эмес кесиши катталган. Сүннөткө отургузуу расмы диний жана медициналык жактан өтө маанилүү иш болгондуктан, тажрыйбалуу сүннөтчүгө же атайын врачка кайрылуу абзел.
Баланы сүннөткө отургузар алдында сөзсүз түрдө ага сүннөт жөнүндө маалымат берүү керек. Сүннөткө отурузуу өтө маанилүү операция. Ошондуктан анатомия, физиология жана психология сыяктуу илимдерден кабарсыз адамдарга кайрылуу туура эмес. Эң негизгиси - чочонун башындагы алына турган теринин толук алынышы. Эгер «сүннөт тери» толук алынбай калса, бала сүннөткө отургузулду деп эсептелбейт. Айрым ата-энелер тажрыйбасыз сүннөтчүлөрдөн жардам сурап, балам сүннөткө отурду деп сүйүнүшөт. Бирок, бала чоңойгондо инфекциялык көйгөйлөр башталышы мүмкүн.
Эгер балаңыздын чочосун сүннөт адиси кеспесе:
- Кан токтобой көп агат;
- Сийдик чыкпай кыйналат;
- Чочонун чырайын бузат;
- Терини толук албайт;
- Инфекция көбөйөт.