Он үчүнчү сан

КЫЗЫКТАР ДҮЙНӨСҮ
Мазмуну
Журналыбыздын бул санында да мурунку теманы улантып, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнөн өздөрүнүн өзгөчөлүктөрү менен «Эң.. эң.. эң..» наамына татыктуу болгондору менен тааныштырууну улантмакчыбыз. Ошону менен бирге, «өнөрүң болсо өргө чап» демекчи, адамдардын арасында көпчүлүктөн айырмаланып, өзгөчөлөнүп, гиннестер китебине киргендер туурасында маалымат беребиз.
Көптөгөн жашылча жемиштердин арасынан эң эле кызыктуусу да, таң калычтуусу да кадимки эле биз жеп жүргөн бадыраңдын бир түрү болуп чыкты. Легенария деп аталган бадыраңдын бул түрүнүн түпкү теги Индиядан келген. Челябинскидеги багбандар да бул укмуштуу бадыраңды өстүрүшүүдө. Анын узундугу бир сезондо 1,5 м.ден 2 м.ге чейин жетет. Легенариядан салат жасоо үчүн аны үзүп кереги жок. Керектүү өлчөмдө кесип алса болот. Бул бадыраңдын өзгөчөлүгү кесилген жери бузулбастан өсүүсүн уланта берет экен. Бир үй-бүлөнү жайы бою салат менен бага ала турган бул бадыраң теплицаларда гана өсөт жана өзгөчө камкордукту талап кылат.
Гиннестер китебине официалдуу түрдө катталган өсүмдүктөрдүн катарын кадимки кызыл карагайдын бир түрү толтурууга жетишкен. Өздөрүнүн узак жашоосу менен рекорд койгон мындай кызыл карагайлардын жыйырмага жакыны 4000 жылдан бери Калифорниянын чыгышындагы Уайт-Маунтинс (Ак Тоолор) тоолорунун чокусуна «ээлик кылып» келет. Деңиз деңгээлинен 3000 м. бийиктикте өскөн бул дарактардын бири 4600 «жашка келгени» белгилүү болгон.
Ал эми кадимки биз билген бамбук болсо өтө тез өскөн өсүмдүк катары өзүнүн ордун тапкан. Себеби анын өсүү темпи суткасына 0.75 м. ге чейин жетет. Индокытайда бамбуктардын бир айда 22 метр бийиктикти «багындырганы» да ушул өзгөчөлүгүнөн улам болсо керек. Мындан да кызыктуусу – бамбуктун айрым түрлөрү 20 жылда бир, башкалары 30-40 жылда бир гүлдөйт. Бамбуктун ар кандай символикалык мааниси да бар; мисалы, Индияда достуктун символу болсо, Филиппинде чарбада бамбук өстүрүү – бактылуулукту алып келет дешет. Ал эми Японияда бамбук тазалыктын символу болуп эсептелет.
Эми жан-жаныбарлардын ичинен өзгөчөлүгү менен алдыга озуп чыккандарга токтоло кетсек. Сүт эмүүчүлөрдүн эң кичине канаттуу өкүлү – бул жарганат десек болот. Анткени Тайланддын түштүк-чыгышын мекендеген бул жарганаттын канаттарын жайылгандагы узундугу 130-145мм. ге барабар болуп, салмагы 1,7-2 г. гана болот.
Ал эми жараганаттын кемирүүчү «туугандарынын» ичинен эң кичинеси – Мексикада, АКШнын Техас жана Аризона штатында жашайт. Карлик «хомячок» деп аталган бул кемирүүчүнүн узундугу болгону 3.6 см. болот. Бирок, кичине чычкан экен деп маани бербей коюу да болбойт. Себеби, бул «чычкандын» гиганттары да кездешет. Ушул эле кемирүүчүлөрдүн эң чоңу – түштүк Американын түндүгүндө жашаган деңиз чочкосу болуп эсептелет. Анын узундугу 1-1,3 м. ге жетип, салмагы 79 кг. болот. Ал гана эмес колдо багылган бирөөсүнүн салмагы 113 кг. га жеткени белгилүү.
Жеңил атлетика боюнча рекорд койгон жаныбарлардын бири катары Гепардды билебиз. Мышыктар тукумунун бул өкүлү түз жерден 550м. аралыкта ылдамдыгын 100км/с. ка чейин чыгара алат.
Ал эми ушул эле сүт эмүүчүлөр түркүмүнүн суудагы өкүлү Касатка эң тез сүзгөн деңиз жаныбарларынын тизмесине кирген. 1958-жылы Тынч океандын түндүк чыгыш тарабында жүргүзүлгөн байкоолорго караганда касаткалар ылдамдыгын 55.5 км/с. ка чейин чыгарышкан.
Бул киттердин бирден бир жеңиши эмес. «Эң чоң», «эң оор», «эң узун» номинациялары боюнча да алдыңкы орунга чыккан Көк кит болуп эсептелет. Себеби, анын узундугу 30метрден ашып, салмагы 180 тоннага чейин жетет. Мисалы, Антарктикадан кармалган көк киттин салмагы 190 т., денесинин узундугу 27.6 м. болгон. Джоржия штатына жакын жерде түштүк Атлантиканын жээгине сүрүлүп чыгып калган көк киттин узундугу болсо 33.6 м. ге жеткен.
Ушундай эле рекордчулардын арасына биз да кирет экенбиз.
АКШнын көптөгөн адамдары ашыкча семирип кетүүдөн жапа чегишери белгилүү. Бирок, бул нерсе айрымдардын атагын дүйнөгө таанытып, «эң алдынкылардан болууга жардам берет. Мисалы, гиннестер китебине кирген эң семиз адам катары 1963-жылы Вашингтондо туулган Джонс Бровер Миннок катталган. 1966-жылы анын салмагы 317 кг. болгон. Жүрөгүнүн ооруусунан улам 1978-жылы ооруканага жатканда анын салмагы 635 кг.га жеткен. 1981-жылы оорудан улам каза болгон Джонс Бровер Минноктун салмагы 362 кг., ал эми бою 1,85м. болгон.
Ал эми бул багытта айымдардын арасындагы рекорд да АКШнын тургуну 1943-жылы туулган Розали Брэдфордго таандык. 1987-жылы анын салмагы 544 кг. эле. Жүрөк ооруусунан улам врачтардын койгон диетасын толук карманган Розали Бредфорд 1994-жылы салмагын 128 кг. га чейин түшүрө алган. Ал эми Улуу Британияда туулган Мюриэл Хопкинс айым 47 жашында бою 1,80 см. болуп, 278 кг. салмакка ээ эле. 1971-жылы анын салмагы 301 кг. га жеткен.
Мындай салмак үч уктаса түшүнө кирбегендер да жашап өткөн. Андайлардын катарында Англиялык Хопкинс аттуу «мырза» жана Мексикалык Лючия Сарате айым бар. Хопкинс жети жашында 8,6 кг. болсо, 17 жашында (ушул жашта өлгөн) болгону 6 кг. салмакта болгон. Ал эми Лючия Сарате айым эргежээлдердин катарына кирген, б.а. 17 жашында бою 67 см., салмагы 2,13 кг. болгон. Жашы жыйырмага келгенде ал бир топ «семирип» калган эле. Себеби, ошол учурда ал түшкөн тараза 5,9 кг. ды көрсөткөн.
Даярдаган: Бакыт Жунусалиев.
Материалдар интернет барактарынан даярдалды.