Он үчүнчү сан

Журналдын он үчүнчү саны

Периштелер сажда кылууга буйрулган АЗИРЕТИ АДАМ (алейхиссалам)

Мазмуну

 Элвин Юсупов


Жаралуу


Алла Таала тээ алмустакта Өзү гана бар, Өзү гана жалгыз эле. Билинүүнү максат этти. Өзүнө гана таандык жаратуучулук сыпаты менен ааламды жаратты.
Аалам – Теңирге таандык бардык сыпаттардын жандуу көрүнүшү. Курани Карим – Алла Тааланын «сүйлөөчү» сыпатынын таасын көрүнүшү. Тактап айтканда, Куран «Сөз» түрүндөгү өзүнчө бир теңдешсиз аалам. А адам баласы, ал ааламдын өзөгү сымал. Анткени адам нечен миллион макулуктардын ичинен океандын бир тамчысы гана таризде Теңир ыроологон сыпаттардан белгилүү өлчөмдө өз насибин алган зат. Инсандын макулуктардын ичинен эң шарапаттуу деген баага арзышынын себеби да ушул жерде жатат.
Азирети Адамдын (алейхиссалам) жаралышы

Ааламдардын жаратуучусу жана ээси Алла Таала Өзүнүн бар экендигин билдирүү, сыйынып ибадат кылуу жана өкүл катары жер жүзүндө турмушту белгиленген нукта алып кетүү үчүн макулуктун эң шарапаттуусу инсанды жаратууга чечим кылды. Тээ мурда эле жаратылганы менен бир гана ибадат кылууга милдеттендирилген периштелерге Өз каалоосун мындайча баян этти: «Эстечи (Эй, Мухаммед), Раббиң периштелерге: Мен жерде (Адамды) халифа кылмакчымын дегенде  алар айтышты: Ал жерде бузукулук кылып, кан төгө турган затты халифа кыласыңбы? А биз болсо алкоо-мактоо айтуу менен Сенин улуулугуңа табынабыз жана атыңды дайым аруу тутабыз. Ал (Алла) айтты: Мен силер билбеген нерселерди билемин» (Бакара, 30).

Алла Тааланын мындай эскертүүсүн периштелер бир ооздон:

«... Оо, пакиза-касиеттүү Раббибиз, биз жалаң Сен билдирген нерселерди  гана билебиз. Албетте Сен Өзүң илим жана даанышмандык Ээсисиң» (Бакара, 32)  деп, Алла Тааланы аруулап, алкашты.

Бул жерде периштелер «эмне үчүн халифа кылуу» деген суроону Алла Тааладан сурагандыгы Ага каршы келүү эмес, алар инсандын жаралуу хикматын билүүнү гана максат кылышкан. Адампендени халифа кылуу деген түшүнүктү мындайча түшүнүү абзел:

«Ага, Өз эркимден, кудурет жана сыпаттарымдан бираз үлүш беремин. Ал болсо Менин өкүлүм катарында макулуктарымдын үстүнөн аны колдонуу укугуна ээ болот. Менин атыман өкүмдөрүмдү жарыялайт, ошондой болсо да, ал бул өңүттө негизги өкүмдар эмес, болгону жер жүзүндөгү Менин өкүлүм гана болуп саналат. Менин эркимди, буйруктарымды жана мыйзамдарымды өз эрки менен аткарууга милдеткер болот. Анын артынан келе турган муундар ага өкүл болуп ошол эле милдетти улантып аткарып, жарыялап кете беришет. Ошентип «Ал (Алла Таала) силерди жер жүзүнө халифа кылды.»  (Анам, 165) деген аяттын сыры айкын болот» (Элмалы, Хак Дини, I, 299,300).
Инсандын жаратылышы
Азирети Адамды топурактан жаратылгандыгын жана жаратылуу баскычтарын Алла Таала Куранда мындайча баяндайт:
1.Топурак баскычы: «Алла адамды топурактан жаратты жана ага «Бол!» деди. Анан ал (жандуу адам) болду» (Али Имран, 59).
«Андан (топурактан) силерди жараттык, кийин силерди дагы ошого кайтарабыз. Ошондой эле дагы бир жолу силерди андан чыгарабыз!..» (Таха, 55).
2. Ылай баскычы: «Ал бардык нерсени көркөм кылып жараткан Зат. Ал инсанды (Адам Атаны) ылайдан жаратты.» (Сажда, 7).
3.Жабышкак баткак баскычы: «Биз шек-күмөнсүз аларды (Адамды жана анын урпактарын) жабышкак баткактан жараттык» (Саффат, 11).
4. Абада кургаган ылай баскычы: «Чынында Биз шыгыраган кебетелүү (адам кейпиндеги) кургак чоподон инсанды жараттык» (Хижр, 26).
5. Бышырылган ылай баскычы: «Ал Зат инсанды бышырылган чоподой кургак ылайдан жаратты» (Рахман, 14).
Азирети Адам Атанын урпактарынын жаратылуу феномени аятта мындайча корутундуланат:
«Андан соң аны (бардык адамзатты) алгач бекем жайдагы (жатындагы) нутфа-бел суу кылдык. Андан соң бул бел суудан коюу канды жаратып, коюу кандан мудганы20, (бир тиштем этти) жараттык. Ошол бир тиштем эттен сөөктөрдү жаратып, ал сөөктөргө эт каптадык, андан соң  (ага жан киргизип, алгачкы бир тамчы суудан бүткөндөй) башка бир жандуу затты пайда кылдык. Эң көркөм жаратуучу Алла берекеттүү улук Зат!» (Муминуун, 13, 14)
Куранда белгиленген мындай керемет маалыматтарга медицина илими болгону өткөн кылымда гана араң жетишип олтурат. Алла Таала болсо адамдын жаратылуу баскычтарын жана дагы миң сан керемет маалыматтарды илимий чындык таризде мындан 1427 жыл мурда эле кабар берген.
Мына ушул миң түркүн ааламда болуп өткөн окуялар тууралуу Алла Таала бизди ой жүгүртүүгө чакырат: «Биз кимге узун өмүр бере турган болсок, анын турпатын төмөн, өзүн алсыз кылып коёбуз. Акыры акыл жүгүртүшпөйбү?» (Ясин, 68).
«Алла (алгач) силерди алсыз кылып жаратып, анан алсыздыктан кийин күч берет. Анан күчтөн кийин кайра алсыратып, картайтат. Ал Өзү каалагандай жаратат. Анткени Ал – Кабардар, Кудуреттүү!» (Рум, 54).
«Силерди ошол нерседен (топурактан) жараттык, силерди кайра эле ага кайтарабыз жана дагы бир жолу андан чыгарабыз!..» (Таха, 55).
Өйдөкү баскычтарды эске алганыбызда пендезаттын дене турпатынын улам өзгөрүп тургандыгын жогорудагы аяттар тастыктап турат. Адамзаттын бу дүйнөдөгү турмуш тиричилиги убактылуу болгондой эле тирүүлүктө ал ээлик кылган күч-кубат жана таңдайды тамшанткан шык-жөндөмү дагы түбөлүктүү эмес.
Пендезат «васыл-ы илаллах», Жаратканга багыт алуу, жалгануу (руханий өңүттөн) жолу аркылуу илгерилей алат. Демек, инсан бул өңүттө периштелерден дагы алга чыгуучу күчкө, шыкка ээ.  Өз напсин тыя алган пендезат кудум Жараткан көрсөткөн ажайып дүйнөнүн күзгүсү сымал. Жана да инсан аалам деген чалкыган улуу китептин мазмуну, баш сөзү жана жаратылуунун сыры. Анткени адамзааданын эт жана сөөктөн турган дене турпатынын көрөнүшүнүн тээ тереңиндеги рухий дээринде Теңирий сыпаттын нечелеген сырлары, нурлары жана чындыктары катылуу.
Маселен, бир даана буудай буудайга тиешелүү бардык касиеттерди өз ичине камтыйт. Ошол эле учурда андан өнүп чыккан үрөндөрдө дагы ошол буудайдын өзгөчөлүктөрү сөзсүз сакталат. Адамзада да ошол өнүп чыккан үрөн сымал. Ааламдагы бүт нерсенин чындыктарын дээрине катып бир башкача жаралган зат.
Адамзада топурактан жаратылгандыктан топурактын өзгөчөлүктөрүн камтыйт. Маселен, топурак кээде кургайт, күндүн аптабына куурулуп, сууга болгон арзуусу артып, чаңкайт. Бирде кыштын кыраан суугуна тоңот. Бирде нөшөрлөп жааган жазгы жамгыр жана жаздын жылуу илеби менен кайрадан тирилет. Дүйнөнү көрккө бөлөп, жан дүйнөңдү магдыраткан миң түркүн ажайып кооздугу, аңкыган жаз жыты жана ар кандай түстөрү менен Алла кудуретинин агымын даана көрсөтөт.
Ошондой эле адамдын да топурактын тагдыры сымал тагдыры бар. Жашоо кумарынын тартып туруучу көк ириминде кудум чөлдөрдөгү куюндун ичинде сапырылган кум сыңары эрксиз гана сапырылып туруп берет. Напсинин өкүм-зордугуна чөк түшүп берип акыр аягында аттиңдин күүсү жанган бойдон жана берет. Пендезадаң качан өз напсинин өкүмзордугуна каршы жан аябастан күрөшө алганда гана баралына келет. Жазгы жамгыр жана жадыраган күн нурунан жашоо тапкан топурак сымал көзгө көрүнбөй көктөн жааган береке жана мээрим жамгырынан жашоо табат инсаның. Мына ошентип өзүн көздөй агылган нематтарды, кайра эле бышыкчылык мезгилдеги мол түшүмдүү топурак сыңары Жараткандын ыраазычылыгын гана көздөп айланасындагыларга кош колдоп сунуп берет.
Адам баласынын беймеңги дене турпаты топурактан жаратылгандыктан топурактан азыктанып, убакты сааты келгенде кайра эле ошол топуракка кайтат, түпкүлүгүнө кайтат. Топурактагы бардык элементтер белгилүү бир өлчөмдө инсан организминин курамында да табылат. Анткени адамдын организми жана денеси топурактын бир башкача көрүнүшү. Топурактан жаратылгандыгы үчүн алгачкы инсанга «Адам» деген ысым берилген.
Ошондуктан Азирети Адам Атанын урпактары да топурактан жаратылган. Жер жүзүнүн ар кайсы тарабындагы топурактар миң сан түр өзгөчөлүктөргө ээ болгондой эле физиологиялык жана мүнөз жагын алып караганда пендезада да ошондой түрдүүлүккө ээ. Бул чындыкты пайгамбарыбыз Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) төмөнкү хадисинде мындайча тастыктайт:
«Алла Таала инсанды жер жүзүнүн ар кайсы тарабынан чогулткан бир ууч топурактан жараткан. Мына ушул себептен адамбаласынын бир тобу кара, бир тобу ак, бир тобу кызыл жана бир тобу болсо ушул бардык түстөрдүн аралашмасындагы түстө.  Бир топ адамдар жакшы мүнөздүү, бир тобу катуу, бир тобу болсо сылык мүнөздүү болуп (башкача айтканда ар кандай мүнөздө, ар кандай жөндөмдө) дүйнөгө келишкен» (Абу Давут, Суннат, 16)
Жалпыга маалым болгондой топурактын курамында темир, жез, алюминий, фосфор,  кальций жана башка көптөгөн элементтер бар. Ушул элементтердин жана минералдардын көптүгүнө жана аралашмасынын басымдуулугуна жараша топурактын түрү белгилүү болот. Башкача айтканда, курамындагы бул минерал жана элементтердин үлүшүнө жараша  топурак да жумшак же катуу же ар кандай түстө, ар кандай өзгөчөлүктөрдө болот.  Кээ бир жерде топурак абдан мол түшүмдүү, кээси орто, кээси болсо таптакыр эле түшүмсүз болот. Инсанда да бул нерселер ар кандай үлүштө болгондуктан топурак менен адам ушул өңүттөн кыйла эле окшош. Жер жүзүндөгү адамдардын ар кандай түстөрү алгачкы жаратылуудагы топурактын түрдүүлүгүнөн болсо керек. Психологиялык жана акыл-эс өңүтүнөн да адамды топуракка окшоштурууга болот. Маселен, кээ бирлерге бир нерсени айтарың менен дал өзүндөй кылып аңдап калат. А кээ бир адамдарга канча кайталаба, канча түшүндүрбө, түшүмүсүз топурактай өзгөрүү же алдыга жылуу боло бербейт.

 

Адам Атага рухтун берилиши
Кудай Таала инсан денесин топурактан жараткан соң мүлдө макулуктун арасында эң жогорку мартабасын ыроолоп, адамдын акыл эси аңдай албай турган сырды Өзү салган. Оболу жөн гана кейип берилип, нерсе катарында жаратылган затка Кудай Тааланын сыры салынгандан кийин гана жан кирип кыймылдай баштады. Ал Өзүнөн керемет сырды үйлөө менен адамга абдан маани берип, ага жашоону ыроологон. Окуя тууралуу Куран мындайча кабар берет:«Ага кейип берип, Өз рухумдан үйлөгөн кезде!..» (Хижр, 29)
Адам Атага Жараткандын Өз рухунан үйлөшү өтмө мааниде айтылган. Аны кулунун колдонуусу жана сарптоосу үчүн Өзүндөгү кээ бир артыкчылыктарды берген деп түшүнүүгө болот. Инсан аманат катары алган жандын, акыл-эстин жардамы, күчү жана берекеси менен Раббисин тааныйт.
Ал эми Рухтун маани-маңызы, түзүлүшү тууралуу кеңири маалымат берилген эмес. Анткени Жараткан Өзү рух тууралуу мындайча белгилеген: «Айткын, Рух Раббимдин өкүмүндөгү (иш). Бул жагдай тууралуу силерге аз гана маалымат берилген.» (Исра, 85)
«Эй, Адам! Периштелерге нерселердин ысымдарынан кабар бер деди. Адам (нерселердин) ысымдарын аларга атап берген соң (Алла Таала): Силерге, Мен асман менен жердин сырларын, ошондой эле силер ашкере кылган жана жашырган нерселерди билем дебедим беле?» деди.» (Бакара, 33)
Азирети Адам Атага үйрөтүлгөн ысымдардын максаты, жер жүзүндөгү барча нерсенин аттары, маңыздары жана өзгөчөлүктөрү эле.
Азирети Адамга (алейхиссалам) периштелердин сажда кылышы
Адам Атаны жараткандан кийин Алла Таала периштелерге жана жиндерге кайрылып Адам үчүн саждага баш коюну буйруду. Анын буйругу аткарылды. Буйрукка  бир гана  Жаратканга аруу ыклас менен талыкпастан ибадат кылып жүргөн Азазил аттуу жин, тактап айтканда, шайтан моюн сунбады.
«Эстечи (эй, Мухаммед), Биз Периштелерге, Адамга таазим кылгыла деп айтарыбыз менен алар сажда кылышты. Иблис гана текебердик менен баш тартып каапырлардан болду.» (Бакара, 34)
«Мени жалындан, аны болсо баткактан жараттың; мен андан жогорумун.. » дегенчелик наадандыкка жана акмакчылыкка барган. (Араф, 12 ; Хижр, 33; Сад, 67)
Жараткан Алланын периштелерге кайрылып: «Адам үчүн саждага баш койгула!» деген буйругу эч убакта «Адамга ибадат кылуу» деген мааниге келбейт. Ал жердеги максаттын маңызы мындай: «Бул жерде Алланын буйругун аткаргыла!» деген маңыз жатат. Анткени бул сажда Адамга болгону менен аныгында Аллага таандык, Аллага ибадат болуп саналат. Муну Кабага карап сажда кылууга салыштыруу акылга төп келет. Каабага карап намаз окуу Каабага ибадат кылуу деген мааниде эмес, Аллага ибадат кылуу дегенди туюнтары баарына маалым.
Иблис шайтандын Адам Атага сажда кылбай коюшу Курандын бир топ жеринде кайталанат (крз.Араф,11 – 12; Таха, 116; Исра 61; Баккара, 34). Бирок бул кайталоолордун ар биринде Иблистин сажда кылбай коюшунун ар башка себептери тууралуу айтылат жана ушуга эле байланышкан анын айла амалдарына көңүл бурулат.
Алланын буйругун ак дилден аткарган периштелер жана жиндер саждадан качып куту учкан жана заматта өң-алеттен кетип, түрү суукка айланып калган иблисти көрүштү. «Кудайдын буйругуна моюн суна билүү» деген баалуу нематка шүгүрчүлүк кылуу үчүн кайра дагы саждага баш коюшту.
Иблистин каршылык көрсөткөнүнө жооп иретинде:
«Андай болсо ал жерден (бейиштен) чык! Эми сен (Менин алдымдан) куулган  каргыш тийгирсиң. Кыямат кайымга чейин наалат сага айтылат.» (Хижр, 34, 35)
Мына ошентип шайтан Азирети Адам Атага бой көтөрөм деп периштелердин арасындагы мартабасын орду түбү менен жоготуп алды да, кийинкилигинен тынчсызданып Жаратканга жалбарды:
«Эй, Раббим, андай болсо (макулуктар) кайра тириле турган күнгө чейин мага убакыт бер!  деди».
 «Алла Таала: Сен, белгилинген кезге чейин өзүлөрүнө мөөнөт берилгендерденсиң!» (Хижр; 37, 38)
«(Иблис) айтты: Эй, Раббим, Сен мени аздырганың үчүн мен жер жүзүндө аларга (күнөөлөрдү)  кооздоп (көрктүү кылып көрсөтөм) жана алардын баарын жолдон адаштырам! Бирок алардын арасындагы аруу пакиза пенделериң гана (акыйкат жолдон азбай калышат).» (Хижр, 39, 40)
«Мына бул (ыкластуу кулдарымды сенин бузуку жолуңдан куткаруу) Мага таандык туптуура жол.  Аныгында Менин кулдарымдын үстүнөн сенин эч кандай үстөмдүгүң жок. Бирок (өз эрки менен) жолдон чыгып, сенин артыңан түшкөндөр башка!» (Хижр, 41, 42)
Кыямат боло турган күнгө чейин жарык дүйнөгө келе турган мүлдө адам баласы Адам Атанын урпагы болгондуктан, анын керемет сыпаттарынан ар бир адам өз насибин алат. Шайтан Адам Атага кандай душмандык кылган болсо, адамзатка да  кыяматка чейин душмандыгын уланта берет.
Ошентип адам баласын азгырууну суранып жатып өзүнө милдет кылып алган Иблис пендезаданын напсилик арзууларын козгоп, жолдон азгырып жүрүп олтуруп рухий жактан өнүгүп өөрчүүгө тоскоол болуп келет.
Көптөгөн хикматтардан улам Алла Таала каргышка калган шайтанга мөөнөт берген экен. Бирок ошол эле учурда өлүм эшикти кагып келгенге чейин инсан үчүн кечиримдин жана тообанын каалгасын ачып койгон.
«Жалгыздык» деген сыпат Алла Тааланын Өзүнө гана таандык  болгондуктан бардык макулукту жынысына карата өз жубу менен  жана жуптарды бири бирине ийкемдүү, бири бирине тартылып туруучу кылып жатаркан тура. Арийне бул ааламдагы чаң үртүкчөлөрү, нерселердин дааналары, клеткалар, өсүмдүктөр, айбанаттар, инсандар,  заттар, жадагалса атомдун ичиндеги электрон менен протон сыяктуу сырдуу бөлүкчөлөргө чейин жамы нерселер өзүнүн өзгөчөлүктөрүнө жана мүнөздөрүнө карата «жуп жаратылуу» мыйзамына баш ийет. Муну аят мындайча тастыктайт:
«Бүт нерсени Биз жуп-жубу менен жараттык. Байкап баккылачы,  ибарат жана сабак аларсыңар мындан.» (Зарият, 49)
Ушул себептерден Алла Таала  Адам Атанын суранчын аткарып, кайра эле Адамдын сол кабыргасынан адам түрүнөн Азирети Обону жаратып берди. Ибн Аббас жана Ибн Масуд (Алла аларга ыраазы болсун!) баяндап кеткен маалыматнаамада: иблис бейиштен куулуп, Адам Ата болсо бейишке жайгаштырылган эле. Ал бейиште бейкапар кезип жүрөр эле. Күндөрдүн биринде Адам Ата уйкудан ойгонуп, баш тарабында сол кабыргасынан жаратылган жалгыз инсанды көрөт.
Адам Ата менен Обо энеге бейиштеги бир дарактын мөмөсү Алла Таала тарабынан тыюу салынган болучу. Сынакты өткөрүү үчүн Иблиске мүмкүнчүлүк берди. Инсандын Анын буйругуна моюн сунуусуна тоскоол болгон напси менен болгон күрөшү шайтандын азгырыгы менен бейиштен башталды. Шайтан өз карасанатайлыгын ишке ашыруу үчүн эки пендени алдап, тыю салынган жемишти жедирип салат. Натыйжада Адам Ата менен Обо эне бейиштен чыгарылат.
«Эй, Адам баласы! Биз силерге авратыңарды беките турган кийимди да, жасанып-түзөнө турган (кийимди) да түшүрдүк. Баарынан ийги кийим-такыбаа кийими. Бул- Алланын (берешен, жоомарттыгына далалат кылуучу) аяттарынан. Балким, эскерме (насаат) алышаар. Эй, Адам баласы, Шайтан (Адам) атаңардын авраттарын өздөрүнө көрсөтүү (уят абалга жыгуу) үчүн кийимдерин чечип, бейиштен чыгарганы сымал силерди да алдап койбосун! Себеби ал жана анын малайлары силерди өзүңөр билбей турган тараптан көрүп турушат. Албетте, Биз шайтанды ыймансыз адамдарга дос кылып койгонбуз.» (Араф, 26, 27)
Бул аяттарда адам баласынын аялуу жерлерин жашыра турган кийимдердин жетиштүү эмес экендигине, эң негизги кийим жүрөктү жана көңүл дүйнөсүн терс туюм жана түшүнүктөрдөн коруган жана кулдун Жаратуучусуна карата жоопкерчилигин сездире ала турган такыбалык кийимди кийиниши зарыл экендигине ишаарат кылынат.
Шайтандын тузагына чалынып, Кудай Тааланын буйругунан чыгып калган Адам Ата менен Обо энебиз эми бейиштен кур калып, жер бетине жөнөтүлөт. Азирети Адам (алейхиссалам) периштелер тарабынан Индиянын түштүк тарабында жайгашкан «Цейлон» деген аралга; ал эми Обо энебиз болсо Кызыл деңиздин жээгинде орун алган азыркы Жидда шаары турган аймакка түшүрүлөт. Ошентип, Адам Ата да, Обо эне да аябай бушайман болуп, тооба кылып, истигфар тилей беришет. Анын жан дилден жалбарып суранган дубасын кабылдаган Алла Таала Мекке багытына жол көрсөтүү үчүн бир периштени милдеттендирди. Ушул дубанын берекеси менен Жидда чөлкөмүндө жашап жүргөн Обо Эне да башка периштенин жол башчылыгында Адам Атага карай жол тартты. Күнгө арапа (четтик). Күн ушу жакын эле жерге бата тургандай эңкейип, дигер убагы кирип калган. Жер жүзүндөгү эң алгачкы жаратылган эки инсан Арафат тоосунда бетме бет келип жолушугуп, ушундай бактылуу учурду кайрадан тартуу кылган Мээримдүү Жаратканга кайрадан тообо кылышып, көз жаш төгүп, элжиреп туруп истигфар тилешти.
Ырайымы, мээрими жана айкөлдүгү чексиз Алла ал пенделердин кылган дубаларын кабыл кылды. Ошону менен эле бирге ал эки заттын бардык урпактарынан кимде ким ошол күнү, ошол сааттар Арафатка келип дуба кылып, кечирим сурана тураган болсо, ошолордун тилектери шексиз орундатылат деп бүтүндөй пенделерине кыяматка чейин абдан улуу мүмкүнчүлүктү тартуу кылган. Арапа күнү ажылардын Арафатка чыгып истигфар кылышынын жандырмагы ушул жерде жатат.
Арафат тоосунда жолугушкан Адам Ата менен Обо Эне Жараткандын буйругу менен азыркы Мекке шаары турган жерди мекендеп калышат. Ошондуктан Мекке шаары «Уммул Кура» (жайгашуу аймагынын энеси, алгачкысы) деп аталып калган. Мына ошондон тартып бул аймакта адамдар көбөйө баштайт. Жараткандын Кереметинин кеңдигинен Обо Эне бир төрөгөндө үч эм, беш эм же андан да көптү төрөчү экен. Бир курсакта төрт эм, беш эм болуп төрөлгөн балдар бири бири менен үйлөнүшпөйт эле. Бирок өзүлөрүнөн мурунку же кийинки төрөлгөн балдар менен баш кошууга уруксат бериле турган. Ошентип, жер жүзүндө адам баласынын саны тездик менен өсө баштаган.
Тооба кербенинин көч башында Адам (алейхиссалам) турат. Адам Ата менен Обо энебиздин бирге кылган тообалары абдан даңазалуу:“Эй, Рабби! Өзүбүзгө өзүбүз зыян кылдык. Эгер бизди кечирбей, бизге ырайым кылбасаң накта зыянга учураган болобуз..” (Араф, 23)


Бул дуба Адам Атанын кыяматка чейинки урпактарына истигфардын негизги нускасы болуп кала берет. Натыйжада Адам Ата;
• Алгачкы жаратылган инсан жана алгачкы пайгамбар
• Бейишти да, дүнүйөлүк жашоону да жашаган киши.
• Алгач ката кетирип, алгач тооба кылган пенде. 
Ага салам болсун!...

Башына