Он үчүнчү сан

Журналдын он үчүнчү саны

АСХАБУ СУФФА

Мазмуну


Асан Саипов

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в.) Мадинага көчүп келгенден кийин, баардык мусулмандардын биргеликте Улуу Жаратканга ибидат кылуулары жана динибиздин негиздерин дагы да жеткиликтүү туура үйрөнүп билүүлөрү үчүн мечит куруу муктаждыгы келип чыккан. Бул курула турган мечит келечекте динибиздин үгүт–насыят кылынуучу, таалим үйрөнүлүүчү, жыйындар өткөрүлүүчү, чоң бир маданият борбору боло турган мүмкүнчүлүккө ээ болгон. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) бул эң маанилүү иш-аракетти айткан мезгилде мусулмандар ылайыктуу жер деп Азрети Асад ибну Зураренин кол алдында Сахл жана  Сухайл аттуу эки жетим бир туугандын карамагындагы курма кургатуучу жерин туура көрүшүп, сунуш кылышты.

Бул жер Пайгамбарыбыздын (сав) биринчи жолу Мадинага келген мезгилинде төөсүнүн чөккөн жери болуп, “Кудай буюруса жерибиз ушул” – деп айткан эле. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) бул жерди сатып алууну чечти. Кээ бир Ансар сахабалар бул бир туугандардын жеринин акысын берип, Пайгамбарыбызга белек катары тартуу кылууну ойлошкон. Бирок Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Сахл жана Сухайлды өз жанына чакыртып, бул жерди сатып ала тургандыгын билдирди. Алар жерин акчага сатпай тургандыктарын, Алла ыраазычылыгы үчүн белек кыла тургандыгын айтышты. Бирок Пайгамбарыбыз (с.а.в.) жерди 10 мискал алтынга сатып алган. Мунун акчасын Азирети Абу Бакр берген эле.

Ошентип Мадинада биринчи мечиттин курулушу башталды. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) өз колу менен таш-кыштарын ташып, эң алгачкы пайдубалын өзү коюп берди. Андан кийин белгилүү сахабалары Азрети Абу Бакр, Азрети Умар, Азрети Усман, Азрети Алини чакырып, аларга дагы койдуруп, жалпы Сахабалар кезектешип мечиттин негизги түптөөлүүсүнө салымын кошуп жатышты. Ошентип  Пайгамбарыбыз атындагы “ Месжиди Набавий” мечити курулду.

Мечиттин пайдубалы 1метр 35 см болуп, кирпич дубалынын бийиктиги 3 метр 15 см болуп курулган. Мечиттин түндүк тарабындагы дубалдары курма жыгачынын бутактары менен жабылган. Ал убактылуу жашап туруучу жай болуп, буга “Суффа” деген ат берилди. Бул жер кедей, колунда жок жана жашай турган жерлери жок, бирок диндин негиздерин үйрөнүүнү каалагандар үчүн курулган жай болчу. Куран мектептеринин негизин түзгөн бул жай, келечекте ар бир мечитте Куран үйрөнүлүүчү бөлмөлөрдүн ачылышына себепкер болгон .

 “Суффа” мектебинде Ислам дининин негиздери үйрөтүлүп, Куранды жатка окуган карылар окутулган. Бул жерде жашаган Сахабалардын көпчүлүгү дүйнө кайгысынан узак болгон кедей, эч кими жок, бирок өмүрлөрүн илим алууга тартуулаган улуу заттар эле. Асхабу Суффадагы окуучулар Куран окуу жана окутуу, сабак окуу, жазу жазуу сыяктуу эле, ыйман жана ибадат кылуу менен дагы алектенишкен. Кошумча суу ташып, отун чогултуп сатып, анын акчасына курсактарын тойгузушкан.  Ошентип иштөөгө да, илим алууга да жетишишкен. Кээ бир күндөрү ачка да калышаар эле. Өтө муктаж болгон учурда дагы  тилемчилик менен алектенишкен эмес. Башкаларга сабак бергендиги үчүн акча беришсе да, ал акчаны алуудан баш тартышкан. Себеби карындары ач болсо да, көздөрү, көңүлдөрү ток, соопторун бир гана Алладан тилек кылган улуу инсандардан болушкан.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Суффада жашагандардын акыбалын сурап, жакындан мамиле кылуу менен бирге карындарын тойгузуп, алар менен бирге намаз окуур эле. Башка Сахабалар намаз убагында мечитке келишип, калган учурда дүйнө иштери менен алек болушса, Асхабу Суффадагылар Пайгамбарыбыз (с.а.в.) мечитке келген кезинде ар бир сөзүн кунт коюу менен  угушуп, жасаган аракеттерине  көңүл бурушуп, кийин башка Сахабаларга айтып беришкен. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дааватка чыкканда, аларды дагы өзү менен кошо алып барып, бай Сахабаларга алардын курсагын тойгузууну эскертип турган. Өзү ар дайым Асхабу Суффадагыларга  элден түшкөн садакалардан бөлүп берип, үйүнө меймандатып турган. Курма жана башка нерселерден берилген садакалар менен бирге, малдардын зекеттерин да аларга бердирип, бул дүйнөдөгү тарткан азаптарын жеңилдетүү максаты менен төмөндөгү Курандын маанисин айтып, алардын көңүлдөрүн жибитип: “Эгер Алла Тааланын сиздер үчүн даярдаган нематтарын билгениңерде, кедейчилик жана муктаждык абалдарынын дагы да улануусун каалайт элеңер!” деп эскертип турган экен.

Имам Бухари, Азрети Хаббибден риваят кылынган ушул сөздү жазып калтырган :  “Биз  Пайгамбарыбыз (с.а.в.) менен Алла ыраазычылыгы үчүн кызмат кылдык. Сообу Алла Таалага гана байланыштуу эле. Арабыздан бирөөлөр сообун бул дүйнөдө көрбөстөн өтүп кетти, алардын бири Куран мугалими Азрети Мусаб ибни Умайр эле. Ухуд согушунда шейит болуп, аркасында бир эле үстүн жапкан “хырка” аттуу кийими калган экен, башына тартсак буттары ачык калат, буттарын жапсак башы ачык калып жатты,  Пайгамбарыбыз (с.а.в.) муну көрүп ал кичинекей кийими менен башын жабуубузду, буттарын болсо чөп менен бекитүүбүздү буйрук кылды. Ошентип аны ушундай кепиндедик...”

Асхабу Суффага “Курра” деген ат дагы берилген. Башка коомдорго жана уруктарга Куран жана Сүннөт буйруктарын үйрөтүү үчүн жөнөтүлө турган мугалимдер ушулардын арасынан жөнөтүлөт эле.
Азрети Абдуллах ибну Масуд, Азрети Убада ибну Сабит, Азрети Муаз ибну Жабал,  Азрети Убай ибну Кааб сыяктуу илим адамдары мугалимдик кылышкан.
Суффадагылардын баары илим алуу үчүн өтө аракет кылышып, дайыма бул мугалимдердин жандарында болушкан.
Ошондуктан  Азрети ибну Масуддун үйү “Дарул Курра” деген атты алган. Бул илим борборунан Азрети Пайгамбарыбыздан (с.а.в.) эң көп хадис риваят кылган Азрети Абу Хурайра чыккан. Ага мынча хадисти кантип үйрөндүң деп сурашканда: “ Канчалаган сахабалар соода менен алектенген мезгилде, мен Суффада Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) жанынан эч чыкпай, аны угуп жана андан илим үйрөнөөр элем!” деп жооп берген экен.

 Азрети Хунайс ибну Хузафа, Азрети Абу Саид Худри, Азрети Абдуллах ибну Мактум, Азрети Амир ибну Абаса, Азрети Кааб ибну Малик жана Пайгамбарыбыз (с.а.в.) азат кылган Азрети Абу Кайсия, Азрети Сафина, Азрети Шуркан ибну Салих, Азрети Убайд сыяктуулар ушул илим борборунан таалим алган Сахабалардан болгон.
Азрети Аммар ибну Ясир сыяктуу аскер башчы, Азрети Салман Фариси сыяктуу башкаруучулар да Суффадан чыккан Сахабалардан болгон.

“Тооба” сүрөөсүнүн 122- аятында айтылган:  “Момундардын баары, толугу менен жоого аттануулары шарт эмес. Ар бир тайпадан дин илимин үйрөнүп, алар (жоодон) кайтып келген кезде, эскертип туруулары (алардын такыбаа болушу үчүн) калышпайбы” деген илахий буйруктун негизинде жетишкен Сахабалар болушкан.

Сүйүктүү пайгамбарыбыз (сав) Суффадагы сахабалардын илим алууларына кандай көңүл бурса, башка сахабалардын илим алууларына да шарт түзүп турган. Сахабалар да ар түрдүү иштер менен алектенишкенине карабай пайгамбарыбыздан болушунча көбүрөөк илим алууга аракет кылышкан.  Сахабалардын ар биринин жөндөмүнө жараша динибиздин баалуулуктарын үйрөтүүгө пайгамбарыбыз өз өмүрүнүн кымбат күндөрүн сарптаган эле. Сахабалардын ар түрдүү тармактарда жетишүүсүнө пайгамбарыбыздын мечити болгон  эң чоң медресе “Месжиди Набавинин” ролу аябайгандай чоң болгон.

Пайгамбарыз бир эле эркектерге эмес, аялдарга да илим берүүгө жетишкен. Алардын ар кандай суроолорун канаатандырып, динди туура үйрөнүүлөрүнө шарт түзгөн. Буга бир эле мисал пайгамбарыбыздын (сав) сүйүктүү аялы Азрети Айша энебиз 2000 ден ашык хадис риваят кылган.

Башына