Он төртүнчү сан

Мазмуну
XIX–кылымдын биринчи жарымында кыргыз элине бөтөнчө кеңири белгилүү болгон нускоочу, ойчул акын Калыгул 1785-жылы Ысык-Көлдүн күңгөйүнүн Карай-Ой деген жеринде Бай аттуу оокаттуу, төрт түлүгү түгөл адамдын үй–бүлөсүндө туулган. Атасынан калган оокатка ээ болуп, ал өмүрү өткүчө эч нерседен кор болгон эмес. Калыгулдун чоң атасы, чоң энеси, алардын бир туугандары жөнүндө маалымат жок. Бирок акындын өзүнөн тараган укум-тукуму бар.
Калыгул өткөн доордо бизге белгилүү кыргыз сөз устаттарынын бири. Акын айткандарын жалпы жонунан «Акыр заман» деп атаган. Калыгулдан кийин ушул темага кайрылгандар аны тематикалык жана формалык жактан тереңдетип гана отурушту.
Калыгул эр жеткен кезинен эле элге тамсилчи, меселчи акын катары тааныла баштайт. Ал көпчүлүк акындардай комуз күүлөп, үн кошуп ырдабастан, алдына келген адамдарга макалдатып айтып берген. Ал төрөлүктүн каадасын сактап, эл жыйналган жерде ырдачу эмес. Калыгулдун бөтөнчөлүгүнө байланыштуу мындай маалымат бар: «Калыгул ырчы эмес, даанышман болгондуктан тойдо ырдабаган. Сөзүн көп ачып айта бербеген, көп убактарда унчукпай отура берген. Сөзүн макалдатып, акырын–токтоолук менен акыл–насыят катарында сүйлөгөн». Даанышмандыгынын белгиси ушу: «туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок» - дегендей акындын калыстыгы айрыкча белгиленет. Ошондон улам «кара кылды как жарган, Калыгулдай калыс бол» деген ылакап калган.
Калыгулдун ырларында акыр заман идеясы көбүрөөк орун ээлесе да, санат, насыят, терме, адамдын жүрүш–турушун сындаган, жаштарды адептүүлүккө чакырган саптары да арбын. Албетте, Калыгул өз заманынын адамы катары, феодалдык турмуштун идеологу катары анын салт–санаасын, үрп–адатын, психологиясын жактап, мактоодон сырткары кала алган эмес. Эгер коом ага болгон элдин мамилеси улам өзгөрүлө баштаса, анда замана Калыгул үчүн таптакыр бузулчудай сезилчү. Тоголок Молдо, Сагынбай, Шапак, Ыбырай, Абдыкалык өңдүү көрүнүктүү карыя акын, өнөрпоздордун айтымына караганда Калыгул кыраакы, көрөгөч, даанышман катары таанылган адам.
Калыгул 1855-жылы Ысык-Көлдүн Ак-суу деген жеринде жетимиш жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Акын өлөөрүнөн бир күн мурун алыска жол тартып баратып, Чолпон-Атага кире бериш жердеги жолдун жээгин көрсөтүп, «менин сөөгүмдү ушул жерге койгула», - деген керээзин айткан экен. Ошонун эртеси Байсоорунда жол үстүндө каза табат. Керээз боюнча сөөк Кара-Ойго коюлган.1
Чыгармалары:
Акыр заман
Азиздер айтып кетиптир
Акыр заман болжолун
Ак Азирети Пайгамбар,
Адам ата баш болуп
Акыр заман кишиси
Кичине болоор мүчөсү.
Илгери өткөн адамдан
Башка болот деп айткан.
Адеби жок сүйлөгөн
Кашка болот деп айткан.
Конушу такыр, чөбү жок
Ташка конот деп айткан.
Мал азайып арымдап
Жакыр болот деп айткан.
Эгини өнүп, чөп чыкпай,
Такыр болот деп айткан
Андан кийин замана
Акыр заман адамы
Аалым болот деп айткан.
Аяттын сөзүн бек тутпай,
Заалым болот деп айткан.
Аганын тилин ини албай
Чагым болот деп айткан.
Биринин тилин бири албай,
Жайыл болот деп айткан.
Капыр менен аралаш
Ошондо айыл конот деп айткан.2
Акын аталган чыгармачылыкты бек туткан ар бир инсан өз элинин түйшүгү менен жашабай коё албайт. «Эгер жерден жарака кетсе, ал акындын жүрөгү аркылуу өтөт» деген кеп бекеринен айтылбагандыр. Эмесе өз мезгилинин даанышманы Калыгул акын да учурдагы коомдук–саясий абалга өз мамилесин билдирбей койгон жок. Коомдук саясий тема Калыгулдун бардык эле ырларында орун алганын байкоо кыйын эмес. Анткен менен бул темага акын «Акыр заман» казалында айрыкча көңүл бурган. Тарыхтан белгилүү болгондой Калыгулдун тушунда кыргыз турмушунда чукул өзгөрүүлөр жүз берип, ар кандай прогрессивдүү процесстер жүрө баштаган. Буга болгон акындын терс мамилеси байкалбайт, ошентсе да анын кыргыздын уруучулук, каада–салтын, жүрүш–туруш нормаларын толугу менен жактаганы ушул казалда даана берилет.
XIX–кылым ортолоп калган чакта Борбордук Азиядагы башка элдердей эле кыргыз турмушуна дагы соода–сатык күмүштөн кире баштаганы белгилүү. Мунун албетте көп жакшы жактары бар. Ага–тууган сыйлашпай, аганын сөзүн ини укпай, атанын сөзүн бала укпай, пейил бузулган замандын белгисин акын ошол мамиледен көрөт. Балким ал жаңылып жаткандыр, бирок «конушу такыр, чөбү жок ташка конот деп айткан, элдин наркы бузулуп, ачка болот деп айткан» деген саптары барып–келип коомдун пейили бузулганы – акыр замандын жакындаганын тымызын далилдеп тургансыйт.
Кыргый талга уялаар.
Такыясын колго алып,
Кыз жигитти кубалаар.
Жашыл ала кыялар,
Жагалмай талга уялаар,
Жакшы заман келгенде
Жаштар бизди кубалаар.
***Кийин чыккан адамы
Ишин билген амалдуу
Аяр болот деп уктум.
Кандай кылган жумушка
Даяр болот деп уктум.
Ошондогу адамдар
Молдо болот деп уктум.
***Кыйкырганы бел ашпай,
Үн кыскарган бир заман.
Кылса жумуш бүтпөгөн,
Күн кыскарган бир заман.
Кожо, молдо жоголуп,
Дин кыскарган бир заман.
Орозо – намаз окубай,
Тил кыскарган бир заман.
Өтүп барат бир заман
. Биз жүргөн жер тар заман,
Кийин келээр зар заман.
***Орой киши баатыр болоор,
От чыкпай жериң такыр болоор.
Аягың таш болоор,
Корооң бош болоор.
Мингениң жыгач ат болоор.
Ыгы жокко жан берип,
Ыйманың сага жат болоор.
1Мусаев С. – Турдугулов А., Көркөм сөз өнөрү, 259 – 60.
2Мусаев С. – Турдугулов А., Көркөм сөз өнөрү, 276.