Он үчүнчү сан

Азирети Мухаммед (с.а.в) Пайгамбарыбыздын балага болгон мээримдүүлүгү
Мазмуну
Элвин Юсупов
elvin-yusubov@mail.ru
Ыймандуу перзент эки дүйнө бактылуулугунун соолубас булагы. Азирети Пайгамбарыбыз көзү өткөн мусулмандын амал дептери бул дүйнөдө жасаган үч жакшылыгынан улам жабылбай тургандыгын билдирген. Хадисте айтылган үч жакшылыктын бири баласын ыймандуулукка тарбиялап өстүрүү. Демек бул жерде перзентти ыйманга, Исламга тарбиялап өстүрүүнүн маанилүүлүгү кашкайып көрүнүп турат. Ислам дини балага мээрим төгүп, астейдил көңүл бурууга чакырат. Жаңыдан төрөлгөн ымыркайга ата-эненин жардамы, мээрими абадай зарыл. Бул өңүттөн Азирети Пайгамбарыбыздын жаш балдарга болгон мамилеси жана алардын таалим-тарбиясына ишаарат кылган көптөгөн акыл-насааттары бар.
Мусулмандар балалуу болгондо Азирети Пайгамбырыбызга алып келчү экен. Кутман Пайгамбар курманы майда чайнап, ымыркайдын таңдайына салаар эле дешет сахабалар. Жаңы төрөлгөн ымыркайдын кулагына азан айтууну, жакшы ысым коюну Алла Элчиси мусулмандарга такай насааттаган: «Силер кыямат күнү өз ысмыңар жана атаңардын ысмы менен чакырыласыңар. Андыктан перзентиңерге жакшы ысым койгула». Азирети Пайгамбарыбыз ушул себептен айрым жагымсыз ысымдарды өзгөрткөн. Ал айрым учурларда наристелер менен жашбалача сүйлөшүп, жандилден мээримин төккөн. Ооруп калган балдардан кабар алып, жолдо ойноп жаткан өспүрүмдөргө салам айтып, саламдашуу адебин үйрөткөн. Аларга түшүнүктүү, жеңил тил менен акыл айткан.
Жаратылыш Нуру жакшылык кылууну жашбалдарга да сунуш эткен. Мүмкүнчүлүк боло калганда өзү да аларга курма өңдүү таттуу нерселерди таратып, көңүлүн алган. Бир хадисинде Алла Элчиси мындай дейт: «Балдарыңарга белек бергиле, жакшы тарбиялагыла». Өспүрүмдөрдүн оюнун Азирети Мухаммед мыйзам ченемдүү табийгый көрүнүш катары баалаган. Анас жаштайынан Алла Элчисинин колунда тарбияланган. Бир жака жумшаганда, өзү теңдүүлөр менен оюндун кызыгына батып, тапшырманы унутуп же кечеңдеткен учурларды түшүнүү менен кабылдаган. Андыктан ар бир мусулман өз Пайгамбырын жакшы таанып, тарбия жаатында аны өрнөк тутушу зарыл.
Ааламдардын Ардагы жалпы үммөтүнө, жадагалса бүт нерсеге сүйүү бапестеген. Асыресе, жаш балдарга бапестеген сүйүүсүн кагаз бетине түшүрүү кыйын. Жаш балдар аны кай жерден көрбөсүн, жакын достой чуркап келип, курчап калышчу экен. Өспүрүмдөрдүн бактылуу маанайына балкыган пайгамбар алар менен бирден саламдашып, тамашалашкандан тажабаган дешет. Сөзүбүз куру болбосун үчүн мисал бере кетели: «Кызы Фатима алдына кирген учурда ордунан туруп аны менен саламдашып, жүзүнөн сүйүп, жанына отургузчу. Кан-жанынан жаралган кызын ушунчалык жакшы көргөндүктөн, бир жакка сапар тарта турган болсо, эң акырында аны менен коштошуп, сапардан кайтканда эң алгач кызы менен учурашаар эле. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз уулу Ибрахим төрөлгөндө катуу сүйүнгөн. Уулун кучагына бек кысып, Азирети Аишага алып келет: «Карачы, мага окшош бекен?» деп барпаңдаганы, анын чексиз сүйүнчүнө күбө. Ал Ибрахимди сүйүнчүлөп келген Абу Рафиге белек-бечкектерин тартуулаган.
Анын көөнөрбөс өмүр кенчине назар салсак, неберелерин абдан жакшы көргөнүнө күбө болобуз. Күндөрдүн биринде Алла Элчиси неберелеринен бирин көтөрүп үйдөн чыгат. Небересин көтөрүп баратып минтип жалбарат: «Алдыңа кетейин каралдым. Силер Алланын райханысыңар! »
Неберелерин жандилден сүйгөн кутман Пайгамбар көңүлүн көтөрүп, аларга ар дайым өзгөчө көңүл бурган. Жонуна, курсагына мингизип ойноткон. Таятасын жандан артык көргөн неберелери ал намаз окуп жаткан маалда жонуна минип алышчу экен. Намазга залакасын тийгизе турган жорукту жасаганына карабай, аларды тыйган эмес. Алла Элчиси (с.а.в) күндөрдүн биринде сахабалары менен чакырылган жерге бараткан. Дал ошол маалда Хусейн көчөдө балдар менен ойноп жаткан. Небересин кармап, бала жытын искегиси келди. Бирок оюнкарак Хусейн карматкысы келбей улактай серик салып, бирде оңго, бирде солго кача баштады. Акыры кармап, сүйүктүү небересин жыттап, жыттап маңдайынан өөп, мындай деди: «Хусейн менден, мен Хусейнденмин! Хусейнди сүйгөн жанды Алла сүйөт!»
Алла Элчисинин балага болгон мээримин өтө олуттуу иш учурунда да көрүүгө болот. Маселен, Пайгамбарыбыз Мекке каратылган күнү Азирети Зейнептин уулу, небереси Алини учкаштырып шаарга кирген.
Биз ал кутман Пайгамбардын үммөтү катары анын изинен басып, жаркын, бактылуу келечек үчүн перзенттерибизди ыйманга, адеп-ахлакка тарбиялап, сүйүү, мээрим менен бапестеп өстүрүүбүз дурус.