Он үчүнчү сан

Журналдын он үчүнчү саны

ТАСАВВУФ – АДЕП-АХЛАК МЕКТЕБИ

Мазмуну

                                                                                              док. доц. Неждет Тосун

Исламдын ички рухий тарабын билүү анын сырткы түзүлүшүн билгендей эле маанилүү болгондуктан, Алла Таала анын негизин жана бул негизге караштуу бөлүмдөрдү элчиси аркылуу үммөткө көп жолу билдирген. Мындан максат – мусулмандардын  исламды жана ыйманды эң туура үйрөнүп, ошол боюнча туруктуу жашашы. Буга байланыштуу «Жабрайил хадиси» деп аталган хадисти эскерсек болот. Күндөрдүн биринде Жабраил (а.с) адам кейпине кубулуп, сахабалары менен олтурган Алла Элисине келип бир катар суроолорду узатат. Анын биринчи суроосу төмөнкүчө болду:

  - Ислам деген эмне?
- Ислам – бул, сенин Алладан башка кудай жок экендигине, Мухаммед  анын кулу жана элчиси экендигине күбөгө өтүшүң, намаз окушуң, зекет беришиң, Рамазан айында орозо кармашың жана күчүң жетсе, ажылык кылышың.
- Ыйман деген эмне?
- Аллага, Анын периштелерине, китептерине, пайгамбарларына, акырет күнүнө ишенүү жана тагдырга, т.а., жакшылык менен жамандыктын Алладан экенине ишенүү.
- Ихсан деген эмне?
 - Ихсан – Аллага Аны көзүң менен көрүп тургандай ибадат кылууң: сен аны көрбөсөң да, ал сени көрүп турат, - деп жооп кайтарат (Бухари, Иман, 37; Муслим, Иман, 57).

            Үч суроого берилген береги үч жооп кийинки кылымдарда пайда болгон Исламдын үч негизги илиминин пайдубалын түптөгөн. Иман боюнча берилген суроонун жооптору «итикад-ишеним» жана «калам» илимине ишаарат кылат. Ислам боюнча берилген суроонун жообу «фикх-укук» илимине ишаарат кылса, ихсан боюнча берилген суроонун жообу «тасаввух» илимине ишаарат кылат. Азирети Пайгамбарыбыздын доорунда  Кураны-Каримден башка китеп болгон эмес. Укук жана ишеним китептери жазыла элек болчу. Тасаввуф болсо ал мезгилде Алла Элчиси менен сахабалардын адамгерчилигинде өнүп-өөрчүй баштаган руханий изги абал эле.  Андан кийинки кылымдарда жазылып, өнүгө баштаган башка Исламий илимдер өңдүү тасаввуф темасында  да далай эмгектер жазылган.

            Фикх-укуктук маанайдагы китептерде намаздын кандай окулары, орозонун кандай кармалары өңдүү тариздик жоболор (көрүнөө тарабы) түшүндүрүлөт. А тасаввуфтук  китептерде болсо, ибадаттардын руханий тарабы, тактап айтканда, намазды ыклас жана берилүү менен окуу үчүн зарыл  жоболор түшүндүрүлөт. Демек, укуктук китептер ибадаттардын сырткы таризин, тасаввуфтук китептер ибадаттардын ички, руханий өңүтүн түшүндүрөт. Ыйман, ислам, ихсан кош канаттуу кушка окшош. Жансыз же бир канаты жараланган куштун жалгыз канат менен учушун элестетүү акылга сыйбаганы сыңары ыймансыз исламды, ихсансыз исламды элететүү мүмкүн эмес. Курандын: «Намазды хушуу (жандил) менен окуган момундар кутулууга жетти» (Мумин, 1-2) деген буйругу намаздын хушуу менен окулушунун зарылдыгын баса белгилейт. «Ошентип намаз окугандардын абалы кандай гана өкүнүчтүү! Алар намазга кайдыгер карашат» (Мааун, 4-5) деген буйрук кайдыгер мусулмандарга эскертүү берет.

            Азирети Мухаммеддин көзү тирүүсүндө үч өзгөчөлүгү бар эле. Биринчиси пайгамбарлык жана динди элге жеткирүү, экинчиси мамлекетти жетектөө, үчүнчүсү болсо ахлактык жана рухий өңүттөн өрнөк болуу. Анын көзү өткөн соң динди жеткирүү милдетин аалымдар, өлкөнү башкаруу милдетин халифалар, мамлекет башчылары аркалап келатышат. Ал эми адеп-ахлактык, руханий өңүттөгү жоопкерчиликти суфилер, олуялар аткарып келишет. Анткени тасаввуф – бул ахлак мектеби.

            Руханий тарбия көрбөгөн пенделерде зыкымдык, кызганчаактык, текеберлик, дүнүйөкорлук, мансапкорлук өңдүү терс мүнөздөр оожалат. «Напсин жаман мүнөздөн аруулаган пенде кутулду» деп буйрулат Куранда (Шамас, 9-10). Жаман жорук-жосундардан, терс мүнөздөрдөн арылуу тасаввуф илиминде «тазкия» деп аталат.

Тасаввуфтун баштапкы милдети, мына ушул тазкия-аруулануу. Тактап айтканда, жаман сапаттын баарынан арылып, адеп-ахлакты өөрчүтүү. Адамды сабыр, канаат-топук, сыпаа, камкор,  берешендик, жоомарттык өңдүү изги ахлактар менен шөкөттөө, ибадаттарын чындилден орундаткан инсан кылып жетилтүү тасаввуфтун негизги максаты. Бул максатты жүзөгө ашыруу үчүн тасаввуфта ахлак жана рухий дилмаек, Алланы зикир кылуу, Курандын аяттарынын маани-маңызына ой-жүгүртүү өңдүү таалим-тарбия усулдары бар. Тасаввуф  кудум күлүктү таптаган саяпкер сыяктуу түрдүү усул-эрежелер аркылуу чийки адамды изги мүнөз, ахлакка сугарылган инсан кылып чыгарат. Ушул себептен улам тасаввуф «ахлак мектеби» деп айтылып келет.

            Тасаввуф башында жупуну ахлак мектеби катарында пайда болгон. Мезгил алга жылып, чар тарап өнүгө баштаганда тасаввуфтун тарбия усулдары жана эрежелери белгилүү болгон. Ошону менен катар тасаввуф тарбия усулдарын өнүктүргөн айрым таанымал инсандардын ысмы менен эскериле турган абалга жеткен. Меселен, Багдаттык Абдулкадир Гайланинин шакирттери тутунган тасаввуфтук жол-усул «Кадирия» деп аталса, Түркстандык Ахмад Яссавинин шакирттери тутунган тасаввуфтук жол «Яссавилик» деп аталат.  Ошондой эле Бухаралык Бахауддин Накшибандинин шакирттери устатынын тасаввуфтук усулдарын улантуу үчүн курган жол «Накшибандия» деп аталса, Мавлана Жалалиддин Руминин усул-ыкмасы «Мавлавия» деп аталып калган. Ахлак, руханият, Алланы сүйүү, адамды сүйүү жана камкордук тасаввуфтун негизги темаларынан болуп саналат.

Тасаввуф жолундагы адамдар «суфи-сопу» деп аталат. Тарыхка кылчайсак, Исламдын жайылышы үчүн сопулар албан салым кошушкан. Атап айта турган болсок, Орто Азия, Индустан жана Африка континенттеринде сопулар алгылыктуу иш-аракеттерди жүргүзүшкөн. Алтын Ордо өкүмдары Өзбек хандын мусулман болушуна Ясави тасаввуфтук жолунун шейхи Садр Ата себепкер болгон деп айтылып келет булактарда. Ал эми Берке хан Кубрави шейхи Сайфуддин Бахарзинин арты менен мусулман болгон. 15 - кылымда ошол эле Накшибандия мектебинин шейхи Убайдулла Ахрар Шахрухияда 4000 монгол, 1000 өзбек аскерин дин Исламга үгүттөп, алардын мусулмандыкты кабылдашына себепкер болгон. Накшибандия мектебинин шейхи Кожо Исхак 16-кылымда Дахбуди, Жаркент, Кашкар, Хожент жана Аксуу аймактарын кыдырып, Теңир Тоонун батышындагы кыргыздарга Исламды жеткирген.

Орусиянын Түркстандагы  облус губернаторлорунун бири Н. С. Ликошиндин береги сөзү да Исламдын жайылышындагы сопулардын кошкон салымын айгинелеп турат: «Жергиликтүү калктын ичинде эшендердин (шейхтердин) таасири чоң. Ошондуктан эшендерге байланышкан бүт нерсени жакындан үйрөнүү биздин алгачкы милдетибиз. Суфизм (тасаввуф) көчмөн кыргыздарды акырындап мусулмандаштыруунун

Башына