Он төртүнчү сан

Журналдын он төртүнчү саны

Мазмуну

Арашан гуманитардык институту теология факультети

Кыргызстандагы ири университеттердин бири болгон Ош Мамлекеттик университетинин карамагындагы Арашан гуманитардык институтунун теология факультети Аламүдүн районундагы Арашан айылында жайгашкан. Аталган айыл Бишкек шаарынан 15 чакырым узакта, тоо этегиндеги өтө кооз табияттын кучагынан орун алган. Биздин факультет 2000-2001- окуу жылынан бери кыргыз жаштарына руханий жактан тарбия берип келет.

Үч кабаттуу имаратта көптөгөн окуу класстар, мугалимдер бөлмөсү, көп сандагы китептерди камтыган китепкана, бир компьютердик класс жана конференц залы бар.

Ошондой эле студенттер менен кынтыксыз баарлашып кете ала турган жана алардын дагы да мыкты деңгээлге жетиши үчүн жандилден кызмат кылып келе жаткан ынтымактуу жамаатыбыз бар. Окутуучулар жамааты тийиштүү багыттар боюнча бийик жетишкендиктерди багынткан жаш мугалимдерден турат.

Мугалимдердин арасында Кыргызстан менен Түркия мамлекеттеринин ортосундагы билим берүү жаатында түзүлгөн келишимдин негизинде Түркиядан келген диний билимдердин адистери бар. Булар Түркиядагы ЖОЖдордон теология багыты боюнча докторлук наамды алышкан билимдүү адамдар болуп саналат.

Башка университеттерде окутулган мамлекеттик стандарттагы гуманитардык сабактар жана табият таануу сабактары менен бирге кесиптик сабактар бизде да окутулат. Факультетибизде билим берүү негизинен кыргыз жана түрк тилдеринде жүргүзүлөт. Кыргыз студенттерге түрк тили сабагы «ТӨМЕР» аттуу түрк тилин үйрөтүү боюнча чоң ийгиликке жетишкен уюмунан келген түрк мугалимдер тарабынан, арап тили Египеттик арап окутуучу менен арап өлкөлөрүндө окуп келген кыргыз окутуучулары тарабынан, англис тили чет тили факультетин бүтүрүп, чет өлкөлөрдөн тажрыйба топтоп келген окутуучу тарабынан, ал эми орус тили орус улутундагы окутуучу тарабынан окутулат. Сабактан тышкаркы бош убактарда студенттер үчүн аталган тилдер боюнча атайын курстар ачылган. Тилдер жана башка сабактар темаларга жараша заманбап технологиянын жардамы менен жемиштүү өтүлүп келүүдө.

Факультетибиздин алгы максаты – кыргыз элинин каада-салт, үрп-адатына, элине, мекенине жана адам баласына кызмат кылуудан эч жазбаган, улууларга урмат, кичүүлөргө ызаат кылган аракетчил дин аалымдарын тарбиялоо. Теологиялык билим берүү дегенде Ислам дини баш болгон башка диндер жана ишенимдер, булардын тарыхтары, ишеним негиздери жана иш-аракеттери сыяктуу жагдайлар акылга келет. Биз бул окуу жайда бардык диний маселелерди, теологиялык билимдерди мыкты өздөштүргөн инсандарды өстүрүүнү максат кылып келебиз. Кыргызстанда жашаган элдердин дээрлик көпчүлүгү мусулман болгондуктан студенттерге Ислам илимдерин билимдерди жетиштүү түрдө үйрөтүүгө басым жасалган.

Дүйнөдө бүгүнкү күндө динди курал катары колдонуп нечендеген террорлорду уюштурган үлкөн топтор бар экендиги жалпыга маалым. Биз ыйманы бар адамдардын андай топторго курал болуп беришинин негизги себебин караңгылык деп билебиз. Биз студенттерибизге ушундай маселелерди түшүндүрүү, дин Исламды нукура булактарга таянуунун негизинде үйрөтүүнүн арты менен жогоруда айтылган чоң башаламандыктын алдын алууну көздөйбүз. Биздин факультетти бүтүргөндөр өлкөнүн дин иштер башкармалыгынын жолдомосу аркылуу эл менен тыгыз иштей алышат. Ошондой эле, окууну каалаган жаштардын кыргыз элинин каада-салт жана үрп-адаттарын, улуттук баалуулуктарын, таалим-тарбиялык эрежесин билиши биз үчүн өзгөчө мааниге ээ. Студенттерибиздин бул жерден алган билиминин жетеги менен өз өлкөсүнө мекенчил, өлкө мыйзамына сыйчыл, ата-энесине жана улууларга урмат кылган, айлана-чөйрөсүнө сүйүү бапестеген дүйнө таанымы кенен инсан болушун каалайбыз. Ошондуктан, ар кандай аша чапкандыктан алыс, динди эч убакта саясий пайда үчүн колдонбогон, заманбап техниканы колдоно билген аң-сезимдүү студенттерди тарбиялоо максатында окуу иштерин жүргүзүп жатабыз.

Жыйырма биринчи кылымдын талабына ылайык диний билимдерди окутуу сыяктуу эле информатика сабагына да маани берилүүдө. Информатика сабагын бул тармакта тажрыйбалуу окутуучу өтөт. Лабороториябыздагы компьютерлердин баары белгиленген программанын негизинде иштейт. Интернеттик байланыш студенттерибиз үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдүн бири болуп саналат. Студенттер интернет жана атайын даярдалган программалар аркылуу билимин өркүндөтүп, дүйнөлүк кабарлардан маалымат ала алышат. Айрыкча студенттер үчүн конференц залга түрдүү каналдардан тарткан телевизор жана DVD коюлган.

Кыскасын айта турган болсок, факультетибизде окуган ар бир студент бул жердеги эреже-мыйзамдарга баш ийип, талыкпай окуса, жетик инсан болуп чыгаарында шек жок. Биздин студенттер өз эне тилинен башка дүйнөдө көпчүлүк тарабынан колдонулган төрт тилди үйрөнүп, компьютерди колдо билген, ар бир укканын жана көргөнүн туура талдап, туура жоромолдой алган, диний маалыматтарды негизги түпкү булактардан таба алган жана эл менен оңой баарлаша алган акыл көрөңгөлүү адам болуп турмушка кадам таштайт.

Кыргызстандагы элге белгилүү илимпоздор жана динаятчылар маал-маалы менен чакырылып, факультетибизде конференция беришет. Мындан тышкары факультеттин өзүндөгү мугалимдер да учурдун талабына ылайык түрдүү темаларда конференция беришет.

Факультетибизде спорттун түрлөрү боюнча да машыгуу мүмкүнчүлүктөрү бар.

Студенттер факультеттин жатаканасында жатышат. Жатакана Арашан суусунун жээгинде, бак-дарактын арасында жайгашкан. Бул жер ошол эле учурда Кыргызстан жазуучуларынын эс алуучу жайы катары да кызмат кылып келет. Студенттерге үч маал ысык тамак берилет. Айнектей мизилдеген таптаза жатаканада студенттер үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Бизде билим берүү да, бардык шарттарды камтыган жатакана да акысыз. Ашкана кызматынын жигердүү иштеши үчүн гана аз өлчөмдө студенттерден акча алынат.

Бүтүрүүчүлөрүбүздүн айрымдары Кыргызстандын ЖОЖдорунда түрдүү илим багытында аспирантурада окуп жатышат. Айрымдарына Түркиянын кээ бир ЖОЖдорунда аспирантурада окуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Азыркы учурда кээ бир бүтүрүүчүлөр Түркияда аспирантурада окуп жатышса, кээ бири Хасаки тарбия борборунда жогорку дин илимдерин алып жатышат.

Биздин бүтүрүүчүлөрүбүз мектептерде “адеп” сабагы боюнча мугалим, медреселерде окутуучу боло алышат. Ошондой эле муфтияттын карамагында казылык, имамдык кызматтарды аркалай алышат.

Бүтүрүүчүлөрдүн кээ бири факультетибизде окутуучу жана асистент болуп иштеп жатышса, айрымдары эркин котормочу болуш иштеп келишет. Калган бүтүрүүчүлөрүбүз Кыргызстанда жеңил иш табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Анткени алар өз эне тилинен башка төрт тилди билишет, компьютерди, интернетти жана башка программаларды эркин колдоно алышат, жат көрүнүштөрдөн оолак, адеп-ахлактуу жана ыймандуу жаштар. Мына ошол себептен соода иши менен алектенген көптөгөн фирмалар татыктуу кадрлар үчүн бизге кайрылышат. Баштан бери айтылып келе жаткан мүмкүнчүлүктөргө ээ болууну каалагандар үчүн факультетибиздин эшиги ачык. Абитуриенттин факультетке катталышы үчүн 11- классты бүтүрүшү негизги шарт. Мындан тышкары сынактан зор жетишкендик менен өтүшү керек. Окууну каалаган абитуриенттер 2008-жылдын 2-июлунда боло турган биринчи сынак үчүн 1-июндан баштап документтерди алдын ала тапшырышы керек. Бул сынакка жетише албай калгандар үчүн 2008-жылдын 16-авгусутунда экинчи сынак өтөт. Экинчи сынакка кирүүнү каалаган абитуриенттер 15-августка чейин документтерин тапшырышы зарыл.

Документтерди тапшыруу үчүн төмөнкү дарекке кайрылсаныздар болот: Чүй облусу, Аламүдүн району, Арашан айылы, Садатбек Сатыбек уулу көчөсү №36; Тел: (0312) 42-00-63.

Башына