Он үчүнчү сан

Журналдын он үчүнчү саны

Андулус мамлекети жана Европада Ислам маданияты (756-1031-жылдар)

Мазмуну

                                                                                                          Октай Четин

            Учурунда Ислам маданиятынын ажары ачылып, көркүнө чыккан жерлердин бири Европанын түштүк аймагы болгон. Амави (Умаййат) Ислам мамлекетинин халифасы Муавиянын уулу Абдуррахман Амави мамлекети кулаган соң Шамдан түндүк Африкага, андан Андулуска (Испанияга) качып кутулуп, ал жерде кылымдар бою шаан-шөкөтү менен бүтүндөй Европа чөлкөмүнө терең таасирин тийгизе турган маданияттын пайдубалын тургузган.

            Алгачкы жылдардан баштап эле Ислам дининин жаамы адамзаадага «урмат-сый, жылуу мамиледе бол» деген эрежесин одоно Христиан салты менен жашаган испан эли жылуу кабылдап, мусулмандардын мыйзамдарына, жашоо таризине сый мамиле жасай башташкан. Болжол менен үч жарым кылым аралыгында орто кылым варварлыгы, чиркөөнүн кысымына көнүп жашоого аргасыз болгон батыш эли Андулуста түптөлгөн Амави мамлекетинин шарапаты аркылуу мусулмандар менен, дегеле дин Исламдын адам баласына, маданиятка жана эркин ой-жүгүртүүгө берген өзгөчө мааниси менен жакындан таанышууга мүмкүндүк алышкан.

            Айтылуу Абдуррахман тарых баракчаларында «Абдуррахман I» деген ат менен таанымал. Анын оргуштап ашып-ташкан дымагы, деми жана саясий мерчемдеринин аркасы менен ошол учурга чейин Испанияда, дегеле Европада болуп көрбөгөндөй теңдешсиз маданияттын жерпайы түптөлгөн. Абдуррахман эң алгач Андулустагы Куртубаны учурдун талабына толук жооп бере ала турган шаарга айлантуу үчүн иштин көзүн билген иш билги адамдарды топтоп, аларга жер бетиндеги мүлдө инсаниятка тазалык жагынан да, курулуш өнөрү жагынан да үлгү болорлук шаар курууну көздөгөнүн билдирген.

            Чынында да, Куртуба шаарынын көчөлөрүндөгү өзгөрүүлөр, түз жолдор, жарыктык менен камсыздалган чоң көчөлөр бүтүндөй европа элин таң калтырууга, суктантууга жетишкен. Кызыгы, Европанын ошол кылымдарда эң өнүккөн шаарларынан деп эсептелген Лондон шаары дагы Андулустан 700 жылдан кийин гана жарыктык менен камсыздалган. Ошондой эле мусулмандар Орто чыгыштан алып келинген гүлдөрдү, бадалдарды көчөлөргө отургузуу менен шаарды көркүнө чыгарган. Бул учурда Европа элинин көзүндө Куртуба шаары жомоктор дүйнөсүндөгү шаарга айланган. Жаңы Ислам мамлекети бул чөлкөмдө Куртубаны гана ары таза, ары көркөм шаарга айлантуу менен чектелип калбай, Гырната сыяктуу дагы башка көптөгөн шаарларды да кайрадан оңоп-түздөөгө киришкен.

            Андулус Ислам мамлекети шаарлардын кайрадан курулушунда архитектуралык жана көркөмдүк өзгөчөлүгүнө өзгөчө дыкат буруп, курулушка исламдын ажарын чагылыштырууга жетишкен. Алсак, ошол доорлордо курулган аль-Хамра сарайы, Куртуба мечити кийинки кылымдарда испандар тарабынан жер менен жексен кылынууга канчалык аракет жасалса да, бүгүнкү күнү алардын калдыгы зыяратчылардын көз жоосун алып келет.

            Андулус мамлекетинде Ислам дининин «окугула, ойлонгула!» деген буйругуна ылайык маданияттуу коом түзүлүп, бүгүнкү күндүн жогорку окуу жайларынан ашса ашып, бирок кем калбаган медреселер курулган. Асыресе, ал учурдун медреселерин дин илимдери гана окутулган окуу жай катары кабылдоо тарыхый катачылык. Себеби ошол учурлардагы медреселерде дин илимдери менен бирге позитивдүү илимдер да окутулган. Алтургай куруучулук кесиби, көркөм өнөрлөрү да үйрөтүлө турган. Бул адат ошол учурдагы башка Ислам мамлекеттеринде иш жүзүндө сакталганы сыңары Андулуста да өзгөрбөй, тескерисинче өркүндөтүлүп, инсанияттын илгерилеши үчүн биологиядан анатомияга, философиядан логикага, ботаникадан жер иштетүү ыкмаларына чейинки бардык илимдер эң мыкты профессионалдык усул-эрежелер менен окутулган. Асыресе, медреселерде окуу акысыз болуу менен бирге окуучуларга кошумча акча (стипендия) да бериле турган. Мындай ийги шарттар чиркөө кысымында аргасыз жашаган Европада Андулус мамлекетинен үч кылымдан кийин гана жаңыдан түзүлө баштаган.

            Илимди, илгерилөөнү инсанияттын ортоктош дөөлөтү катары кабылдаган жана башка диндин өкүлдөрүнө жылуу мамиле жасаган мусулмандардын аркасы менен Андулустагы медреселерге, окуу жайларга европалык көптөгөн окуучулар келип илим алышкан. Мына ушундай маданияттын, илимдин натыйжасында Европада бир топ адамдар арап тилин үйрөнүп, мусулмандарга болгон көз караштары оңолуп таза иш жүргүзүүнү үйрөнүшкөн. Ошол доорлордо европада бийликти колго кармаган Христиан динаятчылары мусулмандардын илгерилеп өсүп-өнүгүшүнө жолтоо болууга жандалбас уруп Пайгамбарыбызга, Куранга, дегеле Исламдын ыйык дөөлөттөрүнө карата айткан ар түрдүү акаараттары дагы Европа жаштарынын Андулуска, Исламга, мусулмандарга болгон көз караштарын эч өзгөртө алган эмес. Ошентип, Исламдын баалуулугун, артыкчылыгын, мусулмандардын адамгерчиликтүүлүгүн аңдаган Европадагы жаңы муундун өкүлдөрү ренессанстын (кайра жаралуунун) башталышына себеп болушкан.

            Андулус маданиятынын артыкчылыгы жөнүндө сөз болуп жатканда медицина илимине болгон камкордук туурасында айтпай кетсек болбос. Ал доордо медицина тармагы да көз жаздымда калган эмес. Эң жөнөкөйүнөн эң татаалына чейинки операциялар жасалып, адамдар кадимкидей шыпаа таап кетишкен. Андулустун медицина тармагындагы жетишкендиги, атагы бүтүндөй Европага жайылып, Европа өлкөлөрүнүн королдору дагы динине, тилине, расасына каралбастан Исламдын меймандостук пейили менен тосулуп, Андулустун ооруканаларында дарыланышкан.

            Андулус мамлекетинин мынчалык өнүгүп-өсүшүнүн эң маанилүү үч себеби болгон:

  1. Илимге берилген өзгөчө маани.
  2. Илимди обьективдүү кабылдоо, бардык илим тармактарына сый мамиле жасоо, аларды үйрөнүү.
  3. Эркин ой-жүгүртүү.
  4.  

Береги мерчемдердин эң маанилүүсү менимче, үчүнчүсү. Себеби, билгенин ээн
эркин эл менен, кала берсе мамлекет кызматкерлери менен бөлүшө алган Андулус аалымдары ислам маданиятынын сереге арыш созуусуна опол тоодой салымдарын кошушкан. Бул учурда Европалык илимдүү адамдар бийликтин кысымынан улам өз билгендерин, илимий чындыктарды эч качан элге жеткизе алышкан эмес. Оторчул кысымынын алкагындагы илим-билимге болгон Чиркөөнүн көз-карашынан тышкары кандайдыр бир илимий чындыкты жар салган адам ошол акыйкатты жар салганы үчүн афароз болгон (зордук-зомбулук, кордук менен христиан дининен четтетилген) же болбосо жанынан айрылган.

Башына