Он төртүнчү сан

Мазмуну
Ислам дини аялзатына көптөгөн укуктарды ыйгарып, өсүп келе жаткан жаш муунду тарбиялоо жоопкерчилигин тапшыруу менен ага өзгөчө мамиле жасаган. Муну батыш окумуштуулары да кабылдашат.
Алардын бири англичан айым Анни Бизант: “Аялзаты мусулман коомчулугунда көптөгөн укуктарга, эркиндиктерге ээ. Көп аялдуулукка каршы чыккан коомчулуктарга салыштырмалуу ислам коому аялдардын укуктарын жогорку денгээлде сактап, коргоп келет. Бул дин көп аялдуулукта аялдарга карата калыстык мамиле жасоону талап кылат. Ислам аялдарга илим алуу укугун да калыс карап, милдеттерин тактап берген. Нафака аркылуу анын турак-жай, кийим-кече, тамак-аш менен камсыздалышы анын коопсуздугун талаптайт. Ал эми батышта аялдар кумар кандыруучу объект сыяктуу гана каралып калды. Андан соң алардын эмне болоору, эмне кийип, эмне ичээри менен эч кимдин иши жок” дейт.
Француз жазуучусу Франсуаза Саган мусулман аялзатына мындайча кайрылат: “Оо, чыгыш аялдары! Силердин атыңардан сүйлөп, силерди эркектер менен тең укуктуулука чакыргандарга алданбагыла! Алар мурун бизди шылдындаган сыяктуу силерди да шылдыңдап жатышат. Эч кимге алданбагыла, силердегидей укук, теңдик бир да бөлөк коомдо жок”.
Фон Хармер: “Хижап мусулман аялзатынын кадырын, намысын сактап калды. Андыктан буга суктаныш гана керек” дейт.
Англиялык жазуучу, философ Бернард Шоу мындайт дейт: “Мен Мухаммеддин динин жогору баалайм. Бул чыныгы жашоо. Адам баласынын жашоосун түп тамыры менен өзгөртүүчү чыныгы жалгыз дин. Ислам бардык кылымдарга толук жооп берген дин. Мен бул укмуштуудай адамдын өмүр таржымалын кылдат окуп чыктым. Аны “адамзатын куткаруучусу” деп атоого толук негиз бар. Христоско душмандыгым жок. Мен ойлоор элем, эгерде бул адам азыркы учурда дүйнөнү башкарса, адамзатынын бардык көйгөйлөрүн чечип, жер жүзүнө тынччылыкты бактылуулукту алып келмек. Мен келечекте европалыктардын бардыгы Мухаммеддин динин кабыл алышат, деп ойлойм. Европада да күн өткөн сайын дин Исламдын кулачы кеңейип жатат”.
АКШнын Колумбия штатындагы Миссури университетинин студенткасы 28 жаштагы Эмилия (азыркы аты Хажар) “Ислам динин жалгыз куткаруучу дин” деп эсептейт.
Ал чындыкты издеп, Ислам тууралуу көптөгөн китептерди окуп чыккан. Хажар америкалыктардын материалдык маданиятынан чындыкты көрө алган эмес. Эки жылдык изилдөөлөрдөн, терең ойлонуудан кийин Ислам динин кабыл алган. Хажар мындай дейт: “Мага көптөгөн жылдардан бери аалам ,адам, жашоо тууралуу суроолор тынчтык бербей келген. Мен буга америкалык-батыш маданиятынан, алардын жашоого болгон көз караштарынан канааттандырарлык жооп таба албадым. Ислам тууралуу түшүнүгүм жок эле. Алгачкы жылдары Ислам жөнүндө көп аялдуулук, эркек-аялдын ортосундагы мыкаачылык, теңсиздик сыяктуу гана нерселерди угуп келгем. Мен өзүм Исламды окуп изилдегенден кийин гана анын кандай гана таза , кандай гана аруу, акылга төп дин экендигин түшүндүм. Англис тилиндеги Ислам тууралуу китептердин аздыгына байланыштуу толук таанышуу алгач кыйынга турду. Бирок алгачкы күндөн тартып эле Исламга болгон көз карашым оң жагына ооп, аны жакшы көрө баштагам. Бул дин адамдын табиятына төп келген, акылды канааттандырган эң калыс, эң адилеттүү дин. Адамдын жасаган ар бир ишине жооптуу экендигин түшүндүргөн дин. Ошентип аз аздан түшүнүп олтуруп жалгыз Алла Таалага бет алып, Исламга кадам таштадым”.