Он үчүнчү сан

Мазмуну
АССАЛАМУ АЛЕЙКУМ АРДАКТУУ ОКУРМАНДАР!
Ардактуу окурмандар
Ак Башат журналы кезектеги күн тартибинде сиздер менен ары өзгөчө маанилүү, ары кубанычтуу кушкабарын тең бөлүшмөкчү. Улуу Жараткан Алланын сүйүктүүсү, инсанияттын түбөлүк бактысы үчүн күйүп-жанган жолбашчы Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз төрөлгөн апрель айы жакындап келатат. Андыктан мына ушул өзгөчө кубанычтуу күндөрдө Азирети Пайгамбарыбыз, Ыйык Курандын тили менен айтканда, биз мусулмандар үчүн эң мыкты, нары теңдешсиз үлгүлүү инсан болгондуктан, анын өрнөктүү өмүр кенчинен сиздерге ой-бөлүшүүнү эп көрдүк. Бүгүнкү күнү бир топ өлкөдө Пайгамбарыбыздын туулган күнүнө карата өзгөчө иш-чаралар өткөрүлүүдө. Береги куттук иш-чаралары анын үлгүлүү өмүр-жашоосунун эскерилишин камсыздайт. Бул иш-чаралар 13-кылымдан бери уланып келет. Уюштурулган куттук иш-чараларында аалымдар эл менен дилмаек куруп, Алланын жолунда кара жанын карч урган акындар, кат чийген жазуучулар Пайгамбарга арналган ырларын, ой-толгоолорун эл менен бөлүшкөн. Мына ушул багытта Түркиянын Диянет иштер башкармалыгы 1989-жылдан баштап Пайгамбарыбыздын туулган күнү камтылган аптаны «Куттуу жумалык» деп жарыялаган. Эгемендүү мамлекетибизде да Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын алкагында Пайгамбарыбыздын туулган күнүнө карата куттук иш-чаралары жүргүзүлүп келет.
Кудай буюрса, үстүбүздөгү жылдын апрель айында дагы ушундай иш-чаралардын уюштуруларын чыдамсыздык менен күтүүдөбүз. Бул иш-чаралардын эң иридеги максаты – инсаният үчүн эң мыкты жолбашчы, бүтүндөй көзөлдүктү көөдөнүндө топтогон, изги адеп-ахлакты толуктоо үчүн жиберилген Азирети Пайгамбарыбыздан түбөлүк бакыттын ачкычын ала билүү. Анткени ал башаламан караңгы коомдун ичинен чыгып, ак менен караны, адал менен арамды айырмалап, бүтүндөй адамзат үчүн өлбөс-өчпөс Куран нурун жеткирген. Адам баласы ал аркылуу жеткен Жараткан Алланын баа жеткис баалуулуктарынын, эреже-мыйзамдарынын негизинде улуу маданият куруу менен тепсендиде калган укуктарына кайрадан ээ болуп, табиятында катылуу баалуулуктарын жандандырып, аял-эркек Алланын да, коомдун да алдында теңдик укуктарынын ырахатын сезе бейпил жашоого кадам таштаган.
Кадырман окурмандар
Ак Башат журналына болгон сиздердин кызыгууңар, колдооңуздар бизге өзгөчө дем, күч тартуулайт. Ырас, элдин калың катмары менен тең ой-бөлүшүү, достук мамиле кура билүү ириде биздин милдетибиз. Журналыбыздын элдин калың катмарына жетиши, журналыбыз менен жакындан таанышуусу сиздердин колдооңуздарга ар дайым муктаж. Эмесе, жаңы санда кайрадан сиздер менен жүз көрүшкөнчө аман болуңуздар.