Он төртүнчү сан

Журналдын он төртүнчү саны

Мазмуну

Имам ал-Матрудинин"Таавиилатул-Куран"аттуу эмгеги

Ислам дининин негизги таяна турган китеби – бул Куран. Куран мусулмандардын баа жеткис байлыгы. Куранда инсандардын бул дүйнөдө жана акыретте бактылуу болуусу үчүн негизги эрежелер берилген. Ошондуктан ар бир мусулман Куранга сый-урмат көрсөтүп, аны окууга жана өкүмдөрүн иш жүзүнө кынтыксыз ашырууга аракет кылышы керек. Куран адамзаттын адеп-ахлак, ишеним жана социалдык багыттагы бардык муктаждыктарын камтыйт. Ал адам баласынын бардык маселелерине жооп бере ала турган деңгээлде Жараткан тарабынан жиберилген эң акыркы Ыйык Китеп. Негизинен, Куран аяттары аны жөн эле окуп коюуну эмес, анын мааниси тууралуу терең ойлонууну талап кылат. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) аяттардын маани-маңызы тууралуу терең ойлонуп, Куранда айтылган өкүмдөрдү иш жүзүндө көрсөтүп, жаамы мусулман коомчулугуна үлгү катары жашап өткөн. Ошондой эле ал көзүнүн тирүүсүндө айрым бир түшүнүүгө кыйын болгон Куран аяттарын сахабаларына өзү чечмелеп, түшүндүрүп турган. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) аяттарды чечмелегенде бир канча ыкмаларды колдонгон. Куранды окуу менен бирге сахабалар тарабынан суралган суроо-талаптарга жараша жооп берүү аркылуу чечмелеп түшүндүрүп берчү. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) бул дүйнө менен кош айтышкандан кийин анын бул улуу жолун сахабалары уланткан. Кийинчерээк Ислам динин ар тараптан терең өздөштүргөн жана тафсир илими (Куранды чечмелөө) менен алектенген чоң аалымдар бул багытта көптөгөн баалуу эмгектерди жазып калтырышкан. Маселен, Имам ал-Матуридинин тафсир тармагындагы баалуу эмгеги «Таавилаату ал-Куранды» айтсак болот.

Биз бул ирет Ислам илимдеринин ичинен «калам» тармагында чоң кадыр-баркка ээ болгон Имаму ал-мутакаллимиин Абу Мансур Мухаммад ал-Матуридинин «Таавилаатул-Куран» деген эмгеги тууралуу сөз кылууну туура таптык. Имам ал-Матуриди тек гана калам, акаид илимдери менен гана чектелип калбастан, тафсир илимин да мыкты өздөштүргөн. Ал жашаган доордо көптөгөн терс агымдар чыгып, ишеним багытында Куран аяттарын карапайым элге туура эмес түшүндүргөндөр чыккан. Имам ал-Матуриди Ислам дининин негизги асыл булактарына таянып, эмгектерди жазууну көздөгөн. Ал мындай чыгармачылыктын үстүндө эмгектенүүсүнүн натыйжасында Матуриди агымынын, сунни калам илиминин жана Ислам философиясынын негизделүүсүнө, ошондой эле, Исламдын Орто Азияда туура жайылышына зор салым кошкон. Айрыкча Куранды туура ачыктап түшүндүрүүдө да, анын ээлеген орду опол тоодой десек жаңылыштык болбос. Ал Курандын аяттарын түшүндүргөн убакта акыл жана накылга (аят, хадис) катуу көңүл бурган. Ошондой эле Курандын бүтүндөй инсанияттын көйгөйлөрүн чечип бере ала турган мыкты жол китеп экенин баса белгилеген. Имам ал-Матуриди жашаган мезгилде тафсир өзүнчө жеке илим тармагы болуп бөлүнгөн.

Белгилей кетчү жагдай – бул мезгилде атактуу тафсирчи Мукаатил б. Сулаймандын, ошондой эле, Табаринин тафсир китептери жазылган. Имам ал-Матуриди Куранды туура түшүндүрүү үчүн өзүнөн муруңку жазылган тафсир китептерден жана хадистерден кеңири пайдаланган. Ал айрыкча, риваят тафсирлериндеги кээбир риваяттардын туура эместигин баса белгилеп, акыл жана накылды туура колдоно билүү усулун ишке ашыруу менен Таавилатул-Куранды жазып чыккан. Албетте, ал бул тафсирди жазуу учурунда өзүнө таандык усулдарды колдонгон. Ал колдонгон усулдардын айрымдарын мисал бере кетели:

  • Имам Матуриди бир аятты окуп түшүнбөй калса, аны башка бир аят менен чечмелеп түшүндүргөн.
  • Окулган аяттын маанисин так, даана түшүндүрө билүү үчүн хадистерден пайдаланган жана хадистин раавилерине (айтуучуларына) токтолбой, түздөн түз хадистердин текстин берген. Бирок, анын далил катары алган хадистеринин көпчүлүгүн Ислам дининин негизги булагы болгон хадис жыйнактарынан табууга болот.
  • Имам ал-Матуриди Таавилаатул-Куранда аяттарды таавил кылган (чечмелеген) соң аягына сөзсүз түрдө «мунун эң туурасын Алла Таала гана билет» деп айтат.
  • Аяттарды чечмелегенде аятка байланыштуу ар түрдүү түшүнүү жолдорун изилдеп, бардыгына жооп табууга аракет кылат.
  • Итикадка (ишенимге) тиешелүү темаларда Мутазила, Жабрия, Жахмия ж.б. ишеним жаатындагы мазхабтардын (агымдардын) көз караштарын да айтуу менен, аяттарды алардын терс пикирлерине каршы жооп иретинде түшүндүрөт.
  • Фыкхи (ислам укугу) темага байланыштуу аяттарды Ханафи мазхабынын көзкарашынын негизинде түшүндүргөн.
  • Мааниси татаал болгон маселелерде Пайгамбарыбыздан (саллаллаху алейхи васаллам) риваят кылынган хадис бар болсо, ошол хадисти негиз кылып алган. Эгер хадис, далил боло ала турган деңгээлдеги талап-шарттарга жооп бере албаса, анда ал «бул аяттын мааниси мындай жана максаты тигиндей» деп, кыска айтуу менен тим болгон. Ошондой эле «мындай купуя аяттардын маанисин ийне-жибине чейин билүүнүн заарылчылыгы жок» деп, аятты негизсиз эле тафсир кылуудан баш тарткан.

Ушуну менен катар, сөзүбүз куру болбос үчүн, Таавилаату ал-Курандан кээбир үзүндүлөрдү берип кетүүнү ылайык көрдүк. Мисалы айрым бир булактарга ылайык, жөөттөр Пайгамбарыбыздан (саллаллаху алейхи васаллам) «Үңкүр ээлери» (Ахлу ал-Кахф) тууралуу сурашат. Азирети Мухаммед болсо «Алла каалаган болсо» деген сөздү унутта калтырып, «эртең жооп берем» деп койот. Мына ушул сөзү үчүн Алла Таала ага жаза катары бир канча күн вахий жибербейт. Төмөндөгү Кахф сүрөсүнүн « Бир да нерсе жөнүндө: “Мен албетте, эртең кыламын” дей көрбөгүн, бирок Алла кааласа” дегин» деп, айтылган аятты «ушул окуяга байланыштуу түшкөн» деген бардык тафсирчилердин риваяттарын Имам ал-Матуриди четке кагып, «бул таавилдер (түшүндүрмөлөр) туура эмес» деп айтат. Себеби, «Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Алла Тааладан буйрук келмейин «эртең жооп берем» деп айтпайт. Ошондой эле, «Алла Таала Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) жаза катары бир канча күн вахий жиберген эмес» деген сөздүн туура эместигин айтып, ал көз карашка каршы минтип жооп берет: «Алла Таала аны Өзүнүн элчиси кылып тандап, кайра ага вахий жибербестен таштап койо турган болсо, анда Алланын элчиси эл алдында жалганчы болуп калмак. Андан соң Пайгамбарыбыздын алып келген бардык кабарларын кабыл кылбай, аны жалганга чыгарышмак» деген пикирин айтат.

Кеп учугун андан ары улай турган болсок, Имам ал-Матуриди кээ бир муфассирлерди мындайча сындаган. Муфассирлер Кахф сүрөсүндөгү «ракиим» деген сөздүн мааниси эмне?- деп ар түрдүү пикирлерди айтышат, айрымдар «ракиим», ал «китеп, үңкүр жайгашкан өрөөн , үңкүр ээлеринин аты жазылган такта, үңкүр ээлеринин чыккан жери» деп божомолдошот. Бул тууралуу Абдуллах б. Аббас (Алла ага ыраазы болсун) ракиимдин эмне экендигин билбеймин, бирок Убай б. Кабдан сурасам, «ракиим - үңкүр ээлеринин чыккан жери» деп айтты дейт. Муфассирлер ракиим туурасында көптөгөн нерселерди айтышкан. Имам ал-Матуриди бул үңкүр жана ракиимди билбесек деле болот, анткени мушриктер үңкүр менен ракиимди эмес, үңкүр ээлерин сурашкан. Ошондуктан, «муфассирлердин мындай пайдасыз нерселер менен алектенүүлөрү туура эмес» деп, өзүнүн сын пикирин айтат.

Дагы бир айта кетчү нерсе, Имам Матуридинин «Таавилаату ал-Куран» аттуу эмгеги толугу менен эки жолу жарык көргөн. Биринчисин, Фатима Юсуф ал-Хиями даярдага соң «Ар-Рисала нааширун» деген фонд тарабынан 2004-жылы 5 том болуп Бейрутта басылган. Экинчисин Мажди Басаллум даярдаган. “Таавиилаату ахли ас-сунна”(Тафсиру ал-Матуриди) деген ат менен “Даару ал-кутубу ал-илмиййа” аттуу фонд тарабынан Бейрутта 2005-жылы 10 том болуп басылган. Учурда Туркия мамлекетинде да Имам ал-Матуридинин бул эмгегин изилдеп, жарыкка чыгаруу максатында “Имам Абу Ханифа жана Имам Матуриди таануу” фондунун карамагында Профессор Бекир Топалоглу баш болгон билим адамдары тарабынан “Таавилаат ал-Куран” Касас сүрөсүнө чейин каралып басылып чыкты, ошондой эле калган сүрөлөрдүн тафсири каралып жатат.

Мына ошентип, биз бул макалабызда Орто Азиядан чыккан аалым Имам ал-Матуридинин Тавилаат ал-Куран аттуу эмгегин таныштырууга аракет кылдык. Ал эми Имам ал-Матуридинин өмүр-таржымалы жөнүндө маалымат алгыңыз келсе, Ак башат журналынын 2007-жылы жарык көргөн №7-санынан окусаңыздар болот.

Башына