Он үчүнчү сан

Журналдын он үчүнчү саны

Улуу Алла Тааланын 99 ысым-сыпаты

Мазмуну

Ал-Малик

Ал-Малик Алла Тааланын көркөм ысымдарынын бири.

«Ма-ла-ка» этишинен болуп, «ээ болуу, өкүм жүргүзүү» деген мааниге келет. Кандайдыр бир нерсеге эгедер болууга да, күч-кубаттуу болууга да далалат кылат. Бул этиштин уңгусу «мулк» сөзү. «Мулк» уңгусу мүлктүн өзүнө да, мүлккө ээ болууга да ишарат кылат. Бул жердеги «ээ болуу» адамдарга да, бүтүндөй ааламга да  эгедер болуу дегенди туюнтат. Асыресе, Алла Таала үчүн адамдардын Эгеси делгенде, Анын адамдарга чыныгы мааниде ээ болгондугун каңкуулайт. Демек, ал-Малик жаамы жандуу-жансызга өкүм жүргүзүүчү, аларды көзөмөлдөөчү, башкаруучу.

Адам баласы жер бетинде халифа болгондугу үчүн жер жүзүнө чектелүү өкүм жүргүзүүчүлүк укугуна ээ болгон. Бул укук эч качан чыныгы (толук) мааниде эмес, адамдын толук каалаганындай башкаруучулугун түшүндүрбөйт. Алла Таала жер бетиндеги жашоонун мыйзамына ылайык адамдарды ар түрдүү шык-жөндөмгө, ар кандай кесипке ээ кылгандыктан ириде жалпысы биригип ушул «маликтик, өкүм жүргүзүүчүлүк» укугуна ээ. Андыктан ар кимдин өзүнө таандык ээлик жааты бар. Бирок жогоруда белгиленгендей, адамдын ээлик кылуу укугу эч качан чыныгы мааниде эместигин, чектелүү гана, Алла Таала ыйгарган жаатта гана өзүнчө аманат болгондугун унутпашыбыз абзел. Экинчиден ар бир адамдын өз-өзүнчө мүлккө кантип ээ болуп, аны кантип сарптоо керектиги жөнүндөгү эрежелерди Жараткан Алла ар бир адамга өз-өзүнчө эмес, адамдар арасынан тандалган элчилер аркылуу билдирүү менен жалпы мааниде жер жүзүндөгү ээлигин ушул элчилери менен жүргүзүүнү каалаган. Куранда Алла Тааланын чыныгы ээлиги жөнүндө:

«Асман- жердин жана андагынын баары Аллага таандык» (Маида, 18)
«Айткын: Оо, Жараткан Алла! Сен мүлктүн чыныгы ээсисиң! Мүлктү каалаганыңа берип, каалаганыңан аласың!» (Али Имран, 26) деп буюрулган.  
Улуу Жараткан Алла Таала «ал-Малик» сыпаты менен мүлктү каалаганына берип, каалаганынан алат. Анткени бул дүйнө сынак жайы. Ошондуктан Ал адамды бардарчылыкта да, жокчулукта да сынайт. Башына жокчулук түшкөн адам кандай аракет кылар болду экен? Аллага шүгүр келтиреби же терсаяктык кылып Ага акаарат келтирмекчиби? Ал эми бардар адам байлыгынын шүгүрчүлүгүн кылып Алла буюрган жакка сарптайбы же өзүнүн гана кызыкчылыгын, жыргалчылыгын ойлоп, Жаратканды унутуп калабы?
Ал жер жүзүндө адамдарга ээлик кылуу, башкаруучулук укугун элчилерине ыроологон. Асыресе, башкаруучулук менен хикмат (даанышмандык) бир жерде болушу кажет. Демек, илим менен хикмат «маликтиктин» шарттарынан болуп саналат. Куранда:
«(Юсуф:) Оо, Жараткан Эгем! Сен мага өкүмдарлык бердиң жана түштүн жорулушун үйрөттүң» (Юсуф, 101)
«Алла Таала Давудка өкүмдарлык, даанышмандык жана (Алла Өзү) каалаган нерселерди үйрөттү» (Бакара, 251) деп буюрулат.
Алла Таала пайгамбарларын кээде элчи да, өкүмдар (эл башкаруучу) да кылат. Азирети Давуд менен Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз сыяктуу. Кээ бирине элчиликти гана ыроолойт. Бул учурда ал жашаган чөлкөмдө башка падыша өкүмүн жүргүзгөн болот. Алсак, буга Азирети Муса пайгамбарды мисал келтирсек болот. Аятта төмөнкүчө буюрулат:
«Бир кездерде Муса өз элине: О, эл-журт! Алланын силерге ыроологон жакшылыктарын унутпагыла! Ал өз араңардан пайгамбарларды чыгарып, силерди падыша кылды...» (Маида, 20)  

Ырас, Алла Таала жер жүзүндөгү «маликтигин» Өзү тандаган, илим жана даанышмандык ыроологон адамдар аркылуу орундатат. Адамга белгилүү өлчөмдө эрк берилгендиктен, ошондой эле адам баласы ар бир ишине жооп бере тургандыктан жасаган ар бир ишинин натыйжасын, жакшы-жаман мөмөсүн сөзсүз түрдө көрөт. Негизинде Алланын эрк-каалоосу жер жүзүндө Өз башкаруучулугунун өкүм сүрүшү таризинде түшүндүрүлөт. Ошондуктан Өзү каалаган адамдарын тандап, алар аркылуу «ээлигин, өкүм жүргүзүүчүлүгүн» жүзөгө ашырат. Тандоо өзүнө гана тиешелүү. Аны эч качан адамдын каалоосуна калтырбайт. Себеби Ал мүлкүнө Өзү каалагандай ээлик кылат.

(Ак Башат казынасынан)

Башына