Он үчүнчү сан

Журналдын он үчүнчү саны

Алланын Элчисин тилден, дилден түшүрбөө

Мазмуну

                                                                       Өмер Челик

            Алла Таала ааламга ырайымдуулуктун пайгамбары катары жөнөткөн тандамал Элчисине көптөгөн жакшылыктарды ыроологон.  Мына ошол Кудайы жакшылыктардын эң маанилүүлөрүнүн бири - «салават жана салам» болуп саналат. Салават жана салам үммөттүн акыркы Пайгамбарга болгон сый-урматын, таазимин арттырат. Жараткан Алла: «Чындыгында Алла пайгамбарга салават (ырайым) кылат. Ошондой эле ага периштелер да салават айтып турушат. Эй момундар! Ага салават жана салам айткыла» (Ахзаб, 56) деп буюрат.

            «Салават» сөзүнүн жекелик түрү «салаат». Ал кечирим тилөө, дуба, берекет, мактоо, куттук, таазим, намаз жана ибадат түшүнүктөрүн берет. Ислам аалымдары бул сөзгө салават айткан затка жараша ар түрдүү маанилерди берген:

  1. Алла Тааланын өз пендесине салават айтышын ага ыракым кылышы, кадырын жогорулатышы жана сооп бериши деп түшүнүү керек.
  2. Периштелердин салават айтышы - ал үчүн Жараткандан кечирим тилеши, жогорку даражаларга жетиши үчүн Аллага жалбаруулары
  3. Момундардын салават айтышы – анын жакшылыгын тилеп Аллага дуба

кылуулары, Алладан ага шапаат укугун ыйгаруусун тилөөлөрү дегенди түшүндүрөт.

Мужахид бул багытта: «Алланын салаваты - бул кулпендесин ийгиликке
жеткизиши, аны коргошу, периштелердин салаваты – ага ар түрдүү жардам бериши, үммөттүн салаваты болсо жашоонун ар жаатында Алла Элчисинин баскан изинен чыкпай, сүннөттөрүн так аткарышы» дейт.

            Азирети Пайгамбарыбызга салават айтуунун мааниси таазим этүү, сый мамиледе болуу.
Ал эми аяттагы «салам» сөзү саламат, аманчылык, эсенчилик, бейпилдик, коопсуздук деген маанилерди туюндурат. Ошондой эле моюн сунуу, баш ийүү, тынчтык сыяктуу маанилери да бар.

            Демек, биз Пайгамбарыбызга салават жана салам айтып жатканда Алла Таалага төмөнкүчө дуба кылган болобуз: «Оо, Жараткан Алла! Ардактуу Пайгамбарыңдын наамын, кадырын бу дүйнөдө да, акыретте да жогору кыла көр. Ал аркылуу жиберген Ислам диниңди бүтүндөй дүйнөгө жайа көр, кыйаматка чейин жашата көр. Ага акыретте үммөтүнө шапаат кылуу укугун ыйгара көр, баа жеткис жакшылык-соопторуңду ыроолой көр. Ага бейпилдик, эсенчилик бере көр...»
Азирети Пайгамбарыбызга салават жана салам айтууга багыттаган көптөгөн себептер бар.

            Баарыдан мурда Жараткан Алла өзү ага салават-ыракым кылып, ыраазылыгы менен жогорулатып, ага биздин да салават айтышыбызды буюрган. Алланын акыркы Элчисине намазда «тахиййат» дубасын окуп жаткан учурда да салават айтабыз. Алла Таала күн сайын беш маал намаз учурунда «тахиййат» дубасын окуп жатып, Алла Элчисине маңдайыбызда тургандай элес менен «Ассаламу алайка аййухан-Набиййу ва рахматуллахи ва баракатух» (эй, Пайгамбар! Сага Алланын салам-бейпилдиги болсун! Алла Таала сени өз ыраакымына, берекесине бөлөсүн!) деп айтышыбызды каалаган.

            Ошондой эле ага салават жана салам айтуу бизди караңгылыктан жарыкка, жалгандан акыйкатка чыгарып, инсаниятка Алланын ак жолун көргөзүүгө себепкер болгондугуна ыраазылык билдирүүнүн жышааны.

            Салават жана салам аалам ардагы атыккан Пайгамбарыбызга руханий жактан жакындатып, Алланын ыраазылыгын алган кулпенденин даражасын жогорулаткан себептердин бири. Алланын акыркы Элчисинин руханиятына жакындоо жана аны менен бирге болуу бул дүйнөдө да, акыретте да өзүнчө бакыт. Мындай бакытка жетүүнүн жападан жалгыз жолу Жараткандын ыраазылыгына ылайык иштерди, кыяматта Пайгамбарыбыздын жүзүн жер каратпай турган жакшылыктарды жасоо, айтор, Ыйык Куран менен сүннөттүн негизинде өмүр кечирүү. Асыресе, Алланын акыркы Элчиси салават жана салам айткан адам кыямат күнү өзүнө жакын болууга себепкер болору жөнүндө:

            «Кыямат күнү адамдардын арасынан мага эң жакыны – мага эң көп салават жана салам айткан адам болот» (Тирмизи, Витр, 21) деген.
Салават жана салам момун-мусулмандар үчүн ар багытта теңдешсиз үлгү болгон Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын руханий жактан биз менен бирге болушуна, анын рухдүйнөсүнөн жандүйнөбүзгө береке-куттун агышына себеп болот. Салават айткан адам Аллага жана Элчисине болгон сүйүүсүн башка сүйүүлөрдөн жогору койгондуктан, терс мүнөздөрдөн, жат жоруктардан алыстап, жакшы сапаттарга ээ болот. Пайгамбарыбызга айтылган салават момун-мусулман адамды Алланын ыраакымына, мээримине бөлөйт. Пайгамбарыбыз бул багытта:

            «Ким мага бир жолу салават айтса, Алла Таала ага он жолу салават (ыракым) кылат, он катасы өчүрүлөт жана он даражага жогорулайт» (Насаи, Сахв, 55) деген.
Демек, Азирети Пайгамбарыбызга чын көңүлдөн айтылган салават жана салам Жараткан Алланын ыраазылыгына себеп болуп, ан үчүн өзүнчө сооп берилет.
Ашыглык-сүйүү – бул эки жүрөктүн ортосунда түзүлгөн руханий байланыш. Бул байланыш сүйгөн адам сүйгөнүн эч качан дилинен да, тилинен да түшүрбөй жүрүшүнөн байкалат. Сүйгөнүн эстеткен ар бир сөз кай жерде болбосун сүйгөн адамдын жүрөгүн мыжыйт, ага болгон сүйүүсүн оргуштатат. Андыктан момун-мусулмандар да салават жана салам айтуу менен Пайгамбарыбыздын руханиятын жандүйнөсү менен кошо сезип, анын адамдык бийик сапатынан үлгү алышат.

Башына