Он үчүнчү сан

Көрүстөн зыяратына байланышкан маселелер
Мазмуну
Абдуррахман Хачкалы
Көрүстөнгө зыярат кылуу (баруу) мүмкүнбү?
Тартибине, адебине жараша көрүстөнгө зыярат кылуу эркектер үчүн мустахап, аял кишилер үчүн уруксат. Такыбаа адамдардын, ата-эненин жана жакын туугандардын көрүстөнүнө зыярат кылуу мандуп (жакшы иш) болуп саналат.
Ислам дини жаңыдан гана телчигип келаткан жылдары, б.а. тавхид (Алла Тааланы жалгыз деп билүү) ишеними жакшы тамыр алалбай, бутпарастык ырасымдар күчүндө турган кезде Азирети Пайгамбарыбыз көрүстөнгө зыярат кылууга тыйуу салган болучу. Бирок белгилүү бир убакыттын өтүшү менен буга уруксат берген. Куттуу хадистердин биринде төмөнкүчө буюрулат: «Силердин көрүстөнгө зыярат кылууңарга тыйуу салган элем. Эми мындан ары зыярат кыла берсеңер болот» (Муслим, Жанаиз, 106; Абу Давуд, Жанаиз, 77; Тирмизи, Жанаиз, 7; Насаи, Жанаиз, 100; Ибни Маажа, Жанаиз, 47; Ахмад бин Ханбал, I, 147, 452). Асыресе, Азирети Пайгамбарыбыз уулунун көрүстөнүнүн жанында ыйлап жаткан бир аялга сабыр кылуусун өтүнүп, ага эч кандай тоскоол болгон эмес (Бухари, Жанаиз, 7, Ахкам, 11; Муслим, Жанаиз, 15). Ошондой эле хадис китептердин биринде Азирети Аиша да бир тууганы Абдуррахман бин Абу Бакирдин көрүстөнүнө зыярат кылгандыгы жөнүндө айтылат. (Тирмизи, Жанаиз, 61)
Көрүстөн зыяратында, тилекке каршы, убакыттын өтүшү менен маркумдардан жардам тилөө, алтургай аларга жалынып-жалбаруу, табынуу сыяктуу Ислам динибизге түк шайкеш келбеген ырасымдар жүзөгө ашып келген. Исламдын алгачкы жылдары Азирети Пайгамбарыбыздын көрүстөнгө зыярат кылууга тыйуу салышынын бирден бир себеби дал ушул болучу. Караңгылык доорунда көрүстөндөргө табынып, алардан жардам сурап, буттарга (идол) сыйынуу кеңири кулач жайган. Агезде жөөттөр да, христиандар да өздөрүнчө ыйык деп эсептешкен адамдардын көрүстөндөрүн сыйынуучу жайга айландырып алышкан. Бутпарастык атактуу адамдардын айкелине сый-урмат, таазим этүүдөн башталып, натыйжада бул сый-урмат аларга табынууга алпарган. Дин Исламдын максаты тавхид ишенимин жайуу, Жалгыз Жараткан Алланы гана даңазалоо, Жалгыз Өзүнө гана сыйынуу, Өзүнөн гана кечирим тилөө.
Көрүстөн зыяратынын адеби деген эмне?
Көрүстөн зыяратынын адеби төмөнкүчө:
- Даарат. Көрүстөнгө даарат алып баруу.
- Акырет жашоосун, түбөлүк жашоо жөнүндө ойлоо, бу дүйнөнүн утурумдук гана жай болгондугун, белгилүү убакыттан кийин өзү да мына ушул кара топуракка кирерин унутпоо.
3. Көрүстөн зыяраты сөзсүз түрдө эле көрүстөндүн жанына чейин барып, ага кол тийгизип, сылоо эмес. Көрүстөндөн бираз окчун туруу дурус.
4. Мүрзөгө барганда Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) үйрөткөндөй салам берүү: «Эй, момун-мусулмандар аймагынын эли! Силерге салам (тынчтык, бейпилдик) болсун! Кудай буюрса, биз да силерге кошулабыз. Жалгыз Алла Тааладан бизге да, силерге да кечирим тилейм!» (Муслим, Жанаиз, 104; Ибни Маажа, Жанаиз, 36).
5. Көрүстөндөгү маркумдар үчүн да, жаамы мусулмандар үчүн да Алла Таалага алакан жайа дуба кылуу.
6. Көрүстөндө жаткан маркумдардын жашоосунан сабак алуу. Эгер чоң Ислам аалымы болсо, кантип Алланын жолунда жанаракет кылып илим алгандыгын, элге кандай жакшылыгы тийгендигин ойлоп, алардан үлгү алуу.
Көрүстөн зыяратына барганда эмнелерге тыйуу салынат?
Бул жерде эң негизги мынабу «тавхид ишенимине шайкеш келбеген, адамды Алла Таалага шерик кошууга алпара турган жагдайлардан оолак болуу» деген эрежени эсибизге түйүп алуубуз керек. Буга эң биринчилерден болуп маркумдан жардам тилөө кирет. Ислам дининде жардам жалгыз Алладан гана суралат.
- Зыярат кылуу учурунда мүрзөдө намаз окууга болбойт. Мүрзөнү мечитке айландырбоо керек. Ошондой эле көрдүн үстүнө шам жагууга да тыйуу салынат (Муслим, Жанаиз, 98; Абу Давуд, Салат, 24; Тирмизи, Салат, 236).
- Көрдүн үстүнө отуруу да макирөө болуп саналат (Муслим, Жанаиз, 33; Тирмизи, Жанаиз, 56).
- Көрүстөндүн жанында дуба кылына турган болсо, башка учурдагыдай эле жалгыз Алла Таалага гана алакан жайа дуба кылып, кечирим суроо керек. Маркумдардан бир нерсе талап кылуу, суроо такыр туура эмес. Маселен, «ата-бабалардын арбагы колдосун» деп айтуу сыңары. Бул тавхид ишенимине дал келбейт. Ошону менен бирге сырттан караган адамдын туура эмес түшүнүп «маркумдан жардам сурап жатат» деген ойдо калышына себеп болбоо керек.
- Көрүстөн зыяраты учурунда үндү бийик көтөрүп, өкүрүп-бакырып ыйлабоо керек.
- Азирети Пайгамбарыбыздын көрүстөнүнүн темирлерине асылып алып аны өпкүлөө такыр туура эмес.
- Көрүстөндө зыяраттын тартибине дал келбеген сөздөрдү айтуудан, ошондой эле ачууланып бой көтөргөн таризде басуудан этият болуп, адеп сактоо керек (Насаи, Жанаиз, 100; Тирмизи, Жанаиз, 46).
- Мүрзөнүн ичинде жеңил же оор даарат ушатуудан оолак болуу зарыл (Насаи, Жанаиз, 100; Ибни Маажа, Жанаиз, 46). Мүрзөнүн өсүп турган чөбүн чабуу, бак-дарактарын кыйуу макирөө болуп эсептелет. Ошону менен катар мүрзөнү тартипке келтирүү үчүн мүрзөдөгү чөптөрдү, бак-дарактарды каңгып кургап калганда чаап-кыйса болот.
- Маркумдун ыраазылыгын алып, андан жардам үмүтөтүү үчүн мал союп курманчылык кылуу кескин түрдө арам иш болуп саналат. Анткени курманчылык - бул ибадат. Ал эми ибадат болсо Жалгыз Алла Таалага гана кылынат. Малды көрүстөнгө алпарып, ошол жерде курманчылык кылуу Алла үчүн болсо дагы макирөөлүккө жатат. Анткени бул аракет элди туура эмес түшүнүккө түртүп, жат жосунга айланып кетиши толук ыктымал.
- Бүгүнкү күнү айрым жерлерде көрүстөндөрдү Каабаны таваф кылгандай айлангандар бар. Мындай аракет күнөө болуп, андан сөзсүз түрдө алыс туруу кажет.
-Маркумдардан, арбактардан жардам тилөө ниети менен көрүстөндөргө, бак-дарактарга чүпүрөк байлоо адамга зыянынан башка пайда алып келбейт. Көрүстөнгө, күмбөзгө кол тийгизүүнүн эч кандай пайдасы жок. Бул туура эмес. Айрым бир көрүстөн-күмбөздөрдүн ооруларга шыпаа алып келерине ишенүү жана ошол жердеги таш, топурак, бак-дарактарды ыйык деп эсептөө Ислам динине эч шайкеш келбейт.
- Мусулман аялзаты сыртка чыгуу учурунда шариятта көрсөтүлгөн таризде кийинүүсү керек. Айтайын дегенибиз, көрүстөнгө да жарым жылаңач баруудан оолак болуп, шариятта көрсөтүлгөндөй кийинип баруу кажет. Шариятка ылайык келбеген таризде кийинип баруу ал жердеги маркумдардын да тынчын аларын унутпашыбыз керек. Күнөө менен сооп бир жерде болбойт. Мусулман баласы эң ириде арам жана күнөө иштерден оолак болушу кажет.
- Көрүстөнгө зыярат кылууну диндин абдан маанилүү шарты катары кабылдабоо керек. Ашыкча маани бербөө керек. Себеби артка кылчайып тарыхка назар салсак, мына ушул көрүстөн зыяраты себептүү Ислам динибизге эч коошпогон көптөгөн адаттар, жат жосундар пайда болгон.
- Ошондой эле көрүстөнгө зыярат кылууну динибиздин орчундуу озуйпасы катары да көрбөө керек. Мусулман адамдын парз-важип өкүмүндөгү милдеттерин орундатпай калышына көрүстөнгө зыярат кылуу иши тоскоол болбошу керек.
Көрүстөнгө зыярат кылуунун пайдалары эмнелер?
Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын көрүстөнгө зыярат кылууга уруксат беришинин бир топ себептери бар. Ырас, көрүстөнгө зыярат кылууда көзү тирүүлөр үчүн да, маркумдар үчүн да көптөгөн жакшылык-пайдалар бар. Алланын акыркы Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) да кезегинде Меккеге баратканда апасы Аминанын көрүстөнүнө зыярат кылып ыйлаган. Анда тегеректеп отурган кутман сахабалары да көз жашын чуурутпай кое алышкан эмес.
Көрүстөнгө зыярат кылуунун пайдаларын төмөнкүчө тизмектөөгө болот:
а. Адамга өлүмдү, акыретти эсине түшүрүп, акырети үчүн кам көрүшүнө себеп болот.
б. Адамды такыбаалыкка багыттайт. Байлыкка болгон ашкере сүйүүнү басаңдатат. Мал-дүнүйөнү адал жол менен топтоп, шарият боюнча (адал жолдорго, мисалы үй-бүлөнү багууга) сарптоого, арам иштерден оолак болууга, жакшылык иштерди көп жасоого түртөт.
в. Алланын сүйүктүү пенделеринин көрүстөндөрүнө, өзгөчө Азирети Пайгамбарыбыздын көрүстөнүнө адепке ылайык зыярат кылуу жанга бейпилдик тартуулайт. Азирети Пайгамбарыбыздын көрүстөнүнө зыярат кылуу үчүн сапарга чыгуу мандуп болуп саналат. Хадистердин биринде: «Ким мен көз жумган соң мага зыярат кылып келсе, мага тирүү кезимде келгендей болот» деп буюрулат.
г. Көрүстөнгө зыярат кылуунун иридеги максаты ал жердеги маркум үчүн, өзү үчүн жана бүтүндөй мусулмандар үчүн да Жараткан Аллага гана алакан жая кечирим тилөө, алардын жакшылыгын тилөө. Зыярат учурунда маркумдардын кечирилиши үчүн Аллага дуба кылып, Куран окуп, жакшылык иштердин сообун багыштоо абзел. Дуба кылып кечирим тилөөнүн маркумдар үчүн пайдалуу болоруна мынабул аят далалат кылат: «Оо, Жараткан! Бизди жана ыйманы менен бизден мурун көз жумгандарды кечире көр... ыйман келтиргендерге карата жүрөгүбүзгө кыпындай да кек (жаман ой) калтыра көрбө...» (Хашр, 10).
Көрүстөнгө көчөт отургузуу өзүнчө сооп иш. Отургузулган көчөт же өсүмдүк маркумдун азабынын жеңилдешине себеп болору жөнүндө хадистерде айтылган. Христиандар сыяктуу көрүстөнгө «венок» алып баруу болбойт.
Маркумдар тирүүлөрдү угабы?
Көрүстөн зыяраты учурунда көрүстөндөгү маркумдун уккандыгы жана берилген саламды алары хадистер менен тастыкталган.
Абдуллах бин Умардын кабарлаганы боюнча, Азирети Пайгамбарыбыз Бадр казатынан кийин казатта өлгөн Курайштын атка минерлеринин өлүктөрүнө үн салып: «Жаратканыңар убада кылган азаптын чындык экенин эми түшүндүңөрбү?» деген эле. Азирети Умардын: «Эй, Алланын Элчиси! Бул сезими жок өлүктөргө да үн катасызбы?» деген суроосуна Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам): «Силердин угууңар булардын угуусунан жогору эмес. Бирок булар жооп бере албайт» (Ахмед бин Ханбал, II, 121) деп жооп берген экен.
Куран окуп, сообун маркумдарга багыштоо жөнүндө аалымдардын пикири кандай?
Жалпыга маалым болгондой, Куран окуу - бул ибадаттын катарына кирет. Көрүстөн зыяраты өлүмдү, сурак берчү күндү эске салат. Бул темага байланыштуу «Фатва-и Хиндиййа» китебинде: «Маркумду жерге койгондон кийин көрүстөндүн жанында отуруп Куран окуу жана маркум үчүн дуба кылуу мустахап (жакшы иш) болуп саналат» деп жазылат. Имам Азамдын окуучусу Имам Мухаммеддин пикиринде, көрүстөндө Куран окуу макирөө эмес. Көпчүлүк аалымдар ушул көз карашты кабылдашат. Окулган Куран маркумга пайдалуу (ал-Фатавал-Хиндиййа, Бейрут, 1400, I, 166). Куран окуу чоң ибадаттардан болуп саналат. Азирети Пайгамбарыбыз Курандын ар бир тамгасы үчүн он жакшылык / сооп болгондугун айткан. Куран жалгыз Алланын ыраазылыгы үчүн окулса, ибадат болот. Куран окуу үчүн акча талап кылуу такыр туура эмес көрүнүш. Анткени ибадат акча үчүн орундалбайт (Имам Сарахси ал-Мабсут, Бейрут, IX, 37).