Он төртүнчү сан

Журналдын он төртүнчү саны

Мазмуну

Маркуа жана жаназа намазы

Түбөлүктүү - жалгыз Жараткан Алла Таала. Адам баласы да жаамы жандуу-жансыз сыяктуу күндөрдүн биринде сөзсүз түрдө бул дүйнө менен кош айтышат. Ислам дининде тирүү адамга урмат кылуу канчалык мааниге ээ болсо, одүйнө салган маркумга да урмат кылуу ошондой мааниге ээ. Өлүм - бул жок болуу эмес, түбөлүк жашоонун башталышы. Чыныгы жашоо – бул акыреттик жашоо. Көз жумган мусулман маркумду жуу, кепиндөө, ага дуба кылуу үчүн жаназа намазына туруу жана көмүү мусулмандар үчүн «парз-ы кифая» болуп саналат.

Өлүм алдында жаткан адамга карата жасала турган иштер1
  • Көз жумаар алдында жаткан адамды мүмкүн болсо, оң ыптасы менен кыбыла тарапка буруп жаткыруу керек. Эгер мүмкүн болбосо, чалкасынан жаткырып, жүзүн кыбылага буруу абзел. Эгер буга да мүмкүнчүлүк болбосо, өз жайына койуу дурус.
  • Бул учурда анын жанында келме келтирип туруу керек.
  • Мусулман адам бирөөнүн көз жумганын уккан кезде «Иннаа лиллахи ва иннаа илайхи роожиуун» (Чындыгында баарыбыз Аллага гана таандыкпыз жана Ага кайтабыз) деп айтышы керек.
  • Адам одүйнө салган соң көзүн жаап, ээгин байлап, колу-бутун түздөп койуу зарыл. Андан соң кийимин чечип, үстүн ылайыктуу кездеме менен жабуу зарыл.
  • Көз жумган адамдын жакындары ашкере өкүрүп-бакырып, чачын жулуп, бети-башын тытпашы керек. Бул туура эмес жорук. Албетте, адам баласы болгон соң жакын тууганы көз жуумп жатса, ыйлабай койбойт, ыйлайт. Адам уулунда ырайымдуулук, мээримдүүлүк, сүйүү деген сезимдер бар. Ыйлоо мына ушундай аруу сезимдердин талабы. Азирети Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в)да уулу чарчап калганда көзүнө жаш алган. Бирок жанагыдай ашкере өкүрүү, бети-башын тытып ыйлоо туура эмес. Ошондой эле өлүк үчүн атайын кошокчуларды алып келүү да туура эмес иш. Себеби өлүм дагы Жараткан Алланын жазмышы. Ошондуктан, Анын жазмыш-тагдырына ыраазы болбой, Ага баш көтөрүү түшүнүгүн туюнткан иш-аракеттерден оолак болуу абзел.
  • Маркум жуулганга чейин маркумдун жанында Куран окулбайт. Башка бөлмөдө окуса болот.
Маркумдун жуулушу2

Маркумду болушунча эрте жуу, кепиндөө жана жерге берүү мустахап болуп саналат. Азирети Пайгамбарыбыз жаназаны тез арада койууга буйурган (Бухари, Жанаиз, 52; Абу Давуд, Жанаиз, 45, 46).

Имам Азам агымы боюнча, көз жумган адамдын башы менен бирге денесинин көпчүлүк мүчөсү болсо, жуулат. Денесинин жарымы жок, башсыз маркум жуулбайт. Ошондой эле башы, денесинин жарымынан аз мүчөсү бар маркум да жуулбайт, кепинделбейт, жаназа намазы да окулбайт. Ал эми Имам Шафи менен Ахмад бин Ханбалдын көз карашында, мусулман маркумдун денесинен аз гана мүчө болсо, аны жууп кепиндеп, жаназа намазын окуса болот.

Маркумду жуу – бул ага гусул алдыруу дегенди түшүндүрөт. Андыктан гусул алууну билген ар бир мусулман баласы маркумду жууса болот.

Маркум төмөнкүчө жуулат: алгач кийимдерин чечип, киндиктен тизеге чейинки аралыкты жаап, буту кыбыла тарапка келе турган таризде чалкасынан жаткыруу керек.

Маркумду жуугандар жууп жатканда «Гуфроонака йаа Рахмаан» (Оо, Мээримдүү Жараткан Алла! Ушул маркумдун күнөөлөрүн кечире көр!) деп кайра-кайра кайталап турушат. Маркумду жууй турган адам алгач (маркумду жууганга) ниет кылат. Андан соң колуна кездеме ороп, маркумдун аврат жерин жууп тазалайт. Андан кийин ага даарат алдырат. Бул учурда жаназанын оозу-мурдуна суу берилбейт, сууланган манжа менен гана нымдап коет. Жүзүн, колун чыканагына чейин жууп, башына масх тартып, буттарын жууйт. Көз жумган жаш балдарга даарат алдыруунун кажети жок. Андан соң маркумдун башына суу куйуп, биринчи сол ыптасына жаткырып оң ыптасын, анан кайра оң ыптасына жаткырып сол ыптасын жууйт. Андан кийин маркумду жууган адам аны отургузуп, курсагын сылайт. Эгер ичеги карынынан бир нерсе келсе, аны тазалап жууйт. Бул учурда кайра даарат-гусул алдыруунун кажети жок. Андан соң жаназаны сүлгү менен кургатып, кепиндейт. Маркумдун чачын, сакалын алууга, тароого, ошондой эле тырмактарын алууга да болбойт.

Маркумга жагымдуу атырдан сээп койуу абзел.

Маркум көпкө кармалгандыктан, денеси бузула турган абалга жетип калган болсо, жөн гана үстүнө суу куйуп гусул алдырылат.

Суу табылбай калса, маркумга таяммум алдырылат.

Эркек маркумду эркектер, аял маркумду аял кишилер жууйт.

Аял киши күйөөсүн жууй алат. Имам Азам агымы боюнча, күйөөсү көз жумган аялын жууй албайт. Бирок, таяммум алдырса болот. Калган үч агым боюнча, эркек киши аялын жууса болот.

Маркумду мүмкүн болсо жууганды билген эң жакын адамдары жууганы дурус.

Көз жумган мусулман адамдын жакын туугандары мусулман эмес болсо, аны жууп-кепиндөө мусулмандардын милдети болуп эсептелет. Аны туугандарына таштабоо керек.

Маркумдун кепинделиши3

Маркум оролчу кездеме «кепин» деп аталат. Кепин пахтадан жасалган ак кездемеден болгону дурус. Кепинди абдан кымбат баалуу кездеме менен бычуунун кажети жок. Ошону менен бирге өтө эле сапатсыз кездемеден бычуудан да алыс болуу абзел.

Маркумду денесине жете турган кездеме менен кепиндөө парз. Бул эң ириде жакын туугандарынын, андан соң мусулмандардын милдети.

Эркек адамдын кепини сүннөткө ылайык үч бөлүк кездемеден турат. Анын биринчиси маркумдун боюнан бираз узун болуп, «лифафа» деп айтылат. Маркум эң ириде мына ушул кездемеге жаткырылат. Экинчиси мындан бираз кыска, бирок маркумду башынан-айагына чейин жаба тургандай кездеме болуп, «изар» делет. Ал эми үчүнчү кездеме «камис» деп аталып, маркумдун моюнунан баштап тизесин кошо жаап турушу керек.

Эркек адам төмөнкүчө кепинделет: алгач жерге лифафа, анын үстүнө изар жайылат. Андан кийин маркумга камис кийгизип, изардын үстүнө жаткырып, биринчи изардын сол ыптасын, андан соң оң ыптасын тыкан ороо керек. Андан соң маркумду лифафага ороп, баш жана аяк жагынан байлап койуу зарыл. Кепин ачылып кетпеши үчүн киндиктин үстүнөн байлап койсо да болот.

Ал эми аял киши үчүн буга кошумча баш жана төш кездемеси зарыл. Аял кишини кепиндөөдө камисти кийгизген соң чачын экиге бөлүп, аны мүрүсүнө (төшүнө) жаткырып койуу керек. Баш кездемеси менен чачы, жүзү жабылат. Андан кийин аял маркумду изарга, изардын сыртынан төш кездемесин орогон соң лифафага ороо менен кепиндөө иши бүтөт.

Үч бөлүктөн турган кепин табылбаса, эркек маркумду эки кездемеге, аял маркумду да эки кездемеге кошо баш кездемеси менен үч кездемеге ороо керек. Эгер бул да болбосо, маркум сөзсүз түрдө бир кездеме менен болсо да, кепинделиши керек.

Кепин каза болгон адамдын каражатынан сатып алынат. Мал-мүлкү жок болсо, кепинин туугандары сатып алышы керек. Эгер туугандары да жок болсо, анын кепинин мусулмандар алышы керек. Каза болгон аял үчүн күйөөсү кепин табышы керек.

Жаназа намазы4

Жаназа намазы – мусулман маркумдарга дуба кылуу максатында окулган намаз. Жаназа намазы парз-ы кифая. Жаназа намазында руку-сажда болбойт. Жаназа намазга турган адам даарат алып кыбылага бет алып турушу керек.

Жаназа намазын окуу үчүн алты шарт бар:

  1. Маркумдун мусулман болушу. Мусулман эмес адамга жаназа намазы окулбайт.
  2. Маркум жуулган же таяммум алдырылган болушу керек.
  3. Маркум жамааттын алдында турушу зарыл.
  4. Денесинин жарымынан көбү же башы менен бирге эң азынан жарымынын болушу
  5. Маркум табыты менен жерге жаткырылышы керек
  6. Жаназа намазын окуй турган адам өйдө турган калыбында болушу керек.
Жаназа намазынын окулушу

Жаназа намазы төмөнкүчө окулат: алгач «Алла ыраазылыгы үчүн береги эркек кишинин (же аял же болбосо кыз же эркек баланын) жаназа намазын окууга ниет кылдым» деп ниет кылынып, «Аллаху акбар» деп такбир алынып «субханака» дубасы окулат. Андан кийин имам колун көтөрбөй туруп үндү бийик көтөрүп «Аллаху акбар» деп такбир алат, жамаат да үн чыгарбай ичтен такбир алат. Андан соң «салли-баарик» дубалары окулат. Имам дагы үн чыгарып такбир алган соң, жаназа дубасы окулат. Жаназа дубасын билбегендер «Роббанаа аатина..» дубасын окушса болот. Андан кийин төртүнчү такбир алынып, эки жака салам берилет. Жаназа намазында жамааттын көп болушу мустахап. Асыресе, жаназа намазы бир киши тарабынан окулушу менен парз орундалган болот. Аял кишилер да жаназа намазына кошулушса болот. Эгер аялдар да кошула турган болсо, эркектердин артынан сапка тизилиши керек.

Жаназа намазы окулбай көмүлгөн маркумдун жаназа намазын арадан көп убакыт өтпөсө, окуса болот. Буга Пайгамбарыбыз өзү үлгү болуп берген.

Жаназа намазына кеч келип калган адам дароо такбир алып, эч нерсе окубай, калтырылган такбирлерди алуу менен жаназа намазын толуктаса болот.

Күн чыгып келатканда, төбөдө турганда жана батып баратканда жаназа намазы окулбайт.

Имам Азам жана Имам Мухаммеддин пикиринде, өзүн-өзү өлтүргөн адамдын жаназасы окулат.

Жаңы төрөлүп көз жумган ымыркайды жууп, кепиндеп, ат койуп, анын жаназа намазын окуса да болот. Ал эми жансыз төрөлгөн ымыркайна жаназа окулбайт. Аны жуунун да кажети жок, бир кездемеге ороп, жерге жашыруу керек.

Ата-энесин эч бир себепсиз атайлап өлтүргөн адамдын жана каракчылык учурунда өлтүрүлгөн кылмышкердин жаназа намазы окулбайт.


1ал-Мавсилий, ал-Ихтияр, 1-том, 118; Садруш-Шариа, Мухтасарул-Викоя, 28; Шейх Низамуддин ж.б., ал-Фатаавал-Хиндиййа, 1-том, 198
2ас-Сарахси, ал-Мабсут, 2-том, 91; ал-Мавсилий, ал-Ихтияр, 1-том, 119; Шейх Низамуддин ж.б., ал-Фатаавал-Хиндиййа, 1-том, 199; ал-Каасаани, Бадааиус-Санааи, 1-том, 300
3 ас-Сарахси, ал-Мабсут, 2-том, 116; ал-Мавсилий, ал-Ихтияр, 1-том, 120; Садруш-Шариа, Мухтасарул-Викоя, 28; Шейх Низамуддин ж.б., ал-Фатаавал-Хиндиййа, 1-том, 202; ал-Каасаани, Бадааиус-Санааи, 1-том, 306
4ал-Мавсилий, ал-Ихтияр, 1-том, 122; Садруш-Шариа, Мухтасарул-Викоя, 28; Шейх Низамуддин ж.б., ал-Фатаавал-Хиндиййа, 1-том, 204; ал-Каасаани, Бадааиус-Санааи, 1-том, 310

Башына