Он төртүнчү сан

Журналдын он төртүнчү саны

Мазмуну

Аманатка бек болуу

Аманат жана ыйман деген сөздөр арапча бир эле уңгудан келет. Ыйман келтиргендер жалпысынан «му+мин=момун» деп аталат. Мумин деген кереметтүү сөз ошол эле маалда Жараткан Кудай Тааланын көзөл ысымдарынын бири. Бул ысым Алланын коопсуздуктун анык булагы экенин, пенделери үчүн ишенимдүү жөлөк, ынанымдуу таяныч экенин туюнтат. Пайгамбарларды «аманат» деген сыпатка, ишенимдүүлүккө Ал тарбиялаган. Бул жагынан мумин - момун -ыйман келтирген, аманат берилген, ишенимдүү, коопсуз пенде деген маанилерди туюнтат.

Абу Муса (Алла ага ыраазы болсун) Азирети Пайгамбарыбызга суроо салат:

-Пайгамбарым! Мусулмандардын эң шарапаттуусу ким ?

Анда Пайгамбарыбыз:

«-Тилинен да, колунан да мусулман пенде жабыр тартпаган адам» деп жооп берди (Бухари, Иман 4, 5, Рикак 26; Муслим, Иман 64-65).

Ишенимдүүлүк, айтылган сөзгө, макулдашылган келишимге бек болуу-коом менен жеке адам жашоосунун негизги эрежеси. Коомдун бейпил турмушу, тынчтыгы коомдун мүчөсү саналган адамдардын ишенимдүү болушуна жана убадага бек турушуна байланыштуу. Мындай сапат жок жерде дин да, дүнүйө да туруктуулугун жоготот.

Пайгамбарлардын ишенимдүүлүгүнө атайы басым жасалуу иретинде Куранда минтип баяндалат:

«Раббим билдирген нерселерди силерге маалымдап жатам, мен силер үчүн ишенимдүү насаатчымын» (Аараф, 68).

«Менин ишенимдүү пайгамбар экенимде шек жок» (Шуара, 107).

Бул сапат Мухаммед Пайгамбардын (саллаллаху алейхи васаллам) үмөтүнүн энбелгиси десек туура болот. Азирети Мухаммедди пайгамбарлык келелектен мурда деле калайыктын баары «Амин-ишенимдүү» деп чакырышчу.

Ишенимдүүлүктүн түркүгү саналган убадага бектик маанилүү сапат. Жараткан Алла айтылган убаданы так орундатууну буйруган:

«Эй, ыйман келтиргендер! Келишимдердин талабын аткаргыла!» (Маида, 1).

«... Берген убадаңарды орундаткыла. Анткени берилген сөз жоопкерчиликти талап кылат» (Исра, 34).

«Алар аманаттарды жана келишимдерин аткарышат» (Мумин, 8) деп акырет азабынан кутулган момундардын өзгөчөлүгүн маалымдаган.

Адамдарга сөз берүү жана бардык түрдөгү келишимдер ошол эле маалда Аллага сөз берүү деген мааниге келээрин эч качан унутпоо керек. Андыктан бул иштерге Алла күбө болуп тургандыктан, сөзсүз талапты аткарып, жоопкерчиликти орундатуу абзел.

Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам):

«Сөзү туура, ишенимдүү жана дурус соодагер мусулман кыямат күнү элчилер, чынчылдар жана шейиттер менен чогуу болот» деп сүйүнчү айткан (Тирмизи, Буйу, 4/1209; Ибн-и Мажа, Тижарат 1).

Мунун тескерисинче сөзгө турбаган ишенимсиз адамдар үчүн өтө коркунучтуу эскертүүлөр бар:

«Кыянатчынын ыйманы жок!» (Ахмад, III, 135).

Киши баласынын ишенимден чыгып калышы ыйманынын алсыздыгын, адамдык касиетти аяк асты кылганын жана Ислам ыроологон артыкчылыктарды жок кылганын билдирет. Анда ыймандын аты гана калат, ибадат кампасы жер жуткандай аңгырайт, тек гана наамына мөөр болуп басылган «ишенимсиз», «кыянатчы», «жалганчы» жана «туруксуз» деген жалгама аттан башка эч нерсе калбайт. Бул жагдайды Азирети Умар (Алла ага ыраазы болсун) минтип нускалайт:

«Адамдын окуган намазына, туткан орозосуна карап дароо баа бычпагыла. Туура сүйлөйбү, тапшырылган аманатты сактай алабы же дүнүйө колго тийгенде адал-арамды айрымалайбы, мына ошонусуна карагыла!».

Аманатка кыянатчылык жана убадага турбоочулук дарты эгер эмделбесе, акырында мунафыктык-эки жүздүүлүк деген эң жаман абалга жеткирет.

«Төмөндөгү төрт сыпат кимде бар болсо, ал мунафык: Берилген аманатка кыянат кылат. Жалган сүйлөйт. Сөзүнө турбайт. Душмандыкта чектен чыгып, адилетсиздик кылат. Мына ушул төрт сыпаттын бири кимде болсо, аны таштамайын андан мунафыктык сыпат кетпейт» (Бухари, Иман, 24, Мазалим, 17; Муслим, Иман 106).

«Алла Таала мындай деди: Мен кыямат күнү береги үч топтун душманымын: Менин атымды оозанып касам ичкен соң сөзүнө турбаган адамдын, эркин адамды кул деп сатып акчасын жеген адамдын, келишим менен жумушчу иштетип, иш бүткөн соң акысын бербеген адамдын»(Бухари, Буйу 106, Ижара, 10).

Демек, убадага бек туруп, аманатты так аткарып, мусулмандыктын белгисин сактап калуу ар бирибиздин милдетибиз.

Азирети Мухаммедке «ал-Амин» жана «ас-Садык» сыпаттарын бердирген көптөгөн үлгүлүү окуялардын бирин Абдуллах бин Абил Хамса төмөнкүчө баян этет:

«Ал мезгилде пайгамбарлык бериле элек эле. Мен ошондо Азирети Мухаммед менен бир нерсени соодалаштым. Натыйжада мен ага бересе болуп калдым. Бир аз күтө турган болсо, жеткирип береримди айтып жүрүп кеттим. Бирок кашайып, берген убадамды унутуп коюптурмун. Арадан үч күн өткөндөн кийин берген убадам эсиме түштү. Эмнеси болсо да, бир барып көрөйүн деп убадалашкан жерге барсам, Пайгамбар (саллаллаху алейхи васаллам) баякы жерде турат.

Ишенимдүүлүктүн жана берилгендиктин туучокусун багынткан Алла Элчисинин ахлактык аруулугуна тан берүү керек. Убадага турбагандыгым себептүү мени айыптабастан:

«-Эй, жигит! Мени кыйнап койдуң го, үч күндөн бери ушул жерде күтүп турам» деп койду, сылык гана(Абу Давуд, Адаб, 82/4996).

***

Жабирдин (Алла агы ыраазы болсун) атасы Ухуд чабышында шейит кетет. Ал көп балалуу болгондуктан артында бир кыйла карызы калат төлөнбөй. Күндөрдүн биринде Алла Элчиси Жабирди жанына чакырып мындай дейт:

«-Эгер Бархрейнден зекеттин малы келе турган болсо, сага жетиштүү үлүш бөлүп беремин». Бирок зекетке чогулган мал Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын көзү өткөндөн кийин келет.

«-Алла Элчиси кимге убада берген болсо же бересеси болсо, келип алгыла!» деген халифанын жарыясын угаарым менен барып мурунку болгон убаданы айттым. Азирети Абу Бакир капка колун бир матырып уучуна толтура акча берди. Санасам 500 динар экен.

-Ушунчадан дагы экини ал, кааласаң. Бул мүлк силерге таандык! деди (Бухари, Кафалат, 3).

Азирети Абу Бакир Алла Элчисинин убадасын анын атынан орундатып, чыныгы оопалуу мусулмандыкты көрсөтө алган.

***

Азирети Алинин кочкорду курмандыкка чалып жатканын көргөн Ханаш (Алла ага ыраазы болсун) бул иштин себебин сурайт. Курмандыктын маанилүү себеби бар экенин Азирети Али мындайча түшүндүрөт:

«-Алла Элчиси мага көзү өткөндөн кийин өзү үчүн да курмандык чалууну осуят кылган эле. Осуятты орундатуу үчүн курмандык чалып жатам. Мындан ары деле бул ишти уланта берем!» дейт (Абу Давуд, Адахи, 1-2/2790; Ахмад, I, 107).

***

«... Кимде-ким антты бузган болсо, ал өзүнө гана зыян келтирет. Кимде-ким Аллага берген антына бек турса, Алла ага чоң жакшылык ыроолойт» (Фатих, 10).

Жыйынтыктап айтканда мусулман адам сөз берер алдында Алланы күбө тутуп келет. Ошол себептен пенделерге берилген бардык убада бир эле маалда Аллага да берилген болуп саналат. Андыктан убадага, берилген сөзгө бек туруу, колу менен да, дили менен да жалпы адамбаласына зыян келтирбөө, ишенимдүү, чынчыл инсан болуу жаамы момун мусулманга түшкөн милдет.

Алла Таала бүт нерсенин Ээси. Өкүм атпай Өзүнө таандык жана ошондой эле көп аяттарда «Өз даргөйүндөгү сөздүн такыр өзгөрбөсүн128» маалымдаган. «Сөз ооздон бир гана жолу чыгат» дегенди жакшылап аңдоо жана чынчылдыкты туу тутуу биздин милдет.

Убадага, сөзгө бек туруу адамдык касиетти эң жогорку чегине чыгарган рухий сыпат. Айрым тафсирчилер ушул өңүттөн Исламды жүрөктөн кабылдоо, тил менен тастыктоо жана тагдырдын бардык оош-кыйыш, жыргал-кууралында Аллага моюн сунуу, убадага бек туруу деп аныктама беришкен.

Башына